Новости

ЖАРЫЯЛАР
Нурзат Ысмаилованын спорттогу 25 жылдык мааракеси белгиленди Ош мамлекеттик университетинин “Университет” кыз келиндер клубунун башкы машыктыруучусу, ага окутуучу Нурзат Ысмаилованын спорт жана билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүнө 25 жыл толгонуна карата мааракелик иш-чара өттү. Анын алкагында Ош облусундагы райондор аралык кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулуп, ага тогуз команда катышты. Жыйынтыгында Кара-Суу командасы жеңүүчү аталды. Иш-чарага университеттин ректору Кудайберди Кожобеков, профсоюз комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров, жамаат мүчөлөрү, студенттер жана спорт тармагынын өкүлдөрү катышты. Ректор өз сөзүндө Ысмаилованын спорттогу ийгиликтери анын эмгекчилдигин, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адис экенин айгинелерин белгиледи. Ошондой эле ага “ОшМУга эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси жана санаторияга акыз жолдомо, белектер тапшырылды. Нурзат Ысмаилова волейбол боюнча “Спорт чебери”, “Дене тарбиянын жана спорттун отличниги” ардак белгилеринин ээси. Ал машыктырган “Университет” кыз-келиндер клубу өлкөнүн үч жолку чемпиону, Кыргыз волейбол федерациясынын президентинин кубогунун төрт жолку ээси болгон.



27-декабрь күнү саат 11:00дө Ош мамлекеттик университетинде жамааттын балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өтөт. Иш-чара Кесиптик бирлик тарабынан уюштурулуп, окуу жайда эмгектенген окутуучулар менен кызматкерлердин 10 жашка чейинки балдары чакырылат. Майрамдык кечеде бөбөктөр үчүн атайын шоу-концерт коюлуп, кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, жаңы жылдык белектер тапшырылат. Балаты майрамы ОшМУнун башкы имаратында (ЧАЗ) өтөт.