
Жогорку билим берүү системасында академиялык кызматташууну чыңдоо жана интернационализацияны өнүктүрүү максатында Ош Мамлекеттик университетинин окутуучулар тобу Индия жана Өзбекстандагы өнөктөштөрү менен биргеликте үч тараптуу эл аралык долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – интеграцияланган билим берүү программаларын иштеп чыгуу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу аркылуу билим берүүнү глобалдуу деңгээлде өнүктүрүү. Кызматташуунун негизги багыттары: 1. Окутуучулар үчүн биргелешкен семинарлар, мастер-класстар жана тренингдер; 2. Эл аралык педагогика жана салыштырма билим берүү боюнча модулдарды иштеп чыгуу; 3. Өнөктөш университеттер арасында онлайн жана салттуу академиялык алмашууларды уюштуруу; 4. Борбордук жана Түштүк Азиядагы билим берүү процесстерине жана академиялык маданиятка глобалдашуу таасиринин изилдениши. Бул долбоор Кыргызстан, Индия жана Өзбекстандын ортосундагы академиялык диалогду күчөтүп, билим берүү мейкиндигин кеңейтүүгө жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болууда. Эл аралык демилге үч өлкөнүн билим берүү мекемелери жана кызыкдар тараптары тарабынан колдоого алынып, туруктуу жана өз ара пайдалуу академиялык өнөктөштүктүн маанилүү кадамы катары белгиленди.
Биздин окутуучу Туркиянын Сивас университетинде Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу, Абдулхусейн Абдулхатович, Эразмус + программасынын алкагында Туркиянын Сивас университетинде мобилдуулук боюнча тажрыйба алмашууда.
Индиянын ITEC программасынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу
2025-жылдын 27-мартында Индиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган ITEC программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу Ош шаарында болуп өттү.
Иш-чарага Индияда билим алган ар кыл кесиптеги адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.ОшМУ нун ФжМАК институтунун улук окутуучулары Назарова М.К.,Абдурахманова Х.Т. сөз сүйлөп,ITEC программасынын кесиптик өсүшүнө тийгизген таасири, алган билимдери жана түзүлгөн эл аралык байланыштар тууралуу айтып беришти..
Индия өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасындагы Индия элчилигине адам ресурстарын өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
29.04.25-жылы ОшМУнун Сапат департаментинин директору Былыкова Махабат Максатовна жетектеген ФМАКИ нин профессордук окутуучулук курамы доценттер Б.Койлубаева, Р.Сагындыкова, Э. Карабекова жана студенттер жамаатын Наманган мамлекеттик чет тилдер университети тажрыйба алмашуу максатында конокко чакырышты. Аталган университеттин ректору, Каримов Риводжиддин Гуломжонович жана жалпы профессордук окутуучулар жамаат менен биргеликте студенттер даярдаган эл аралык тилдер фестивалынына карата билим ярмаркасына катышышты.Жамаатка ийгиликтерди каалоо менен келечекте эки университеттин жаштарга ийгиликтуу билим беруудо кызматташууну бекемдоо жана башка алгылыктуу иштер боюнча ой болушуу аталган университеттин декандары жана проректорлорунун катышуусунда болду.
Фергана мамлекеттик университети менен биргеликте кош дипломдуулук программасын түзүү каралды.
Кош дипломдуулук боюнча окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болду.
KYRGYZSTANI PROFESSOR-TEACHERS VISIT THE INSTITUTE