Связь с производством
Музейлик-архивдик практикасынын приказы


Археологиялык жана этнографиялык талаа практикасы
Археологиялык жана этнографиялык талаа практикасы

Курска мүнөздөмө

Бул курс магистранттардын археологиялык жана этнографиялык багыттагы талаа иштерин түздөн-түз практикалык шартта өздөштүрүүсүнө багытталган. Практика учурунда студенттер чыныгы же моделденген экспедициялык шартта иштеп, маалымат чогултуу, казуу өткөрүү, документтештирүү, интервью алуу жана байкоо жүргүзүү боюнча кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүшөт.

Курс археологиялык казуулардагы жана этнографиялык изилдөөлөрдөгү илимий, аналитикалык жана методологиялык талаптарды практикалык деңгээлде түшүнүүгө жана аткарууга үйрөтөт. Практиканын жүрүшүндө магистранттар талаа күндөлүгүн жүргүзүп, табылган материалдарды каттап, системалаштырып, алдын ала интерпретация жасашат.

Курстун максаты

Курстун негизги максаты — магистранттарды археологиялык жана этнографиялык талаа изилдөөлөрүн кесиптик деңгээлде өз алдынча уюштуруу жана жүргүзүү үчүн керектүү практикалык тажрыйба жана компетенциялар менен камсыз кылуу.

  • казуу жана этнографиялык изилдөөлөрдүн талаа методдорун өздөштүрүү;
  • материалдарды так жана илимий талаптарга ылайык документтештирүү;
  • экспедициялык иштин этикасын жана эрежелерин сактоо;
  • чогултулган материалды талдап, илимий отчет жазуу жөндөмүн калыптандыруу.

Милдеттери

  1. Методикалык даярдык
    • Археологиялык казуу этаптарын түшүндүрүү;
    • Этнографиялык изилдөөдө интервью, байкоо, суроо баракча түзүү ыкмаларын үйрөтүү.
  2. Практикалык талаа иштери
    • Казуу аянтчасын пландаштыруу, торлоо, стратиграфияны кармоо;
    • Табылгаларды топтоо, сүрөттөө, өлчөө, каттоо жана сызуу;
    • Интервью алуу, аудио/видео жазуу жана талаа күндөлүгүн жүргүзүү.
  3. Документтештирүү жана анализ
    • Материалдарды системалаштыруу жана классификациялоо;
    • Экспедициялык журналды так толтуруу;
    • Этнографиялык материалдарды коддоо жана интерпретациялоо.
  4. Илимий отчет даярдоо
    • Талаа практикасы боюнча отчет жазуу;
    • Отчетко схемалар, сүрөттөр жана табылгалардын каттоосун киргизүү;
    • Практика боюнча презентация жасап коргоо.
  5. Профессионалдык компетенциялар
    • Топ менен иштөө маданиятын өнүктүрүү;
    • Экспедициядагы этикалык нормаларды сактоо;
    • Өз алдынча чечим кабыл алуу жана жоопкерчилик алуу.


Музейлик практика
Музейлик практика

Курска мүнөздөмө

Бул курс музейлерде коллекцияларды кайра иштетүүнүн теориялык жана практикалык жактарын карайт. Музей коллекциялары тарыхый жана маданий мааниси менен өзгөчө баалуу болгондуктан, аларды заманбап көрүүчүлөргө жеткирүү үчүн жаңылоо жана чыгармачылык жактан кайра иштетүү зарылчылыгы пайда болот.

Курстун максаты

Музейлерде коллекцияларды кайра иштетүүнүн теориялык жана практикалык аспекттерин үйрөнүү, интерактивдүү жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу музей экспозицияларын жаңылоо.

Милдеттери

  1. Коллекцияларды кайра иштетүүнүн негиздери
    • Теориялык принциптерин түшүнүү
    • Тарыхый жана азыркы маанисин изилдөө
  2. Санариптик технологияларды колдонуу
    • Интерактивдүү технологияларды колдонуу
    • Виртуалдык экспозицияларды түзүү
  3. Инновациялык ыкмалар
    • Жаңы концепциялар
    • Экспозицияларды жаңылоо


Студенттик практика

Студенттик практика

Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасы

Тарых-юридика институтунун социалдык-экономикалык билим берүү бөлүмүндө, анын ичинде Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасында студенттер алган билимдерин бышыктоо максатында атайын талаа шартында археологиялык жана этнографиялык практикалар уюштурулат.

2-курста студенттер музейлик жана архивдик практикаларын өтөшөт. Бүгүнкү күндө сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери да өз практикаларын өтүп, усулчу окутуучулар тарабынан жекече кошумча тапшырмалар берилет.

Практика учурунда студенттер байыркы археологиялык, архитектуралык жана тарыхый жайлар, петроглифтер, шаар калдыктары жана мүрзө комплекстери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мындан тышкары студенттер Кыргызстандын гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн музейлерине барып практика өтөө мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ болушат.

Практика аяктагандан кийин студенттерден анонимдүү анкета алынат жана андагы көйгөйлөр анализденип, кийинки практикаларды уюштурууда эске алынат.

© 2026 Ош мамлекеттик университети