ОКУУ - УСУЛДУК ИШТЕР
_____________________________________________________________________________________________________________ ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары коллдежинин окуу- усулдук кеңешинин № 9 Күн тартибинде каралган маселелер:1.2-аралык текшерүүүн жана жыйынтыктоочу тесттик материалдардын даярдыгы (ОМК төрайымдары). 2.ОшМУнун “Заманбап окуу басылмасы” конкурсуна окуулуктарды сунуштоо. 3.2024-2025-окуу жылындагы дисциплиналарга даярдалган силлабустарды карап чыгуу. 4.Ар түрдүү маселелер (семинарлар, ачык сабактар, илимий иш-чаралар, олимпиадалар).


____________________________________________________________________________________________________ 23.04.2025-ж. Эл аралык билим берүү программалары колледжинде ОшМУнун заманбап окутуучусу конкурсунун ЖОБОсунун негизинде “Заманбап окутуучу-2025" сынагынын катышуучусу жана 2-турдун жеңичүүсү коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Тургунбаева Г.С. "Наречие как часть речи" темасында МДс 9-1-24 (медиалингвистика, эксп.) агымына практикалык сабагын ОСжМКБнын эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө өтүп берди. Сабактын акыры ар бир эксперттик комиссиянын мүчөсү өз ой-пикир жана сунуштарын айтуу менен жыйынтыкталды .


02.04.2025-ж.Эл аралык билим берүү программалары колледжинин профессордук-окутуучулук составы: Нишанов Ч.Б., Киргизбаева Т.А., Кадырбекова Г.К., Тургунбаева У.Ж. биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды, ошондой эле чет тилдерди окутуу боюнча окуу материалдарын иштеп чыгууда мындан аркы ийгиликтүү кызматташуу максатында «Анжиян облусунда котормочуларды даярдоо жана чет тилдерди окутуунун алдыңкы ыкмаларын иштеп чыгуу маселелери» аттуу эл аралык конференцияга катышуу үчүн Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтуна чакырылып, катышып келишти.


Эл аралык билим беруу программалары колледжинин структуралык тузумдөрундө (бөлүмдөрдө) ЖОБОнун негизинде “Заманбап окутуучу-2025”, “Заманбап лектор-2025”, “Педагогикалык дебют-2025”конкурстары өткөрүлдү.Конкурстун максаты: 1. Билим берүүдөгү жаңы технологияларды натыйжалуу колдонууну жайылтуу; 2. Педагогикалык ишмердүүлүккө чыгырмачылык менен мамиле жасаган, таланттуу окутуучуларды аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү; 3. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды аныктоо, жайылтуу жана студенттер менен иштөөнүн эффективдүү жолдорун аныктоо; 4.Педагогдордун өз ара кызматташуу, баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү; 5. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу жана студенттер менен иштөөнүн эффективдүү жолдорун аныктоо.Конкурсту акыйкаттыкта өткөрүү үчүн атайын №8 17.12.2024 буйруктун негизинде эксперттик топ түзүлдү. Төрайымы: Султанбаева М.Ж. Мүчөлөрү: 1.Ч. Нишанов 2.Жумабаева А. 3.Рыскулова Н. 4.Мадалиева Э. 5.Тургунбаева У. 6.Киргизбаева Т. 7.Жороева А. 8.Суюнбекова А. болушту. Конкурстун катышуучулары: “Заманбап окутуучу-2025” Тургунбаева.Гудьмира ( коомдук дисц. бөлүмү, орус тили)  “Заманбап окутуучу-2025”- Ниезов Асилбек ( котормо иши бөлүмү, араб тили) 2. “Педагогикалык дебют-2025”- Тагайкул к Элмира (котормо иши бөлүмү, англис тили) “Педагогикалык дебют-2025”- Пахырова Жылдыз (чет тили бөлүмү, немец тили) “Педагогикалык дебют-2025”- Шайлообек к Мартгүл (чет тили бөлүмү, англис тили)  “Педагогикалык дебют-2025” Аманова Айгерим (котормо иши бөлүмү, кытай тили) 3. “Заманбап лектор-2025”- Назарова Айнура ( котормо иши бөлүмү, кытай тили)


ОшМУнун эл аралык билим беруу программалары колледжинде мугалимдик ыйык кесипке алгачкы кадамын таштап багыт алган жаш окутуучулардын кесибине болгон кызыгуусуна шык берип, ыйык кесипти аркалоодо чыгармачылык дем беруу максатында, тажрыйбалуу окутуучулар окутуудагы алдынкы тажрыйбаларынан белушушту. Семинарга катышкан жаш окутуучулар ар бир сунушталган усул-ыкмалар боюнча кызыктырган суроолорду беришип, жигердуу катышышты. ЭАББПКнын окуу- методикалык кенеши жаш окутуучуларга жакындан жардам керсетуу максатында мындай семинарлар байма- бай уюштурулуп турарын белгиледи. В колледже международных образовательных программ ОшГУ, для повышения интереса молодых преподавателей к профессии педагога и вдохновления их к творческой деятельности, опытными преподавателями был проведен методический семинар. Молодые преподаватели, присутствовавшие на семинаре, принимали активное участие, задавая интересные вопросы о каждом предложенном методе. В учебно-методическом совете КМОП отметили, что подобные мероприятия будут организовываться регулярно с целью оказания продуктивной помощи молодым педагогам. ‎ In the College of International Educational Programs of Osh State University, experienced teachers hold methodological seminars to increase the interest of young teachers in the teaching training and inspire them to creative work. Young teachers who attended the seminar take an active part, asking interested questions about each proposed method. The educational and methodological council of the CIEP notes that such events will be organized regularly to provide productive assistance to young teachers.