Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуу көрсөткүчү

2.Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна мониторинг жүргүзүү.

Ош МУ бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун системалуу мониторинг жүргүзүү максатында Google Forms платформасынын негизинде онлайн электрондук сурамжылоо анкетасын иштеп чыккан. Анкета кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлүп, 1980-жылдан 2025-жылга чейинки бардык бүтүрүүчүлөрдүн катышуусуна ачык.

Анкетанын өзгөчөлүктөрү:

- сурамжылоого катышкан бүтүрүүчүлөрдүн саны реалдуу убакыт режиминде көрүлөт;

- ар бир суроонун жыйынтыгы пайыздык көрсөткүчтөр жана диаграммалар түрүндө автоматтык чыгарылат;

- бүтүрүүчүлөрдүн кайсы жерде, кайсы тармакта жана канчасы жумушка орношконун аныктоого мүмкүнчүлүк берет;

- бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна интеграцияланышы боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.

Бул инструмент ОшМУда бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун талдоонун жана чечим кабыл алуунун заманбап санариптик механизми болуп саналат.

ОшМУда жыл сайын орточо эсеп менен 6 000ге жакын бүтүрүүчү окуусун аяктайт. Бирок анализ көрсөткөндөй, бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү окуусун бүткөндөн кийин дароо жумушка орношпойт. Себеби кээ бир тобокелчиликтер бар: керектүү документтерди топтоо, мамлекеттик жана жеке сынактарга, тесттерге катышуу, стажировкадан өтүү, бош жумуш орундарын издөө менен алектенишет.

Ошого байланыштуу жумушка орношуу көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:

Мөөнөт

Жумушка орношкон бюджеттик бүтүрүүчүлөрүнүн үлүшү

Жумушка орношкон контрактык бүтүрүүчүлөрүнүн үлүшү

Эскертме

Окууну бүткөндөн кийин 3 ай ичинде

50 %

70 %

Окууну бүткөндөн кийин 6 ай ичинде

65%

85 %

Окууну бүткөндөн кийин 12 ай ичинде

76 %

94 %

Ал эми КРнын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-июну, №355, 2015-жылдын 20-февралындагы №80 токтомдорун ишке ашыруу максатында, Ош мамлекеттик университетинин бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн Кыргыз Республикасынын региондорундагы мектептерге бөлүштүрүү жараяны жыл сайын өткөрүлөт. Бөлүштүрүүдө Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, мектептин өкүлдөрү катышат. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга жыл сайын 94% жумушка жайгаштырылат.

Бюджеттик негизде окуган педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрү боюнча маалымат

Окуу жылы

Бүтүрүүчүлөрдүн саны

Жолдомо алгандардын саны

Мектепте иштеп жаткандардын саны

Жумушка орношуу %

2021–2022

212

148

140

94,5 %

2022–2023

183

134

126

94 %

2023–2024

166

113

103

91,1 %

2024–2025

152

98

94

94,8 %

Контрактык негизде окуган бардык адистиктердин бүтүрүүчүлөрү боюнча маалымат

жылдар

6 ай ичинде

12 ай ичинде

Адистиги боюнча иштегендер

2022

35%

40%

80%

2023

39%

43%

82%

2024

42%

45%

85%

2025

40%

49%

60%

Орточо көрсөткүч

39%

44%

76,7%




https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfDXKRrGQ0W6peeOmOTI7Ivn8FEMWundIMJ8bD8kLdd7iyDiw/viewform?usp=sf_link

1.Бул Google форма 1980-жылдан 2024-жылга чейинки ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү үчүн түзүлдү. Жогорудагы шилтемеге кирип анкета толтурууга 2 мүнөт гана убакыт кетет.Толтуруп берүүңүздөрдү жана ушул шилтемени башка бүтүрүүчүлөр менен да бөлүшүп коюуңузду суранабыз. Шилтемени башка бүтүрүүчүлөр менен бөлүшүү үчүн анын номери сиздин телефонуңузда сакталуу болушу керек!