Новости
Билим берүү тармагындагы интернационализация жана глобалдаштыруу боюнча ОшМУнун окутуучуларынын Кыргызстан, Индия жана Өзбекстан ортосундагы үч тараптуу эл аралык долбоору тууралуу маалымат

Жогорку билим берүү системасында академиялык кызматташууну чыңдоо жана интернационализацияны өнүктүрүү максатында Ош Мамлекеттик университетинин окутуучулар тобу Индия жана Өзбекстандагы өнөктөштөрү менен биргеликте үч тараптуу эл аралык долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – интеграцияланган билим берүү программаларын иштеп чыгуу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу аркылуу билим берүүнү глобалдуу деңгээлде өнүктүрүү. Кызматташуунун негизги багыттары: 1. Окутуучулар үчүн биргелешкен семинарлар, мастер-класстар жана тренингдер; 2. Эл аралык педагогика жана салыштырма билим берүү боюнча модулдарды иштеп чыгуу; 3. Өнөктөш университеттер арасында онлайн жана салттуу академиялык алмашууларды уюштуруу; 4. Борбордук жана Түштүк Азиядагы билим берүү процесстерине жана академиялык маданиятка глобалдашуу таасиринин изилдениши. Бул долбоор Кыргызстан, Индия жана Өзбекстандын ортосундагы академиялык диалогду күчөтүп, билим берүү мейкиндигин кеңейтүүгө жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болууда. Эл аралык демилге үч өлкөнүн билим берүү мекемелери жана кызыкдар тараптары тарабынан колдоого алынып, туруктуу жана өз ара пайдалуу академиялык өнөктөштүктүн маанилүү кадамы катары белгиленди.


Биздин окутуучу Туркиянын Сивас университетинде. Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу, Абдулхусейн Абдулхатович, Эразмус + программасынын алкагында Туркиянын Сивас университетинде мобилдуулук боюнча тажрыйба алмашууда.


Индиянын ITEC программасынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу

2025-жылдын 27-мартында Индиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган ITEC программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу Ош шаарында болуп өттү.

Иш-чарага Индияда билим алган ар кыл кесиптеги адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.ОшМУ нун ФжМАК институтунун улук окутуучулары Назарова М.К.,Абдурахманова Х.Т. сөз сүйлөп,ITEC программасынын кесиптик өсүшүнө тийгизген таасири, алган билимдери жана түзүлгөн эл аралык байланыштар тууралуу айтып беришти..

Индия өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасындагы Индия элчилигине адам ресурстарын өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.


29.04.25-жылы ОшМУнун Сапат департаментинин директору Былыкова Махабат Максатовна жетектеген ФМАКИ нин профессордук окутуучулук курамы доценттер Б.Койлубаева, Р.Сагындыкова, Э. Карабекова жана студенттер жамаатын Наманган мамлекеттик чет тилдер университети тажрыйба алмашуу максатында конокко чакырышты. Аталган университеттин ректору, Каримов Риводжиддин Гуломжонович жана жалпы профессордук окутуучулар жамаат менен биргеликте студенттер даярдаган эл аралык тилдер фестивалынына карата билим ярмаркасына катышышты.Жамаатка ийгиликтерди каалоо менен келечекте эки университеттин жаштарга ийгиликтуу билим беруудо кызматташууну бекемдоо жана башка алгылыктуу иштер боюнча ой болушуу аталган университеттин декандары жана проректорлорунун катышуусунда болду.


Фергана мамлекеттик университети менен биргеликте кош дипломдуулук программасын түзүү каралды.
6.03.2025-ж. ФжМАКИнин чет тилдер бөлүмүндө Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинен делегация келишти. Эл аралык коллобарациянын алкагында эки тараптуу бир нече программалардын пландарын талкуулоо менен кош дипломдуулук программасын биргеликте түзүүнү сунушташты.


Кош дипломдуулук боюнча окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болду.
27-февраль күнү Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда ОшМУ жана Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинде кош дипломдуулук боюнча окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болду.Жолугушуунун жүрүшүндө кош дипломдуулук программасы боюнча маалыматтар айтылып,суроо-жооптор болду.


KYRGYZSTANI PROFESSOR-TEACHERS VISIT THE INSTITUTE
As you know, at the end of November this year, the Central Asian Rectors Forum was organized in the Kyrgyz Republic, and 5 rectors from the Republic of Uzbekistan, including the rector of the Andijan State Institute of Foreign Languages, D.A. Rustamov, participated in it. Within the framework of the forum, memorandums of cooperation were signed with several foreign higher education institutions. Today - 13.12.2024, in order to ensure the implementation of these memorandums, professors and teachers from a number of higher educational institutions of the Kyrgyz Republic visited the Andijan State Institute of Foreign Languages. They were welcomed by representatives led by the Vice-Rector for Academic Affairs of the Institute, EEKurbanov . During a short conversation, they exchanged views on the intended purpose of this visit and exchanged souvenirs. After that, all the visiting professors and teachers conducted master classes and workshops for the students and faculty of the institute in the auditoriums prepared for them. This visit turned out to be mutually beneficial for both parties.