Кафедранын Илимий иштери боюнча Отчету
Тарых факультетинин илимий ишмердүүлүгү
Ош мамлекеттик университети
Профессордук-окутуучулук курам
Бүгүнкү күндө тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын 27 мүчөсүнүн ичинен 4 илимдин доктору,12 илимдин кандидаты, 5 улук окутуучу, 4 окутуучу жана 2 ассистент эмгектенип. Бул жалпы сапаттык көрсөткүч боюнча 52% түзөт.
Ар бир кафедранын илимий темалары бекитилген. Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын темасы:
“Кыргызстандын XIX кылымдын аягы – XXI кылымдын башындагы саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү”.
Окутуучулар кандидаттык диссертацияларынын темаларынын үстүндө иштеп, эл аралык, республикалык жана аймактык илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышып, илимий макалаларын жарыялашууда.
Илимий иш-чаралар
Белгилүү даталарга карата факультеттин кафедралары тарабынан илимий конференциялар, семинарлар жана тегерек столдор өткөрүлүп келет. Бул иш-чаралар илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө чоң салым кошууда.
Долбоорлор жана программалар
| № | Долбоордун жетекчиси | Долбоордун аталышы | Максаты |
|---|---|---|---|
| 1 | доцент Арстанов С. | Афганистандагы этникалык кыргыздар | Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарды изилдөө |
| 2 | академик Асанканов А. | Кыргызстандын түштүк аймагындагы этнографиялык изилдөө | Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында экспедициялык изилдөө жүргүзүү |
| 3 | доцент Шаанов Т.М. | Өзбекстандагы этникалык кыргыздар | Өзбекстанда жашаган кыргыздардын тарыхын жана маданиятын изилдөө |
Илимий изилдөө жана музей
Факультетте аспиранттар жана изденүүчүлөр өздөрүнүн илимий жетекчилеринин жардамы менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Факультетте тарыхый музей жана анын алдында илимий лаборатория иштейт. Музей тарыхый экспонаттарды чогултуу жана сактоо иштерин жүргүзөт.
Лабораторияда жаңы табылган экспонаттар изилденип, системалаштырылып, илимий айлампага киргизилип турат.











