


Жалал-Абад мамлекеттик университетинде А. Осмоновдун 110 жылдыгына карата уюштурулган " Кыргыз тили - кыргыз көркөм адабиятынын тили" аттуу конференция болуп, Н. Сейитбекова, Ж. Курбаналиева, Г. Акишева эжекелер өздөрүнүн макаласы боюнча баяндама жасашып, сертификаттарга ээ болушту.


Ж.Баласагын атындагы КУУнун Ош шаарындагы Гуманитардык-табигый илимдер факультетинде “ Ж. Баласагындын “Куттуу билим” поэмасынын руханий орду” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда М.Апышова, Н. Сейитбекова, Ж. Курбаналиева, Г. Акишева, К Темиркулова, Нурлан кызы Асел эжекелер өздөрүнүн баяндамаларын жасашып, сертификаттарга ээ болушту.



27.11.2024ж.ЭАББП колледжинде "Илимий изилдөөлөр жана адам ресурстары" боюнча жооптуу А.А Назарова жана коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары: К. Бурулай кызы, А. Тагайбек кызы тарабынан уюштурулган илимий семинар болуп өттү. Семинар "Илимий макала кантип жазылат жана анын изилдөө усулдары"деген темада болду. Семинардын максаты окутуучуларды илимий даражасын жогорулатууга багытталган. Семинардын сыйлуу коногу ОшМУнун доценти, белгилүү илимпоз, т.и.к., доцент А.К.Мурзакметов болду. Семинарда окутуучуларга макаланын темасын туура тандоо, иш планды туура түзүү боюнча маалыматтар берилди.Окутуучуларды кызыктырган суроо-жооп менен аяктады.


ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ Агартуучулардын жолу менен Бүгүн, 22-октябрь күнү, ОшМПУда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими С. Алайчиевдин элесине арналган "Агартуучулук - билим берүү өзөгү" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кесиптешим Жумабек кызы Гүлкан менен аталган конференцияда баяндама жасадык. Бул иш-чара эл аралык деңгээлде уюштурулгандыктан Өзбекстан, Казакстан, Россиядан өкүлдөр келип, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

