Медицина факультетинин 2022-2023-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрүнүн Ант берүү аземи болуп өттү. Жалпы 828 бүтүрүүчү, алардын ичинен 6 бүтүрүүчү артыкчылык диплому менен аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайбыз.
Бугун, 2023-жылдын 5-апрелинде ОшМУда окуган чет олколук студенттер арасында "Ырдайлы кыргыз ырларын" аттуу конкурс уюштурулду.
Катышуучулардын мыкты денгээлде даярдык корушкондуктору конкурста билинип, залда отурган коруучулорду оздоруно тарта алышты.
Иш чара ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштоо жана консулдук кызмат көрсөтүү болумунун башчысы тарабынан демилгенип, ар кайсы факультет, колледжде окуган чет олколук студенттер кыргыз ырларын аткарып жатышат..
Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык Ош шаарындагы жазгы үч айлыктын алкагында ОшМУнун медицина факультетинде ишембилик өткөрүлдү.
Элибиз сүйгөн эң байыркы майрам, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Эзелтен Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген.
Байыркы Нооруз майрамы эгемендүү Кыргызстандын тушоосу кесилиши менен кошо элибизге кайра кайтып келди. Нукура элдик майрамдын кайра жаралышы - тарыхый тамырларыбызга, улуттук каада-салттарыбызга таазим.
Жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын
Медицина факультетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди. Желегибиз бийиктерге желбирей берсин!
22.02.2023. Сергек жашоо жана ден соолук жылынын алкагында, Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата медицина факультетинин 1-6 курстарынын студенттеринин ортосунда спорттун футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты студенттердин ортосунда достукту бекемдөө жана ден соолукту чыңдоо. Мелдешке 28 команда катышып, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Жакынкы чет өлкөлөрдөн келип окуган студенттерибиз да активдүүлүгүн көрсөтүштү. Мелдешти уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн медицина факультетинин акыйкатчы аппаратына жана жаштар кеңешине ыраазычылык билдиребиз
17-18.02.2023. Медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курам ортосунда "Сергек жашоо жана ден-соолук жылына" карата спорттун футбол, волейбол, стол теннис түрү боюнча мелдеш болүп өттү. Мелдешке кафедралардан 10дон ашык командалар катышып жеңүүчүлөр өтмө кубок, димломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Катышуучуларга жана калыс болуп берген №2- дене тарбия кафедрасынын жамаатына, демөөрчү профсоюз комитетине терең ыраазычылык билдиребиз.
ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлер арасында откорулгон XXX спартакиада медицина факультетинин командасы 6- орунга ээ болушту. Спартакиадага катышкан баардык агай-эжекелерге терен ыраазычылык билдиребибиз.
Медицина факультетинин студенттери Аширова Бегимай жана Нурбек кызы Айпери Атуулдук стипендия менен сыйланышты.
Атуулдук стипендияны айына 100, жылына 1,200 АКШ доллардан алышат.
2022-жылдын 23-декабрында медицина факультетинин студенттери үчүн жаны жыл майрамына карата "Декандык балл" болуп өттү. Жыл жыйынтыгында окууда, илимде жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерибиз ОшМУнун профсоюз комитетинин, ОшМУнун жаштар кеңешинин жана медицина факультетинин грамоталары менен сыйланышты. Ал эми эл аралык олимпиадада эң мыкты жетишкендикдерди багындырган Курманбек уулу Эмирге декандын атынан 5000 сом стипендия берилди. Уюштуруучуларга жаштар кеңешине ыраазычылык билдиребиз.Жанырган жылыбыз студенттерибизге көптөгөн ийгиликтерди алып келген жылдардан болсун.
2022-жылдын 22-декабрында медицина факультетинде "Аалам алпы - Айтматов" аталышында адабий-музыкалуу кече болду. Кечеге факультеттин жетекчилиги, кафедра башчылары, фил. и.к., акын, коомдук ишмер К.Кимсанов катышты. Иш-чараны чыгармачылык менен уюштурган кесиптештерибиз N2 ФАКТАПК кафедрасынын башчысы, доцент Алиева Фарида Эсеновнага, улук окутуучулар Мейликан Нурмаматовага, Гулнара Толубаевага ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле чыгармачыл жана таланттуу студенттерибизге рахматыбызды айтып, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалайбыз!
12.12.2022.
Кыргыз элин , дүйнө жүзүнө тааныткан залкар жазуучубуз - Чыңгыз Айтматовдун 94-жылдыгына карата "Дүйнөнү дүңгүрөткөн - Айтматов" аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү.
02.12.2022. Медицина факультетинин жаштар комитетинин демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата өткөрүлгөн акцияны жыйынтыктап, Ош шаарындагы көзү азиздер жана көрүүсү начар балдар мектеп интернатына барып, балдарга жылмаюу тартууладык. Аталган мектептин бүтүрүүчүсү Мурзалиева Айтурган учурда медицина факультетинин 1-курсунун лб-1-22 тайпасынын студенти. Озүнүн мектебине тайпалаштары менен барганына абдан кубанды. Жакындан жардам берген гистология жана патанатомия кафедрасынын лб-1-22 жана лб-2-22 тайпаларынын студенттери жана кураторлору Жаныбек кызы Каныкей жана Г.Т.Джолдошевага, акцияга катышкан медицина факультетинин студенттерине терен ыраазычылык билдиребиз!
24.11.2022 . Среди студентов старших курсов медицинского факультета проведена викторина веселых и находчивых посвященная ко дню борьбы со СПИДом под девизом ′Время для равенства". Приняли участие команды "Вечерний вайб", "Сборная МПД", "Люди в белом". В составе жюри были директор Академии талантов Ыразаков Дамир, заведующая социального отдела АППП КР в Ошской области Рахманова Аида Азиретовна, директор Ошского областного центра профилактики и борьбы со СПИДом Нарматова Эльмира Балтабаевна,
директор Ошского областного центра борьбы с туберкулезем Козубаев Рустам Ражапбаеевич, доцент Б.Р.Абдыраева. По результатам оценивания членами жюри были вручены дипломы и презенты. Выражаем благодарность кафедрам "Общественное здравоохранение", "Эпидемиология, микробиология с курсом инфекционных болезней" и преподавателям Б.Р. Абдыраевой, М.К. Сейдалиевой , А.Дурусбекову за организацию и проведение месячника по профилактике СПИДа. Также по результатам конкурса художественных плакатов были вручены дипломы, подарки и сертификаты.
25.11.2022-ж ОшМУнун Медицина факультетинде 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата атайын студенттер арасында жүргүзүлгөн иш чаранын жыйынтыгы угулду. Иш чарага Президенттин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары СПИДке каршы күрөшүү борборлорунун жана туберкулез менен күрөшүү диспансерлеринин жетекчилери жана эл аралык уюмдарынын жетекчилери катышышты. Коноктор медицина факультетинин жана эл аралык медицина факультетинин студенттеринин аткаруусунда конкурстардан үзүндү көрүштү.
Бүткүл Дүйнөлүк СПИД күнүнө карата коомдук саламаттыктыкты сактоо жана Эпидемиология, инфекциялык оорулар курсу менен микробиология кафедраларынын окутуучуларынын демилгеси менен медицина факультетинде атайын иш план түзүлдү. Иш пландын негизинде аталган кафедранын окутуучулары Дурусбеков Асан областтык СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун, ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү менен окуу жайдын факультеттеринде СПИДдин алдын алуу боюнча лекция окушуп, студенттер менен жолугушуу өткөрүшүп жатат.Иш планга ылайык куратордук сааттар өтүлдү.Хирургиялык жана курактык стоматология кафедрасынын ага куратору Эрмеков Эртабылды Омуралиевич 4ст-19 жана Фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы
кафедрасынын окутуучусу
Абдураупова Наргиза
Фрв-4-21 тайпасына куратордук сааттарды өтүштү.
2022-жылдын 10-ноябрында ОшМУнун медицина факультетинин 1-курсунун студенттерин "Кабыл алуу аземи"болуп өттү. Аземге ОшМУнун ректору профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жана медицина факультетинин профессордук- окутуучулук курамы катышып, студенттерди куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты. Студент-достор кадамынар байсалдуу болсун, эл сыймыктанган мыкты дарыгер болгула.
"Эл аралык студенттик спорт" күнүнө карата ОшМУнун факультеттеринин 1-курстары аралык спартакиадасы башталды. Спартакиадага медицина факультетинин 1-курстарынын студенттери спорттун жети түрүнөн катышууда. Командаларга ийгилик каалайбыз!
8.10.2022. Медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда кафедралар аралык спорттук мелдеш өткөрүлдү. Агайлар арасында футбол боюнча мелдеште "Фармация-1" командасы -1-орун, "Фармация-2" командасы-2 орун, "Хирургия,урология" командасы-3орунду алышты. Эжекелер арасында волейбол боюнча мелдеште "Деканат"командасы-1- орун, "Гистология"командасы -2- орун, "Анатомия" командасы-3- орунду алышты. Мыкты оюнчу номинациясына Баялиева Басида эжеке жана Бурканов Акыл агайлар татыктуу болушту.Катышуулар диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Деканатка жана катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Ынтымагыбыз бекем болсун, факультетибизди ийгиликтер коштоп жүрсүн.
8.10.2022. "Улуттук тазалык күнү"
Медицина факультети
Баштан далай оор турмушту өткөргөн,
Салабаттуу айткан сөзү төп келген.
Каада күтүп, касиетти кармаган,
Карыялар бул жашоого көрк берген -демекчи
1- октябрь "Карылар күнүнө" карата медицина факультетинин жамаатынын атынан студенттер кеңеши "Боорукердик" үйүнө барып, майрам менен куттуктап, белектерин беришип, чакан концерт тартуулашты. Жакындан көмөк көрсөткөн лб-1-21,фр-5-22 тайпалары жана педиатрия адистигинин 3-курстарынын студенттерине ыраазычылык билдиребиз!
2022-жылдын 23-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган "Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга!" аталышында дилбаян, эссе, авторлук ырлардын сынагы жүрүп жатат. Дилбаянды №2 ФАКТАПК кафедрасынын улук окутуучулары Мейликан Нурмаматова жана Гүлнара Толубаева жүргүзүүдө.
Ошондой эле "Карегимде Мекен чеги, Капаланба, Баткен эли!" аттуу флешмобдордун конкурсу кызуу улантылууда. Эне тили, эл-жерди сүйүү, Ата Мекенди коргоо, атуулдук парз темасындагы ырларды көркөм окуу боюнча онлайн конкурсуна катышуучулардын саны өсүүдө. Бул флешмоб жана көркөм окуулар онлайн түрүндө кабыл алынып жатат. Алардын жыйынтыктары жалпы инстаграм баракчасына студенттердин жана жалпы көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп, жеңүүчүлөр аныкталат.
1.09.2022 ОшМУнун медицина факультетинин Билим кунуно арналган салтанатты медицина факультетинин деканы Исматилла Токтосунович ачып берип ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин куттуктоо сөзүн ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Саттаров Абсамат Эрмаматович жеткирди.Ошондой эле кафедра башчылары, урматтуу агай-эжекелерибиз 1-курстун студенттерине билим алууда албан ийгиликтерди каалоо менен бирге Билим күнү менен кызуу куттукташты! Медицинага жаңы кадам аттаган студенттерге бекем ден-соолук, чыгармачылык жана ак-жол каалайбыз!











