12.06.2024. 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен ОшМУда жыл мыктылары сыйланды. Медицина факультетинин алдынкы студенттери мпд-1-19 тайпасынын студенти Сулайманова Айгерим, лб-2-22 тайпасынын студенттери Сейтекова Айсель жана Нышанбаева Нураида Окумуштуулар кеңешинин стипендиясына татыктуу болушту. Лк-4-21 тайпасынын студенти Султанбаев Артур ыраазычылык баракча менен сыйланды. Жыл жыйынтыгы боюнча мыкты студенттик кеңеш конкурсунда медицина факультетинин студенттик кеңешинин төрайымы Жураева Севара 3-орунга ээ болду. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Джолдошева Г.Т. ыраазычылык баракча менен сыйланды. 2024-жылдын 8-июнь күнү медицина факультетинин 2018-2024 жылдар аралыгында окуган бүтүрүүчүлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. ОшМУнун ректору профессор К.Г.Кожобеков өз сөзүндө бутүрүучүлөргө ак жол каалоо менен бирге артыкчылык диплом менен аяктап жаткан жана атуулдук стипендияттарды ыраазычылык кат менен сыйлады. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы доцент А.Э. Саттаров жана медицина факультетинин деканы профессор И.Т.Ыдырысов окууда, илимде жана маданий иштерге активдүү катышкан бүтүрүүчүлөрдү ардак грамоталар менен сыйлашты. Медицина факультетинин профессордук окутуучулук курамынын атынан педиатрия 1 кафедрасынын башчысы доцент КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Аттокурова, акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы доцент, КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Исраилова, фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы кафедрасынын башчысы доцент З.С.Боронова, травматология, соттук медицина жана нур диагностика курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Т.Т.Сейтбеков, ички оорулар жана үй- бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Ф.Т.Рысматова, табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын башчысы доцент Г.Г.Омурзакова, адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Б.К.Кенешбаевдер бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалоо менен бирге, келечекте мыкты дарыгер болуусуна тилектештигин билдиришти. Ата-энелердин атынан Г.К.Бекмурзаева жана бүтүрүүчүлөрдүн атынан С.У.Тагдыршаев, К.Д.Камчыбековалар сөз сүйлөшүп жалпы ОШМУнун жамаатына ыраазычылыктарын айтышты. Кечени 1-курстун студент кыздарынын ыр-бийлери коштоду. 11.05.24. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата медицина факультетинде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде "Саманчынын жолу "- согуш курмандыктарына арналган реквием" аттуу окурмандардын семинары болуп өттү. Семинар ФАКТ кафедрасынын доценти Алиева Ф.Э. жана улук окутуучу Нурмаматова М.Т. тарабынан уюштурулуп, стоматология адистигинин 1-курсунун студенттери тарабынан даярдалды. Студенттер чыгарманы окуп чыгып, ага сюжеттик-композициялык талдоо жүргүзүп, каармандардын образын ачып презентациялашты. Андан кийин талкуу үчүн викторина уюштурулуп, активдүү катышкандарга дипломдор берилди. Таланттуулар сахналык көрүнүш коюп, семинар ыр-күү менен коштолду. Медицина факультетинде китеп окуу ийрими иш алып барат. Ийримдин максаты студенттерге көркөм чыгарма окутуу менен, алардын адабий-эстетикалык табитин өнүктүрүп, адамгерчиликке, адилеттүүлүккө тарбиялоо болуп эсептелет.“Саманчынын жолу” - адамзаттын жолу-дешет. Дүйнөдө согуш болбосун, тынчтык орносун, өлкөбүз өнүксүн, жаштарыбыз жаркын келечектин ээси болсун. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата медицина факультетинин кыздар арасында "Медфак периси-2024" сулуулар сынагы өткөрүлдү. Сынактын негизги максаты: Студент- жаштарга эстетикалык тарбия берүү; Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу жана эстетикалык табитин арттыруу; Сулуулукту, аруулукту, наздуулукту, акылдуулукту, таланттуулукту даңазалоо; Нооруз майрамына карата майрамдык кеченин үчүнчү бөлүгү медицина факультетинин фармация адистигинин кечки бөлүмүнүн студенттери тарабынан уюштурулган улуттук даамдар менен коштолду. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата, медицина факультетинде марттын жыйырмасында Нооруз майрамы өзгөчө форматта болуп отту. Кафедралар арасында Кыз жигиттин Сармерден оюну уюштурулуп, элге майрамдык маанай тартууланды. Нооруз майрамына карата марттын жыйырмасында медицина факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган "Нооруз-2024" майрамдык кече өткөрүлдү. Майрамдык кече алас айтуу менен башталып, улуттук каала-салт, улуттук оюндар, акыйнек, ыр, күү, бий менен коштолду. Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-февралындагы "Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты жарыялоо жөнүндө" №143 токтомун аткаруу максатында медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор И.Т.Ыдырысов жетектеген окутуучулук профессордук курам жана студенттери тарабынан ишембилик өткөрүлдү Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата жана 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ОПК(эжекелер) жана студент кыздар арасында спорттун волейбол түрү боюнча достук мелдеш өткөрүлдү. Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо, алыш бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка катышкан ОшМУнун медицина факультетинин фармация адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенти Динара Камчыбекова 70 кг салмакта алыш бел боо күрөшү боюнча I орунду ээледи. Динара 72 кг салмакта спорттук самбо боюнча да I орунду багындырып,диплом жана медалдар менен сыйланды. Дзюдо, самбо жана алыш күрөшү боюнча спорттун чебери Динара Камчыбекова алдыда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, Азия жана дүйнөлүк мелдештерге даярдык көрүүдө. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата факультеттер аралык эжекелер арасында волейбол боюнча мелдеште медицина факультетинин командасы 3-орунга жетишти. 3-март Медицина факультетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү жана Ак калпак күнү белгиленди. Желегибиз бийиктерге желбирей берсин Мамлекеттик туу- бул өлкөбүздүн эгемен өлкө экенин тастыктаган мамлекетик символикалардын бири. Чындыгында мекенибиздин, эне- тилибиздин, маданиятыбыздын бар болушу жана желегибиздин желбиреп турушу биз үчүн айтып бүткүс чоң байлык. 24.02.2024. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата медицина факультетинин кафедралар аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамдын ден соолугун чындоого, спортту даңазалоого үндөө; профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөө. Мелдештин жыйынтыгында спорттун кичи футбол түрү боюнча агайлар арасында фармация командасы, волейбол боюнча эжекелер арасында деканат командасы жеңишке жетишишти. 21.02.2024. ОшМУнун 85 жылдыгына карата жана “Бүткүл дүйнөлүк эне тил” күнүнө карата факультеттер аралык акыл таймаш өткөрүлдү. Акыл таймашка 11 факультеттен студенттер келип катышты. *Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети: *Студенттерди окуудан сырткары социалдык жана факультеттик жашоосун өнүктүрүү *Студенттердин арасында интеллектуалдык таймаштар аркылуу маалымат топтоого жардам *берүү жана аларды илим жолуна үгүттөө *Эне тилин жана чет тилге кызыктыруу 22.02.2024. Сергек жашоо жана ОшМУнун 85 жылдыгына карата , Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата медицина факультетинин 1-6 курстарынын студенттеринин ортосунда спорттун футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты студенттердин ортосунда достукту бекемдөө жана ден соолукту чыңдоо. Мелдешке 16 команда катышып, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Жакынкы чет өлкөлөрдөн келип окуган студенттерибиз да активдүүлүгүн көрсөтүштү 19.02.2024. Медицина факультетинде "Кабыл ал, түшүн, кечире бил " аттуу психологиялык жумалыктын алкагында акыйкатчы аппаратынын студенттери тарабынан "Суицид-бул чечим эмес" аталышындагы дебат болуп өттү. Дебатка неврология, нейрохирургия жана психатрия кафедрасынын окутуучусу Эрматова Жаныл Бегалиевна жана өндүрүштүк практика жана эл аралык боюнча декандын орун басары Жообасарова Динара Жаанбаевна катышып, студенттерге кеңештерин беришти. Дебат кызыктуу жана талаш тартыш менен өттү. Окуу жылынын биринчи жарымы жаңы жылды тосуу аземи менен жыйынтыкталды. Жаңы жылды тосуу аземи декандын тарбия иштери боюнча орун басары жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган. Мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн студенттер декандын ардак грамоталары менен сыйланышты 15.02.2024ж медицина факультетинин 2-курс стоматология адистиги үчүн "Кабыл ал, түшүн, кечире бил" аттуу психологиялык жумалык өткөрүлдү. Бул иш-чараны уюштуруучулар: медицина фак.нин аялдар кеңешинин төрайымы Касиева Г.К. жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Джолдошева Г.Т. 2023-жылдын 23-декабрында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 75 студенттине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи өттү. Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгилик жана жетишкендиктерди каалап, 60 миң сом өлчөмүндө президенттик стипендияларды тапшырды.Президенттик стипендияга ОшМУнун 5 студенти ээ болду. Алардын ичинде медицина факультетинин дарылоо адистигинин 5-курсунун студенти Нурбек кызы Айпери да бар. ОшМУнун факультеттер, колледждер, лицей жана гимназиялар аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында өткөрүүлүчү XXXI спартакиадага медицина факультетинин жамааты да активдүү катышты. Спартакиаданын жыйынтыгында: спорттун футбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку агайлар 3-орун, "Мыкты коргоочу"- Бурканов Акылбек Эркинович, спорттун баскетбол түрү боюнча 40 жашка чейинки эжекелер 3- орун, "Мыкты коргоочу" Турсунали кызы Клара, спорттун волейбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку агайлар 3-орун, "Мыкты либеро" Тажибаев Максат Каримович, стол тенниси 40 жашка чейинки агайлар 3-орун Курманбек уулу Өмүрбек, Эрмаматов Мирлан, шахмат эжекелер 3-орун Садырова Мухабат Махмудовна, Абдимажит кызы Акбермет байгелүү орундарга жетишишти. Жалпы командалык эсеп менен 5-орунга ээ болдук. Медицина факультетинин жаштар кеңешинин студенттери, гистология жана патанатомия кафедрасынын окутуучулары Э.К.Жолдошева, Т.И.Сыдыкбаева, К.К.Райымбаев, Н.Ш.Сатыбаев куратордук тайпаларынын студенттери менен Ош шаарындагы реабилитация борборундагы балдарга өз белектерин беришип жүздөрүнө жылмаюу тартуулашты. Ушундай эле саамалык педиатрия 1 кафедрасынын жамаатында улантылып, кафедранын кураторлору онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга өз белектерин тартуулашты. Бүткул дуйнолук СПИДке каршы курошуу кунунө карата 1-декабрда медицина факультетинде факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын окутуучулары Шамуратова А,Токтосунова З,Мамрасулова А,Карабаева Э,Мадмарова Э,Алымбаева А тарабынан уюштурулган иш чара откорулду .Бул иш чарага Ош шаардык СПИД борборунан Маматалиева Толгонай Маматалиевна жана жардамчысы Шарабидин к Нурзина , жаш өспурумдор арасында бангизатты колдонуу борборунан Жакаева Гуля чакырылып студенттерге пайдалуу маалыматтарды беришти жана студенттер тарабынан уюштурулган программалар корсотулду. 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД ооруусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИД кылым коркунучу” деген аталыштагы иш чаралар медицина факультетинин жаштар кеңеши тарабынан шаарыбыздагы №3 М.В.Ломоносов, №26 Т.Сатылганов жана №50 П.Ж.Нышанов атындагы орто мектептерде уюштурулду. Атуулдук стипендияга” Медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин студенти Алиева Ирода жана фармация адистигинин студенти Камчыбекова Динара ээ болушту. ОшМУда Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган факультеттер аралык “STUD Talant” аттуу таланттуу студенттердин ыр сынагынында медицина факультетинин фармация адистигинин студенти Улан уулу Атабек “Айылга кат” чыгармасы менен 2-орунду жеңип алды, Атабекке ийгиликтерди каалайбыз. "Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы" аталышындагы үч айлыктын алкагында, Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата ОшМУнун медицина факультетинин студенттери тарабынан иш-чара өткөрүлдү жана медицина факультетинин китепканачылары тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармалар жыйнагынан китеп көргөзмөсү уюштурулду. Өзбекстан Ресбуликасынын Ош шаарындагы генералдык консульствосунун консулу А. Абдурашидов, Ош облустук 10-бөлүмдүн миграция бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын подполковниги У. Токтосунов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги М. Турдалиев, КРдин Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен областарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси М. Ташиев, ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчы С. Амиралиев виза, миграция, укук бузуулар ж.б. боюнча маалымат берүү максатында өзбекстандык студенттер менен жолугушуп, пикир алмашышты. Жыйында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, коомдук тартипти бузбоого, өз коопсуздугуна кам көрүүгө үндөшту. 15-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 1-курстарын кабыл алуу аземи болуп өттү. 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата медицина факультетинде “ Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу адабий- музыкалык кече болуп өттү. Улуттук тазылык кунуно карата медицина факультетинин жакынкы чет олкодон келип окуган студенттери ишембиликке катышышты. ОшМУнун медицина факультетинин Билим кунуно арналган салтанатты медицина факультетинин деканы профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович ачып берип , ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Саттаров Абсамат Эрмаматович жана жалпы профессордук - окутуучулук курам 1-курстун студенттерине билим алууда албан ийгиликтерди каалоо менен бирге Билим күнү менен кызуу куттукташты 1- октябрь "Карылар күнүнө" карата медицина факультетинде жаштар комитети, акыйкатчы аппараты тарабынан карылар күнүнө карата " Карысы бардын ырысы бар" аттуу акция уюштурулду. Акцияны жыйынтыктап 30- сентябрь күнү "Боорукердик үйүнө" барышып аталарга, энелерге белектерин берип, жагымдуу маанай тартуулашты. "Карысы бардын ырысы бар" аттуу акциябызды улантып медицина факультетинин лб-2-22 тайпасынын студенттери куратору Жаныбек кызы Каныкей, лб-1-23 жана ст-5-23 тайпасынын студенттери куратору Сулайманова Айжамал, лк-6-22 тайпасынын студенттери куратору Мамыров Нурсултан улуу муундарыбыздан кабар алып, өз жардамдарын берип келишти. Акцияга катышкан студенттерибизге ыраазычылык билдиребиз. 2023-2024 окуу жылынын отчету