Центр Корейского языка "Хошим"

Хошим Корей борборунун Жобосу


ОшМУ менен Гоанджу университети менен келишими





“Хошим” корей тили жана маданияты борбору ачылды

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде корей тилин жана маданиятын жайылтуучу “Хошим” борбору иштей баштады. Анын ачылуу аземине тышкы байланыштар боюнча проректору К.Ш. Аттокуров, Кванджу университетинин тышкы жана экономикалык байланыштар боюнча проректору Ким Гап Енг, профсоюз уюмунун төрагасы А.Э. Сатаров, эл аралык медицина факультетинин деканы Р. Калматов, чет тилдер борборунун директору С.М. Амиралиев жана жогорку мектептин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Проректор Курсантбек Шарабидинович өз сөзүндө ОшМУдагы эң көп борборлор аталган мектепте иштеп жаткандыгын, бул жерде былтыркы жылы Борбордук Азия университети менен биргеликте сметасы 50 000 доллар болгон үзгүлтүксүз билим берүү борбору ачылса, бүгүн бюджети 20000 долларды түзгөн корей борборунун ишке кирип жатышы жакшы саамалык экендигин белгилеп, мындай алакалар эки элдин, эки окуу жайдын биримдигин жана достугун өнүктүрүүгө чоң өбөлгө боло тургандыгын билдирди. Ал эми Ким Гап мырза Кыргызстан менен Түштүк Корея тарыхый же территориялык жактан байланышпаса дагы, бул эки эл сырткы келбети, тили, маданияты жактан жакын экендигине токтолуп, кыргыз-корей кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө көпүрө ниети бардыгын айтты. Апсамат Эрмаматович кеченин конокторун жана катышуучуларды борбордун ачылышы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Жетекчилер борборду ачууда корей тили мугалими Султанова Аруукенин эмгеги ат көтөргүс болгонун белгилешти. Кече корей тилинде окуган студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду. Аны доцент Д. Акматова алып барды. Эскерте кетсек, эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде корей борборунан тышкары япон, испан, венгер ж.б. борборлор дагы иштейт. Алар аркылуу 100дөгөн студенттер тил үйрөнүп, академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 30 өлкөсүнө барып окуп, тажрыйба алмашып келүүдө.


Заголовок