


Отчет о проведенной конференции 30.11.2021 ж. ОшМУнун башкы корпусунун чон актовый залында "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Куттуктоо сөздөрү менен Осумбеков З., Эркебаев Т.К., Баткен жана Сүлүктү окуу жайларынын илимий иштер боюнча проректорлору, аспирантура бөлүмүнүн башчысы Анарбаева Г., активдүү жана мыкты ОшМУнун аспиранты Исраилова З.И. баарына ийгилик каалап куттуктоо сөздөрүн айтып өтүштү. Конференция эки бөлүктөн турду. Биринчи - пленардык кенешме, экинчиси - секциялык иштер. Жалпы 400 дөн ашык баяндамачылар катышты анын ичинен 10 дон ашуун башка региондордун катышуучулары болду. Пленардык кенешмеде ОшМУнун медицина факультетинин студенти Авазбеков Бектурсун “Радиационная и дифференциальная диагностика сведений компьютерной томографии больных Ковид-19” баяндамасы менен чыкты. Конференцияда жалпы 16 секциялык иштен турду. 15 чи "Медицина" секциясы медицина факультетинин 103 а аудиториясында өттү. 15 чи "Медицина" секциясынын модератору м.и.д.,профессор Маметов Р.Р. жана катчы м.и.к.,доцент Тажибаев М.К. болушту. 15 чи секцияда жалпы 20 баяндамачы, арасында медициналык колледж жана КУУ окуу жайынын студенттери да катышты. Жыйынтыгында I чи даражадагы диплом менен -Авазбеков Бектурсун “Радиационная и дифференциальная диагностика сведений компьютерной томографии больных Ковид-19” баяндамасы менен жана Нурбек кызы Айпери 3ЛБ-1а тайпасынан "Влияние продуктов сгорания табака на процесс трансформации клеток" аттуу доклады менен, II чи даражадагы диплом менен - Курманбек уулу Эмир 5ЛБ-1-17 тайпасынан "Удельный вес факторов риска гипертонической болезни населения г. Ош." аттуу доклады менен жана Каримова Айзирек,Аллабердиева Айдай, Арстанбекова Аяна (медициналык колледж) "Актуальные применение наружных лекарственных средств на основе природного происхождения, используемые в косметологии" аттуу доклады менен, III чү даражадагы диплом менен - Батырбек кызы Зыяда, Шайырбек уулу Сулайман(медициналык колледж) "Болочок фельдшерлерди даярдоодогу актуалдуу маселелер"аттуу доклады менен жана Сулайманова Айгерим, Раимбердиева Диана 3МПД-1-19 тайпасынан "Влияние дистанционного обучения на здоровье обучающихся" аттуу доклдаддары менен катышуучулар женишке ээ болушту.