2024-2025 окуу жылы
В рамках недели психологического здоровья на медицинском факультете ОшГУ прошла встреча студентов медицинского факультета с командой психологов университета под руководством д.п.н., профессора Жолдошевой А.О. Мероприятие было организовано с целью повышения уровня психоэмоционального благополучия будущих медиков, а также формирования устойчивых навыков саморегуляции и стрессоустойчивости. Психологи ОшГУ провели интерактивную лекцию и тренинг, на котором рассказали о распространённых психологических трудностях, с которыми сталкиваются студенты, особенно в условиях интенсивной учебной нагрузки. В ходе встречи участники узнали о методах борьбы с тревожностью, выгоранием и переутомлением, а также приняли участие в практических упражнениях по релаксации и самоподдержке. Особое внимание было уделено важности своевременного обращения за психологической помощью, разрушению стереотипов о психическом здоровье и развитию эмпатии в профессиональной деятельности. Студенты выразили благодарность за возможность открытого диалога.


Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын Универсиадасында. Медицина факультетинин эки студенти. Аширбек уулу Нурсултан 65 кг 1-Даражадагы диплом. Юлдашев Алмаз 92 кг чыгып 3-даражадагы дипломго ээ болушту!


2025-жылдын 15-апрелинде медицина факультетинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын атайын адистери тарабынан окуу-машыгуу, усулдук-методикалык сабактар өткөрүлүп, практикалык иш-чаралар уюштурулду. Бул иш-чаралардын натыйжасында студенттер жана окутуучулар өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча жогорку деңгээлде даярдыкка ээ болушат, бул болочокто жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз салым кошот. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын атайын адистерине терен ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалайбыз


Наш студент 4 курса специальности «Лечебное дело», Саматов Абдуллох , стал победителем международного конкурса «Лучший студент СНГ»! Конкурс, организованный Национальным инновационным научно-исследовательским центром «Bilim-orkenieti» совместно с Республиканским инновационным центром «Жана Казакстан», высоко оценил вклад Абдуллоха в развитие молодежной политики стран СНГ. Он был награжден дипломом I степени, памятным знаком, удостоверением и кубком. Мы искренне поздравляем Абдуллоха с этим выдающимся достижением! Желаем Абдуллоху новых успехов и свершений на его профессиональном пути!


19.03.2025- жылы медицина факультетинде Нооруз майрамына арналган, маданий иш-чара болуп өттү. Нооруз майрамынын алкагында факультеттин студенттери жана окутуучулары майрамдык концерт, конкурстарды, улуттук оюндарды жана улуттук дасторкон конкурсун уюштурушуп конокторго жана коруучулорго жагымдуу маанай тартуулашты. Ошондой эле факультеттин короосунда салттуу сумолок кайнатылып, ыр-бийлер, оюн-кулкулор менен улантылды. Бул салттуу тамакты даярдоо процессинде тилектерди тилөө да өзгөчө орун алды. Нооруз майрамын белгилөөнүн максаты – жаштарга бул майрамдын маданиятын жана каада-салтты муундан муунга өткөрүп берүу, ошондой эле достук жана өз ара түшүнүшүү атмосферасын түзүү. Нооруз майрамы ар бир үйгө кут-береке, өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик алып келсин


5-март күнү ОшМУнун медицина факультетинде Кыргызстандын улуттук майрамы болгон Ак калпак күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул күн, улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана кыргыздын каада-салтын колдоо максатында белгиленген. Салтанаттуу жыйын куттуктоолор жана улуттук каада-салттарды сактоого чакырыктар менен белгиленди. Жыйында факультеттин деканы м.и.д., профессор И.Т. Ыдырысов, ОшМУнун профсоюз комитетинин торагасы б.и.к., доцент А.Э.Сатаров жана медицина факультетинин аялдар кеңешинин торайымы б.и.к., доцент Г.К.Касиева куттуктоо сөздөрүн айтып, Ак калпак улуттук өзгөчөлүктүн символу жана ата-бабаларыбыздын мурасы экендигин баса белгилешти. Майрамыңыздар менен! Бул майрам кубанычка жана Кыргызстандын маданий мурасы үчүн сыймыктанууга толсун!


8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата 4.03.2025-күнү ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан уюштурулган спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке ОшМУнун ар кайсы институт, факультет, колледждердин эжекелери катышып, медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын командасы жогорку спорттук даярдыгын жана командалык духун көрсөтүп, 2-орунга ээ болушту. Бул мелдеш университеттин профессордук-окутуучулук курамынын арасында спортту өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, ОшМУнун маданий-социалдык жашоосунда керектүү окуя болуп калды. Экинчи орунду алуу факультет үчүн чоң жетишкендик жана сыймыктануу болду. Эжекелерди майрамы менен куттуктайбыз. Майрамдык маанай жана кызыктуу сыйлыктар үчүн ОшМУнун профсоюз комитетине жана калыстык ишин алып барган спорт комитетине ыраазычылык билдиребиз.


2025-жылдын 1- мартында ОшМУнун Медицина факультетинде мэриянын буйругу менен уюштурулган ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага факультеттин окутуучулар жамааты жана студенттер активдүү катышты. Ишембилик – бул университеттин аймагында тазалыкты жана тартипти сактоого багытталган салттуу иш-чаралар. Мындай иш-чаралар студенттер менен мугалимдердин арасында жоопкерчилик сезимин жана жарандык активдүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


ОшМУнун медицина факультетинин кесипке багыт берүү иш-чарасынын алкагында П.К.Купуев атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушуу уюштурулду. Иш-чара жогорку класстын окуучуларынын арасында медициналык кесипти жайылтуу жана бул тармакка болгон кызыгууну арттырууга багытталган. Жолугушуу достук жана ачык кырдаалда өтүп, анда факультеттин деканы м.и.д, профессор И.Т. Ыдырысов бул конкреттүү багытты тандап алуунун артыкчылыктары жөнүндө айтты. Ал факультеттеги адистиктердин актуалдуулугун жана алардын заманбап эмгек рыногундагы суроо-талаптарын баса белгилеп, студенттер мобилдик окуу, практикалык тажрыйба жана факультет берген илимий долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө суроо-жооп да уюштурулуп, мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, кеңири жоопторду алышты. Иш-чара факультеттин имараттары менен таанышуу менен аяктады, анда мектеп окуучулары заманбап лекциялык залдарды, аудиторияларды жана лабораторияларды, студенттердин жана окутуучулардын иштерине байкоо жүргүзө алышты. Окуучуларга мектепти ийгиликтүү аяктап, кесипти туура тандоону каалайбыз.


23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата 21.02.2025 күнү медицина факультетинин студенттеринин арасында кичи футбол боюнча “Декандын кубогу” турнири болуп өттү. Оюндун жүрүшүндө ар кайсы курстардын студенттери жогорку чеберчиликти, командалык маанайды жана жеңишке умтулууну көрсөтүштү. Оюндар курч жана укмуштуу болуп, күйөрман окутуучулар өздөрүнүн сүйүктүү командаларын активдүү колдошту. Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, татыктуу сыйлыктар жана куттуктоолор менен сыйланышты. Турнир бир гана күчтүүлөрдү аныктабастан, студенттер арасындагы байланышты чыңдоо жана спорттук чөйрөдө убакыт өткөрүү үчүн эң сонун жай болуп калды. Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктайбыз. Медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор И.Т.Ыдырысовго жана катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз


20-февраль күнү Коргоо министрлигинин №36806 аскер бөлүгүндө Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Ата-Мекенди коргоо-ыйык парз" темасындагы тегерек столуна. Медицина факультетинен 5 студенти катышып келишти; 1.Азимбаев Бекзат лк-24-24 2.Кучкачов Руслан лк-28-24 3.Убайдуллаев Дастан лк-30-24 4.Усенбаев Данияр лк-30-24 5.Өтөмбаев Уран лк-32-24 Жаштарга аскердик техникалардын, курал-жарактардын, байланыш каражаттардын түрлөрү көргөзүлүп, техникалык тактика мүнөздөмөлөрүн жана ошондой эле медициналык тез жардам боюнча инженердик даярдоо сабактары өткөрүлдү.


2025-жылдын 20-февралында студенттик жашоонун эң маанилүү учурларынын бири болгон “ОшМУ мырзасы 2025” конкурсу болуп өтту. Толкунданууга, чыгармачылыкка жана атаандаштык рухуна толгон бул иш-чара окуу жайдын эң таланттуу, харизмалуу жана максаттуу жаштарын аныктоого багытталган. Медицина факультетинин “дарылоо иши” адистигинин 2-курсунун студенти Идинов Адахан «ОшМУ мырзасы 2025» сынагына факультеттин атынан катышып, жаркын аткаруу, харизма жана туруктуу эмгеги менен 3-орунга жана “Инстаграм мырзасы 2025” номинациясына ээ болду. Сынак бир нече этап менен өтүп, катышуучулар өздөрүнүн визуалдык жагымдуулугун гана эмес, акылын, талантын, чеберчилигин жана эрудициясын көрсөтүштү. Идинов Адаханды татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана окууларына ийгилик каалайбыз.


Бүгүн 13.01.25. ОшМУнун медицина факультетинде коррупцияны алдын алуу максатында ОшМУнун жетекчилиги студенттер жана академиялык кенешчилер менен жолугушту. Жыйында факультеттин деканы, м.и.д., профессор И.Т. Ыдырысов кышкы экзамендер башталып, компьютердик тестирлөө жүрүп жаткандыгын маалымдады. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, ф-м.и.к., доцент Р.Н. Арапбаев студенттерге жакшы окууга жана коррупцияга жол бербөөгө чакырып, коррупцияга аралашып калган студенттер окуудан четтетилүүсүн белгилеп өттү. Ошондой эле ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы б.и.к., доцент А.Э. Сатаров, ОшМУнун коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректору ф.и.к., доцент, Н.А. Мапаева жана ОшМУнун юристи Ж. Айдарбекова студенттердин суроолоруна жооп берип жакшы окууга чакырышты. ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Н.М.Арзиев коррупциянын кесепеттери менен тааныштырып кандай жоопкерчиликке тартылаарын студенттерге түшүндүрдү. Студенттер көптөгөн маанилүү маалыматтар менен таанышып, пайдалуу жолугушуу болуп өттү. Медицина факультетинин студенттеринин окуусуна ийгилик каалайбыз!


Бүгүн, 24-декабрда ОшМУнун он студенти «Атуулдук стипендия» алды. Аларды сыйлоо үчүн «Идея, аракет, натыйжа” аталышында иш-чара уюштурулуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты. Медицина факультетинин «МПД» адистигинин студенти Разакова Алтынай «Атуулдук стипендия» менен сыйланды, ошондой эле профессионалдык бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эки жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү «Дарылоо иши» адистигинин студенти Акматалиева Чинара жана эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээлеп келген студенттерибиз ректордун ыраазычылык каты менен сыйланышты. Студенттерибизге кен келечек, окууларына ийгилик каалап кетебиз.


Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Койчуманова Гулжан Кадыровнанын жетекчилиги алдында медицина факультетинин студенттеринен түзүлгөн адабий ийримдин мүчөлөрү менен Адабият күнүнө карата медицина факультетинде кече өткөрүлду. Бул кечеде студенттер белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Торокулович Айтматовдун чыгармаларын сахнада жандандырып, анын терең мазмундуу жана туюнтулган сөздөрүн көрүүчүлөргө жеткиришти. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын инсандык жана коомдук көйгөйлөрдү чагылдырган терең философиясы сахнада мыкты аткарылышы менен каармандардын ички дүйнөсүн көрсөттү. Ошондой эле, кечеде кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Алыкул Осмоновдун чыгармалары да өзүнчө ордуна ээ болду. Студенттер Алыкул Осмоновдун ырларын чын жүрөктөн окуп, анын поэзиясынын бийиктигин жана адамдын ички сезимдерин чагылдыруу менен көрүүчүлөргө улуу акындын поэзиясына болгон ыйыктуу ыкманы тартуулашты. Алыкул Осмоновдун ырларынын терең маңызы, айрыкча анын мекенчилдик жана сүйүү темалары, бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпойт. Бул чыгармачыл кече кыргыз адабиятына жана акын-жазуучулардын мурасын урматтап, студенттер арасында алардын чыгармаларын терең түшүнүү жана урматтоо сезимин жаратууга зор салым кошту. Адабиятка болгон сүйүү жана кызыгууну арттырган иш-чара маданий жана интеллектуалдык деңгээлде студенттердин өсүшүнө чоң түрткү берди.


ОшМУнун окутуучулар арасында откорулуп жаткан спартакиадада биздин командалардын ийгиликтери дагы да уланууда. Баскетбол боюнча 40- эжекелер командасы 3- орунду, 40+ эжекелер командасы 5-орунду ээлеп медицина факультетинин пайдасына татыктуу упайларды кошушту.


ОшМУнун факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда отуп жаткан спартакиада уланууда. Ушул кунго чейин откон оюндардын жыйынтыгы боюнча Медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы томонку жетишкендиктерге ээ болушту: 40+ агайлар командасы баскетбол туру боюнча 2-орунга, эжекелер командасы шахмат туру боюнча 2-орунга, 40- эжекелер командасы волейбол туру боюнча 3-орунга, футбол 40+ командасы 2-орунга, футбол 40- командасы 2- орунга, ордо боюнча 4-орунга, баскетбол 40- агайлар командасы 4- орунга. Агай-эжекелерибиз жумушта гана эмес спортто да кучтуулукторун корсотушуудо. Дагы да коп жетишкендиктер болот деген ишеничтебиз.


Ко всемирному дню борьбы со СПИДом на медицинском факультете ОшГУ 29.11.2024 г прошла выставка творческих работ на тему «ВИЧ касается каждого» организованная кафедрой эпидемиологии, микробиологии с курсом инфекционных болезней при участии молодежного совета факультета и заместителей декана по воспитательной работе Ташиевой А.С и Эндеше у Э. В выставке приняли участие все студенты медицинского факультета и были определены лучшие работы студентов. Победители конкурса были награждены грамотами и сертификатами.


ОшМунун медицина факультетинин тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча декандын орун басарлары Ташиева А.С, Эндеше уулу Э жана факультеттин акыйкатчы апаратынын окулдору менен биргеликте патриоттуулукту жана сый-урматты тарбиялоо максатында 29.11.2024-куну эрте мененки жагымдуу маанай тартуулап, шаардын тазалык кызматкерлерине жылуулук акциясы уюштурулду. Элибизде ынтымак кучоп ар дайым бири-бирибизге жагымдуу маанай, жакшы сөз тартуулап жүрө берели.


Бишкек шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык чемпионатта Медицина факультетинин Лк 7-24 тайпасынын студенти Чынара Акматалиева алтын медалга ээ болду. Ал 64 килограмм салмакта күч сынашкан.


2024-жылдын 24-октябрь күнү ОшМУнун медицина факультетинин биринчи курсунун студенттерин салттуу «Кабыл алуу» аземи болуп өттү. Иш-чаранын расмий бөлүгүн ОшМУнун администрациясынын өкүлдөрү, медицина факультетинин деканы жана кафедра башчылары куттуктоо сөздөрү менен ачып беришти. Салтанаттуу куттуктоолордон кийин студенттерге концерттик программа тартууланды. Студенттерибиздин окууларына ийгиликтерди каалайбыз.


2024-жылдын 19-октябрь күнү медицина факультетинин студенттери жана окутуучулары, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, маданияттын мыкты кызматкерлери Атабек Курмушуев, Шаршен уулу Кутман, Гулжамал Эркинбаева жана администратору Бекзат Зарипбек уулу менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу жаштарды тарбиялоодо театрдын ролуна арналып, драма театрдын кызматкерлери тарабынан кызыктуу чыгармалардын, тамсилдердин үзүндүлөрү жана ырлар менен коштолду. Маданият мыктыларына студенттер жигердүү суроолорун берип, исскуствого болгон кызыгууларын белгилешти. Жолугушуунун соңунда маданият кызматкерлери студенттерге окууда да, жеке жашоосунда да ийгиликтерди каалап өтүштү.


2024-жылдын 16-октябрь күнү медицина факультетинин студенттеринин жана профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында график боюнча укук бузуулардын алдын алуу максатында ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Нурлаким Маматкулович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин бангизаттын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу боюнча ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалиевна жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкери Оморов Ахмат Каримович факультеттин студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын арасында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында “ОшМУнун студенттеринин жана окутуучуларынын коопсуздугу. Студенттер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу”, “Терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алуу” аттуу көйгөлүү темалар боюнча кызыктуу видеороликтер коштоосунда пайдалуу лекциялар болуп өттү.


11-12.10.2024-кундору Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин профсоюзу Манасов Н.А жана декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары Ташиева А.С, Эндеше у Э тарабынан мугалимдер күнүнө карата уюштурулган, медицина факультетинин кафедраларынын профессордук-окутуучулук жана кызматкерлерден турган курамдардын ортосунда ден-соолукту чыңдоого, дене тарбияны жана спортту даңазалоого үндөө, достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөө максатында спорттун волейбол, кичи футбол жана стол тенниси түрү боюнча спартакиада болуп өттү. Спартакиаданын ачуу аземин факультеттин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т куттуктоо сөзү менен баштап оюнчуларга жеңиш каалап өттү. Мелдеш бардык кафедра окутуучуларын бириктирип, спорттун түрлөрү боюнча өзүн көрсөтүүгө жана окутуучулардын ортосунда достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөөгө шарт түздү. Мелдештин соңунда жеңүүчү командалар (1,2,3 – орундар) жана мыкты оюнчулар акчалай сыйлыктар менен, ошондой эле активдүү катышкан командалар грамоталар менен сыйланышты. Оюндун жыйынтыгы боюнча Кичи футбол агайлар арсында 1-орунга “Стоматалогия” командасы, 2-орунга “Фармация” командасы, 3-орунга “ЕНД, гистология, урология, анатомия” курама командасы ээ болушту; Волейбол агайлар арасында 1-орунга “Фармация” командасы, 2-орунга “ЕНД, гистология, урология, анатомия” курама командасы, 3- орунга “Коомдук саламаттыкты сактоо, аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу” курама командасы ээ болушту; Волейбол эжекелер арасында 1-орунга “Деканат, ОЗ жана стоматология” курама командасы, 2-орунга “Фармация” командасы, 3-орунга «Гистология» командасы ээ болушту; Стол тенниси агайлар арасында 1-орунга Эрмаматов Мирлан, 2-орунга Курманбек уулу Өмүрбек, 3-орунга Бурканов Акылбек Эркинович ээ болушту; Стол тенниси эжекелер арасында 1-орун Абакирова М ( Терапевтикалык стоматология кафедрасы), 2-орун Камбарова А.О (Педиатрия 1 кафедрасы), 3- орун Сейитбекова Т.М (Хирургиялык стоматология кафедрасы) ээ болушту. Спортту колдогон ОшМУнун жетекчилигине, медицина факультетинин жетекчилигине, ар бир болум башчыга, демоорчулук кылган ОшМУнун профсоюз комитетине жана калыстык ишин алып барган №2 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын жамаатына терен ыраазычылык билдиребиз.


9-октябрь күнү ОшМУнун медицина факультетинде жаштарды ынтымакта, достукта жашоого үндөө максатында «Ыйык мекен – ынтымак кучагында» аттуу теманын алкагында акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган, студенттердин арасында көп улуттан куралган беш команданын катышуусунда акыл-таймаш интеллектуалдык оюну болуп өттү. Акыл-таймашта эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен эки команда жана медицина факультетинен үч команда билим сынашты. Оюндун шарты боюнча, ар улуттан турган төрт оюнчудан куралган командалар кызыктуу таймаш алып барышты. Оюнчулар чыныгы командалык ишин, ынтымак, оюнга шыктануу, бири-биринин пикирин угуу жана урматтоо жөндөмү эмне экенин көрсөтүштү. Иш-чаранын негизги максаты студенттерди достукка, толеранттуулукка жана маданияттуулукка үндөө болгон. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчу команда аныкталып, орундар төмонкучө бөлүндү; (медфак) 1-орун – «Лидеры» командасы (медфак) 2-орун – «Целители» командасы (ВШМОП) 3-орун – «F4» командасы . Активтуу катышкан студенттер деканат тарабынан грамоталар, ыраазычылык каттар жана адабий китептер менен сыйланышкан. Жюри катары чакырылган медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти ф-м.и.к М.М. Садыровага, ички оорулар кафедрасынын башчысы м.и.к, доцент Э.Н.Бекешовага жана уюштурган акыйкатчы аппаратына ыраазылык билдиребиз.


Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин профессордук- окутуучулук курамы, ардактуу агай-эжейлер сиздерди мугалимдер куну менен деканаттын жана факультетибиздин жаштар комитети тобунун атынан чын журоктон куттуктайбыз. Баарыныздарга чын ден-соолук, узун омур, талыкпас кайрат, иштериниздерде ийгилик, тандаган кесиптин мыктысы болуп журо беришиниздерге тилектешпиз.


1-октябрь карыялар күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин акыйкатчы аппараты жана жаштар комитети тарабынан, факультеттин декандын тарбия иштери боюнча орун басарларынын жетекчилиги астында 30-сентябрь куну «Жакшылык кыл» аттуу акциясы болуп өттү. Акциядан топтолгон каражатка «Боорукердик үйүндөгү» карыяларга 1-октябрь күнү белектер (Жууркан төшөктөр, тамак-аш буюмдары) берилип, ремонтко деген материалдар тапшырылды. Андан сырткары карыяларды майрамдары менен куттуктап өнөрпоз студенттер чакан концерттик программа менен жагымдуу маанай тартуулашты. Кадырман карыяларыбызга чын ден-соолук, узун өмүр каалайбыз. Колдоо корсоткон медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз.


23-сентябрь «Кыргыз Республикасынын улуттук тил» күнүнө карата медицина факультетинин Акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган “Өз үйүңдө өгөйлөнгөн эне тил” аттуу дебатка. 2 курстун студенттеринен 4 команда катышып. Диплом менен жана активдүү катышкандыгы үчүн Сыйлоо баракчасы менен сыйланды. 1. Орун "Краштар" командасы 2.Орун "Соз казынасы" 3. Орун ”Ой жарышы” 4.Орун "КЕРЭЭЗ "


2024 - жылдын 23-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде мамлекеттик тил майрамынын 35-жылдыгына карата «Кыргыз тилим - улутумун жан дүйнөсү» аттуу адабий-музыкалык кечеси болуп өттү. Майрамдык салтанатта медицина факультетинин 1-курсунун студенттери өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Маданий иш-чара ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институту факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Толубаева Г.М, доценти Койчуманова Г.К, доценти Чотикеева К, медицина факультетинин декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары Ташиева А.С жана Эндеше у Э тарабынан даярдалып, конокторго концерттик программа тартууланды. Иш-чарага медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Каразакова З.Ж жана коптогон коноктор катышып иш-чаранын сонунда таланттуу студенттерге жана уюштуруучуларга ыраазычылык каттар жана грамоталар ыйгарылды.


07.04.2025-жылы “Менин ден соолугум – менин укугум” аталышындагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата медицина факультетинин, аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасында сергек жашоону пропагандалоого арналган студенттердин чыгармачыл иштерин көрсөтүү боюнча сынак уюштурулду. Иш — чаранын негизги максаты-активдүү жарандык позицияны калыптандыруу, сергек жашоо образына кызыгууну ойготуу жана катышуучулардын арасында чыгармачылык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү. Сынак студенттер үчүн чыгармачылык эмгектерин көрсөтүү жана сергек жашоо образы боюнча ой бөлүшүү үчүн аянтча болуп калды. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланып, бул жааттагы чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантууга үндөштү. Иш-чара ден-соолуктун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту арттырып, жаштар арасында темага көңүл бурду.