Бөлүмдүн маданий-тарбиялык жана коомдук ишмердүүлүгү







Финансы- юридикалык колледжинин окутуучусу Б.Мамазаитова БДК -2-тайпасынын студенттери менен "Өчпөс отко гүл коюу" иш чарасын аткарышты.


22-февраль күнү ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин студенттери менен биргеликте окутуучу Кулушева А. Экопульс эл аралык форумуна катышып, Юнеско тарабынан коргоого алынган Сулайман тоого 1000түп көчөт отургузууга катышып келдик. ФЮКтун УКИК-3-24, УКК-2-24 жана ЭБК-2-24 тайпасынан активдүү катышышты


3-июнь күнү Ош шаарындагы ЭлТР улуттук телерадиокомпаниянын "Көз караш " телеберүүсүнө конок катары ЭАББПКнын окутуучусу Кулушева Айбарчын Токтомаматовна конок катары чакырылды.Бул берүүдө коомдогу актуалдуу маселелер, зордук-зомбулук жана үй-бүлөдөгү чыр-чатактар жана анын себептери жана чечүүнүн жолдору жөнүндө сөз болду.


23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү Бүгүн бардык билим берүү мекемелеринде китеп майрамына арналган иш-чаралар өткөрүлүп, окурмандардын рух казынасын баалай турган күн болду. Китеп - жан дүйнөнүн азыгы эмеспи. Бул күнү биздин студенттер да Н. Сеитбекова жана Нурлан к Аселдин жетекчилиги менен иш-чарага активдүү катышышты.


Ким барктаса өз энесин, өз тилин, Баалай билет, дүйнө элдеринин көп тилин. Бүгүн, 24-февраль Коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Индустриалдык-педагогикалык колледжинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган "Эне тили - ар улуттун сыймыгы" аттуу маданий-музыкалык иш-чара өткөрүштү. Иш-чараны ИПКнын гум-пед. бөлүмүнүн башчысы, доцент Анарбаева Г.А. ачып берип, таланттуу студенттердин өнөрлөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Активдүү катышкан студенттер үчүн ыраазылык каттар тапшырылды. Тарбия иштери боюнча жооптуу Ажиматова Нурзат эжекеге да ыраазычылык билдиребиз.


Бүгүн 30 майда медколледжде СД11-2-24 тайпасында орус тили окутуучусу Д.С.Акматованын жетекчилиги астында "Лингвиния"кружогунун жыйынтыктоочу сабагы болуп өттү .


2024-жылдын 6-декабрында кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата медициналык колледжинин 1-курстарынын арасында "Айтматов ааламы- сынакта" аталышындагы акыл таймашы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр медициналык колледжинин I, II, III даражадагы дипломдору, ыраазычылык баракчалары, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Таймаш ЭАББПКнын коомдук дициплинары бөлүмүнүн окутуучулары Кызбурак Муратбаева, Асылгүл Орунбекова жана Жумабек кызы Гүлкан эжекеле тарабынан уюштурулду.


Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 26-апрель күнү Улуу Ата-Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата "Акыл ордо" интеллектуалдык оюну болуп өттү. Интеллектуалдык оюнга мобилдүүлүк программасы менен келген К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышып, мыкты оюн көрсөтүштү. Интеллектуалдык оюн Коомдук дциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Алмаз уулу Амалбек тарабынан уюштурулду


12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата студенттер үчүн тарбиялык жана билим берүүчү иш-чара уюштурулду. Бул күндүн алкагында Нурлан кызы Асел жана Камчы кызы Бурулай эжекелердин жетекчилиги менен студенттер Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине сабак-саякатка барышты. Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын улуттук адабиятка, маданиятка жана тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, тарыхый мурастарга болгон урмат-сыйды калыптандыруу болду. Музейдеги экскурсия учурунда студенттер ата-бабалардан калган баалуу тарыхый эстеликтер, археологиялык табылгалар жана улуттук маданиятты чагылдырган экспонаттар менен жакындан таанышып, кыргыз элинин тарыхый өнүгүү жолуна дагы бир ирет көз жүгүртүштү. Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, патриоттук сезимин күчөтүүгө чоң өбөлгө болору талашсыз.


ИПКнын башталгыч класстарды окутуу адистигинин студенттерине Г. Акишева, М. Апышева, Ж. Курбаналиева эжекелер "Саламдашуу адеби, улуттук баалуулуктар, сүйлөө маданияты" деген темаларда мастер класс өтүштү.


“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында ОшМУнун медициналык колледжинде 2024-жылдын 23-октябрында “Мекеним – менин тапкан алтын энем” аттуу көркөм окуу сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Сынакта медколледждин таланттуу студенттери мекенди, кыргыз тилин даңазалаган ырларды көркөм айтышып, мыкты катышуучулар калыстар тобунун тандоосу менен тандалып, медициналык колледждин Диплому жана Ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты. Сынак ЭАББПКнын коомдук дициплиналары бөлүмүнүн окутуучулары К.Муратбаева, А.Орунбаева, Жумабек кызы Гүлкан тарабынан уюштурулду.


2024-жылдын 24-сентябрында ОшМУнун медициналык колледжинде Мамлекеттик тилибиздин улуттук тил катары кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата "Кыргыз тили-нускалуу тил. кутман тил, Кыргыз тили көркөм дүйнө дастан тил" аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Концерттик программада медициналык колледжинин ар тараптуу чыгармачыл, таланттуу студенттери тарабынан Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптары көркөм окулуп, күпүлдөтө Манас айтылып, кыздардын кыргыз бийи, сыбызгыган комуздун күүсү менен коштолгон айтыш, жандуу ырлар ырдалды. Улуттук уңгубузду алып жүргөн көркөм, сулуу тилибиз! Көөнөрбөсүн, бөксөрбөсүн эч качан! Кече медициналык колледжинин кыргыз тили окутуучулары Муратбаева Кызбурак, Жумабек кызы Гулкан эжекелер тарабынан уюштурулду уюштурулду.


Нооруз майрамына карата 2025-жылдын 19-мартында STEM инновациялык колледжинде окутуучулардын арасында “НООРУЗ КӨРКҮ – САРМЕРДЕН” аталышында кыз-жигит оюну болуп өттү. Аны кыргыз тилчи окутуучулар Г. Сулайманова, И. Юсупова, Д. Абдимажит кызы уюштурду. Окутуучулук курам өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, активдүү катышып, оюндун көркүн ачышты. Аягында катышуучулар директорат тарабынан диплом, ыраазычылык кат менен сыйланышты.




8- Март - Аялдардын Эл аралык күнүнө карата, ЭББПКда окутуучулар арасында "Акыл ордо" интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка 5 команда катышып, жыйынтыгында 1-2-3- орундарга дипломдор, кызыктыруучу белектер тапшырылды.


2025-жылдын 21-февралында Эл аралык билим берүү программалары колледжинин орус жана англис тилдеринин мугалимдери Финансы-юридикалык колледжинде Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүштү.


2025-жылдын 6-февралында орус тили жана адабияты мугалимдери Финансы-юридикалык колледжинин студенттери арасында орус элинин «Масленица» майрамына арналган иш-чара өткөрүштү. Иш-чара орус элинин бийлери, ырлары, бийлери менен коштолду. Конокторго жана катышуучуларга улуттук, даамдуу куймактар ​​тартууланды. Иш-чаранын уюштуруучулары: КМОПтун окутуучулары Кайназарова А.П., Жапаров Г.К., Ташматова Г.Т., Джороева А.Т., Давлятова Б.С., Кокчаев К.А.


ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 20-март Нооруз майрамы өткөрүлдү. Иш- чаранын алгачкы бөлүгүндө таланттуу окутуучулар жана студенттердин катышуусунда концерттик программа болуп, экинчи бөлүгүндө сүмөлөк кайнатылып, жалпы жамаатка ооз ачар уюштурулду. Уюштуруу тобу: Коомдук дисциплиналар бөлүмү.


Адеп башаты – саламдашуу Финансы-юридикалык колледжинин 1-курстарына "Адеп башаты - саламдашуу" аталышына семинар уюштурулду. Семинарды окутуучу А. Айтманбетов жогорку деңгээлде өтүп берди.


27-Май - Китепканалар күнүнө карата ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин “Бийиктик” жана финансы-юридикалык колледжинин “Кеменгер” ийриминин студенттеринин арасында Акыл таймашын өткөрдүк. 3 баскыч суроолор берилип, жыйынтыгында ИПКнын командасы жеңүүчү аталды. Максат - студенттерди китеп окууга үндөө, эл алдында эркин сүйлөөгө машыктыруу, достук мамилени чыңдоо.


Коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Д. Акматова, Д. Ташматова, Н. Ашымова, Д. Обозова жеңиштин 80 жылдыгынын урматына медайымдардын Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы ролуна арналган гүл коюу аземин өткөрүштү
















12-февралда коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу А.Айтманбетов табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун туризм адистигинин 1-курсунун студенттерине "Учурашуу адеби" аттуу семинар өттү.


21-февраль күнү STEM инновациялык колледжинде кыргыз тилчилер тарабынан даярдалган Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата "Эне тил - улут сыймыгы" деген маданий-музыкалык иш-чара болуп өттү. Жыйынтыгында колледждин директору Б. Абдылакимова иш-чарага активдүү катышкан студенттерди ыраазычылык каттар менен сыйлады.