Илимий-изилдөө иштери
Кафедранын Илимий иштери боюнча Отчету


Бүгүнкү күндө тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын 30 мүчөсүнүн ичинен 15 окутуучу илимий даражага ээ жана ал жалпы сапаттык көрсөткүчү боюнча 50 % түзөт. Ар бир кафедранын илимий темалары бекитилген. Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын темасы – “Кыргызстандын XIX к. аягы – XXI к. башындагы саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү”.

Дээрлик бардык окутуучулар бекитилген кандидаттык диссертацияларынын темаларынын үстүнөн иштеп келишүүдө жана эл аралык, республикалык жана аймактык илимий-практикалык конференцияларга илимий доклад, макалаларын жарыкка чыгарышууда. Белгилүү даталарга карата, илимий иш чаралардын алкагында факультеттеги кафедралар тарабынан илимий конференциялар, семинарлар, тегерек столдор өткөрүлүүдө жана ал өз натыйжасын берүүдө.

Факультетте аспиранттар жана изденүүчүлөр өздөрүнүн илимий жетекчилеринин жардамы менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Факультетте тарыхый музей жана анын алдында илимий лаборотория иштейт. Музей тарыхый экспонаттарды чогултуу, топтоо иштерин алып барат. Тарыхый лабороторияда жаңы табылгалар, экспонаттар иликтенип, системалаштырылып илимий айлампага киргизилип турат.