







Бүтүрүүчүлөр менен онлайн жолугушуу болуп өттү
2025-жылдын 17-январында ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары колледжинин чет тили бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү менен онлайн жоолугушуу болуп өттү.
Аталган онлайн жолугушууга ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору Маткалыков Азирет-Али Салайдинбекович, ЭАББПКнын окуу иштери боюнча директордун орун басары Нышанов Чубак Байышович катышып, бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун миссиясы жана ЭАББПКнын миссиясы, стратегиялык планы тууралуу кенен маалымат беришти. Жолугушуунун соңунда бүтүрүүчүлөргө угулган маалыматтар боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү.
Жолугушуунун негизги максаты билим берүүнү өркүндөтүү үчүн бүтүрүүчүлөр
менен кызматташуу, жаш адистерге көмөк көрсөтүү жана байланышты бекемдөө
менен бирге бүтүрүүчүлөрдү колледждин коомдук иштерине тартуу болуп
саналат.
Жолугушуу Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын жооптуусу Жумабек кызы Жазайым
тарабынан уюштурулду.


