Академическая мобильность

Фергана мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн конок лекция тууралуу отчет

2025-жылдын 24-апрель күнү Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынын Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университети менен биргеликте окуу программаларын, илимий- изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн максаттуу командировка уюштурулуп 11 окутуучу барып келишти.


Наманган университетинде өткөрүлгөн конок лекция тууралуу отчет

2025-жылдын 24-апрель күнү, биз академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетине барып, конок лекция окуп келдик. Бул иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайлары ортосундагы академиялык кызматташууну өнүктүрүү жана билим берүү жаатындагы тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында уюштурулду.

Лекцияга БББТАТМ жана БМЧББПП кафедраларынын мугалимдери барып катышышты. Иш-чара учурунда заманбап технологиялардын жана социалдык медианын баланын өнүгүшүнө тийгизген таасири боюнча кеңири талкуу жүрүп, студенттер активдүү катышып, кызыктуу суроолорду беришти.

Сапардын алкагында аталган кафедралардын жетекчилери жана окутуучулары менен тажрыйба алмашуу, окутуунун усулдарын салыштыруу жана биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Бул мобилдүүлүк биз үчүн кесиптик жактан чоң тажрыйба болуп, эки өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Академиялык мобилдүүлүк окутуучулар арасында билим, идея жана маданий алмашууга түрткү болоруна ишеним чоң


Низами атындагы Ташкент мамлекеттик университети. ИЗО(б)-1-21 тайпасы Төрали кызы Гулнур, Абдувасиева Айгерим.


Ссылка тут