Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлерин, окуу-көмөкчү персоналын, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү, магистранттаржана студенттердибириктирген республикадагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Анын тарыхы 1939-жылдан, Ош мугалимдер институту түзүлгөн учурдан башталып, 9 окутуучу жана жүзгө жакын студенттер институттун профсоюз комитетинин алгачкы жамаатын түзүшкөн. Алгач профсоюз уюму жергиликтүү комитет деп аталган.
1951-жылы мугалимдер институту педагогикалык институт катары кайра түзүлгөндө, 29 окутуучу, 350 студенттен турган ОшПИнин профсоюз комитети уюшулган. Окуу жайдын профкомунун алгачкы төрагасы болуп Сражидин Байбеков иштеген (1951-1955).
Анын демилгеси менен институттун профсоюз уюму Гүлчөдөгү балдар үйүнүн тарбиялануучуларын шефтикке алып, бир топ жыл балдарды азык-түлүк жана кийимдер менен камсыздап турушкан.
Кийинки жылдары уюмдун жетекчилери болуп А.Приев (1955-57-ж.), М.Абдулина (1957-61-ж.), С.Кравченко (1961-64-ж.), Ж.Шериев (1964-68-ж.), А.Пирматов (1968-69-ж.), Е.Штрауфман (1969-71-ж.), О.Карашев (1971-73-ж.), Ж.Асанбеков (1973-78-ж.), К.Назаров (1978-83-ж.), Б.Токторалиев (1983-87-ж.), С.Абдугулов (1987-99-ж.), Б.Иметов (1999-2004-ж.), А. Аккуловдор (2004-2020-ж.) иштешкен. 1960-жылдары профсоюздун демилгеси менен Арсланбапта институттун жайкы спорттук - ден соолукту чыңдоо лагери уюшулган. Ал жерде институттун студенттери жана окутуучу, кызматкерлери эс алышып, ден соолуктарын чыңдап турушкан. Ушул жылдары институттун башкы имаратында жана № 2 жатаканасында профсоюздун демилгеси менен ашканалар ачылган. Уюмдун өтүнүчү менен институттун 20 окутуучусу шаардык бийлик органдары тарабынан турак-жай менен камсыздалган.
1971-жылдан институттун профкомунун төрагасы бошотулган кызмат катары киргизилген. Ага чейин бул кызмат коомдук башталышта болуп келген эле. 1970-80-жылдары институттун профсоюз уюмунун ишмердиги бир топ жогорулаган. Бардык факультеттерде профсоюздук активдер шайланып, структуралык түзүмдөр толук кандуу иштей баштаган. 1977-жылдан 50 орундуу профилактория ачылып, мында жылына 1200-1300 студенттер ден соолугун чыңдап турушкан. Студенттик медициналык пункт иштей
баштаган. Ушул мезгилде 17 окутуучу турак-жай менен камсыздалган. 1992-жылы окуу жайыбыздын университет статусун алуусу профсоюз уюмунда да жаңы деңгээлге багыттады. Жаңы адистиктердин ачылышы менен студенттик контингенттин жана жогорку кесиптик окутуучулук-профессордук курамдын санынын өсүүсү аркылуу ОшМУнун профсоюзу да өсүп отурду. ОшМУнун профсоюз комитетинин 2020-жылдын 20-февралында өткөн XXXIV конференциясынын токтомдору менен анын төрагасы болуп биология илимдеринин кандидаты Саттаров Абсамат Эрмаматович шайланып, бүгүнкү күндө иштеп келүүдө.
Учурда ОшМУнун Профсоюз комитети КРнын “Профсоюздар жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарынын, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жана Ош мамлекеттик университетинин профкому менен администрациясынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо, кызматкерлер менен студенттердин эс алуусун уюштуруу чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Өзүнүн уставдык милдеттерине ылайык ОшМУнун профкому тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча ишчаралар ырааттуу өткөрүлүп турат. Комитет эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардам көрсөтүлөт, маданий-массалык жана сопрттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет. 2010-жылдын март айынан баштап Студенттик Акыйкатчы аппаратынын иштери профкомдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүүдө. Бул мезгил ичинде окуу жайыбыздагы ачыктыкты, таза сессияны, студенттердин укуктарын коргоону, аларга сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди профкомдун төрагасы, доцент А.Аккуловдун жетекчилигинде Студенттик Акыйкатчылар – профкомдун төрагасынын студенттер менен иштөө боюнча орун басарлары Ахмадалиев Алмаз (2009-2011-ж.ж.), Жеңишбек уулу Аскарбек (2011-2013-ж.ж.), Кубанычбек уулу Нурсултан (2013-2015-ж.ж.), Акбаралиев Өмүрбек (2015-2017-ж.ж.), Орозали уулу Бектурсун (2017-2019-ж.ж.), Абдырахманов Адилет (2019-2021-ж.ж.), Жумабаев Бекжан (2021-2023), Майрамбек уулу Баястан (2023-2024), Метинали уулу Бектур 2024-жылдан бери иштеп келүүдө.
Азыркы учурда университеттин Ош шаарында эки саламаттыкты чыңдоочу борбору,
«Ак-Буура» эс алуу зонасы, ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээгинде бир агымда 120
эс алуучуну кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ «Үмүт» пансионаты бар. Билим берүү
жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан Ош
шаарындагы ЖОЖдор арасында жыл сайын уюуштурулуп өткөрүлгөн спорттук
мелдештерде ОшМУнун командасы катары менен алты жолу 2013-жылдан бери
биринчи орунду ээлеп келе жатат.
Азыркы учурда
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты,
доцент
Саттаров Абсамат Эрмаматович
2025-жылга карата ОшМУнун профсоюз комитетинин курамы
№ |
Фамилиясы, аты |
Иштеген жери |
1. |
Саттаров Абсамат Эрмаматович |
ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы |
2. |
Турдубаев Бактыбек Абдилатович |
Профсоюз комитетинин укук жана техникалык инспектору |
3. |
Калбаев Умирбек Маткасимжанович |
Профсоюз комитетинин башкы эсепчиси |
4. |
Айтыкулова Айжаныл |
Профсоюз комитетинин башкы адиси |
5. |
Мадмаров Мидин Маматович |
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун профбюро төрагасы |
6. |
Исаков Маматали Собирович |
Админ. чарба департаментинин профбюро төрагасы |
7. |
Табалдыев Нурбек Алинбекович |
Тарых жана юридикалык институтунун профбюро төрагасы |
8. |
Аспердиева Чынара Мейманалиевна |
Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун профбюро төрайымы |
9. |
Аскаров Гулжигит Рустамбекович |
Дипломдон кийинки мед. билим берүү борборунун профбюро төрагасы |
10. |
Матаев Медербек Айтыбаевич |
Педагогика, искусство жана журналистика институтунун профбюро төрагасы |
11. |
Жороев Атабек Митаевич |
Текшерүү комис.н төрагасы |
12. |
Мамыров Нурсултан Азамбекович |
Медицина факультетинин профбюро төрагасы |
13. |
Ботобеков Абдирасил Сайпидинович |
Медклиниканын профбюро төрагасы |
14. |
Маликов Алтынбек Азизбекович |
ФЮКтун профбюро төрагасы |
15. |
Бекмурзаева Айнура |
Теология факультетинин профбюро төрагасы |
16. |
Султанов Мирбек Раимбердиевич |
Медициналык колледжинин профбюро төрагасы |
17. |
Тойгелди кызы Айчүрөк |
Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин профбюро төрайымы |
18. |
Сагынбаева Нурила Токуровна |
“Билим” лицейинин профбюро төрайымы |
19. |
Абдырахманова Сезимгүл |
Китепкананын профбюро төрайымы |
20. |
Тургунбаева Ибадат Махамадиновна |
“Зирек” балдар бакчасынын профбюро төрайымы |
21. |
Жээнбеков Аман Бапыевич |
Ыйман лицейинин профбюро төрагасы |
22. |
Нуруев Мирлан Камалович |
Эл аралык медицина факультетинин профбюро төрагасы |
23. |
Шамшиев Нурбек |
Кыргыз-Кытай факультетинин профбюро төрагасы |
24. |
Султанова Арууке Медетбековна |
Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин профбюро төрайымы |
25. |
Носиров Шерзодбек |
Чыгыш таануу институтунун профбюро төрагасы |
26. |
Мамасадыков Айбек Ураимжанович |
Индустриалдык-педагогикалык колледжинин профбюро төрагасы |
27. |
Боронов Самат Календарович |
STЕM иновациялык колледжинин профбюро төрагасы |
28. |
Абдурахманов Артыкбек Аскарбекович |
Эл аралык билим берүү программалоо колледжинин профбюро төрагасы |
29. |
Талипов Алманбет Тынычбекович |
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун профбюро төрагасы |
30. |
Кудайбердиев Бекарстан Асилбекович |
Техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн профбюро төрагасы |
31. |
Капаров Афтандил Сабирдинович |
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун профбюро төрагасы |
32. |
Жайлообаева Гүлбарчын |
“Ноокат” мектеп гимназиясынын профбюро төрайымы |
33. |
Марат уулу Нуристан |
“Кара-суу” мектеп гимназиясынын профбюро төрагасы |
34. |
Пулатов Шахабидин Хамдамович |
Арашан гуманитардык институтунун профбюро төрагасы |
35. |
Сулайманова Айжан Айчыбековна |
Башкаруу бөлүмүнүн профбюро төрайымы |
36. |
Метинали уулу Бектур |
Студенттик акыйкатчы |
37. |
Кенжеев Токторбай Абдырахманович |
Жаштар комитетинин төрагасы |