Кафедранын кызматы, максаттары жана милдеттери

Кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасы университеттин кылмыш-жаза укугу, кылмыш-жаза процесси, прокурордук көзөмөл жана криминалистика багыттарында билим берүү, илимий-изилдөө, окуу-методикалык жана тарбиялык иштерди жүзөгө ашыруучу окуу-илимий түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты – «Юриспруденция» багыты боюнча адистерди сапаттуу кесиптик даярдоо, студенттерде юридикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон фундаменталдык теориялык билимдерди, туруктуу практикалык көндүмдөрдү жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруу болуп эсептелет. Өзгөчө көңүл сот жана укук коргоо органдары, прокуратура органдары, адвокатура, ошондой эле мыйзамдуулукту, укуктук тартипти камсыз кылуу жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого бурулат.

Кафедранын миссиясы:

Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын миссиясы – терең теориялык билимдерге, практикалык көндүмдөргө, жогорку укуктук маданиятка жана кесиптик этикага ээ болгон, атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу жана социалдык жоопкерчиликти сезген юрист адистерди даярдоо. Кафедра кылмыш-жаза укугу жана кылмыш-жаза процессуалдык циклиндеги дисциплиналар, прокурордук көзөмөл жана криминалистика боюнча сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга, келечектеги юристтерде кесиптик укуктук аң-сезимди, мыйзамды урматтоо сезимин, адилеттүүлүк, гумандуулук жана укуктун үстөмдүгү принциптерин калыптандырууга умтулат. Кафедранын миссиясынын маанилүү бөлүгү болуп юридикалык илимди өнүктүрүү, актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту, укуктук тартипти жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу системасын чыңдоого көмөк көрсөтүү саналат.

Кафедранын ишмердүүлүгүнүн максаты:

Кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – юридикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, алган билимдерин кесиптик ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдоно алган квалификациялуу адистерди даярдоо, ошондой эле кафедранын илимий потенциалын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын укуктук системасын өркүндөтүүгө салым кошуу болуп саналат. Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн кафедра төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырат: • кылмыш-жаза укугу, кылмыш-жаза процесси, криминалистика жана прокурордук көзөмөл жааттарында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу юридикалык илимди өнүктүрүү; • «Юриспруденция» багыты боюнча зарыл болгон кесиптик компетенцияларга ээ жана практикалык юридикалык ишмердүүлүккө даяр квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдоо; • илимий талдоонун, укук колдонуу практикасын изилдөөнүн жана мыйзамдардагы орун алган кемчиликтерди аныктоонун негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын өркүндөтүү.