


2025-жылдын 17-январында ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары колледжинин чет тили бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү менен онлайн жоолугушуу болуп өттү. Аталган онлайн жолугушууга ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору Маткалыков Азирет-Али Салайдинбекович, ЭАББПКнын окуу иштери боюнча директордун орун басары Нышанов Чубак Байышович катышып, бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун миссиясы жана ЭАББПКнын миссиясы, стратегиялык планы тууралуу кенен маалымат беришти. Жолугушуунун соңунда бүтүрүүчүлөргө угулган маалыматтар боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү. Жолугушуунун негизги максаты билим берүүнү өркүндөтүү үчүн бүтүрүүчүлөр менен кызматташуу, жаш адистерге көмөк көрсөтүү жана байланышты бекемдөө менен бирге бүтүрүүчүлөрдү колледждин коомдук иштерине тартуу болуп саналат. Жолугушуу Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын жооптуусу Жумабек кызы Жазайым тарабынан уюштурулду.



БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ СЕМИНАР Бүгүн, 17-декабрь күнү ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалар колледжинде 2024-2025-жылкы бүтүрүүчүлүрү үчүн “Американын кыялы жана билим алуу” аттуу семинар уюштурулду. Аталган семинарды Америка элчилигинин англис тили боюнча стипендиантты Erik Rosales өтүп берди. Ал академиялык жана кесиптик алмашуу программалары жөнүндө презентация жасап өзүнүн өмүр жолу тууралуу кенен баяндама жасады. Семинарга колледждин 3-курстун (9 база), 2-курстун (11 база) бүтүрүүчү курсунда окуган студенттер катышты. Семинардын жүрүшүндө студенттер чет өлкөдө билим алуу, жумуш оруундары менен камсыз болуу маселелери боюнча берген суроолоруна канааттандыраарлык маалымат алышты. Соңунда семинардын уюштуруучулары Erik Rosalesге ыраазычылыктарын билдирди.



