Кафедранын методикалык иштери Кыргызстан тарыхы жана археология,этнология кафедрасынын окуу усулдук иштери боюнча жоопту Алтымышова В Усулдук иш - педагогдун чыгармачыл потенциалын (дараметин), кесптик чеберчилигии өнүктүрүүгө башкача айтканда кесптик компетенттүү адистерди сапатуу даярдоого багытталган, илимдин жетишкендиктери жана педагогикалык тажрыйбаларга негизделген бирдиктүү пш - аракеттердин системасы. Билим берүү процессин илимий –усулдук жактан камсыз кылууда усулдук иш төмөндөгнүдөй багыттарда жүргүзүлөт: билим берүү процессинин эффективдүүлүгүн, кесиптик билимдин сапатын жогорулатуучу нормативдик, окуу программалык, окуу - усулдук, маалыматтык окуу каражаттары менен камсыз кылуу, алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды топтоо жана жайылтуу. Методикалык иш - окуу-тарбия процессин окуу-методикалык документтер менен камсыз кылууга окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга, студенттердин аудиторнялык жана өз алдынча иштөөсүнн өркүндөтүүгө, мамлекеттик талаптарды эске алуу менен окуу-усулдук иштеринин бардык формаларын, түрлөрүн жана ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган чаралардын комплекси. Методикалык иштин негизги максаты - окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуута шарт түзүү болуп саналат. Окуу усулдук иш алып баруу кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер: кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан түзүлгөн лекциялык фонд, ар бир предмет боюнча түзүлгөн жумушчу программалар, модулдук, экзамендик тесттерди түзүү, экзамендик билеттерди жана МАКтын суроолорун иштеп чыгуу, окутуучулардын өз ара сабакка катышуусун, студенттердин өз алдынча иштөөсүн уюштуруу, студенттерге жекече жана тайпалык консультацияларды уюштуруу, кєрсєтмє куралдарды (окуу картасы, схема, таблица) даярдоо жана окуу-усулдук колдонмолорду, шилтемелерди, крсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана аларды окуу процессинде пайдалануу. Кафедранын окуу-усулдук иштер боюнча жооптуу окутуучу Алтымышова В окуу жылына карата планын түзүп, ошонун негизинде иш алып барат.

Иш план 2025 









