Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын Универсиадасында. Медицина факультетинин эки студенти. Аширбек уулу Нурсултан 65 кг 1-Даражадагы диплом. Юлдашев Алмаз 92 кг чыгып 3-даражадагы дипломго ээ болушту! Наш студент 4 курса специальности «Лечебное дело», Саматов Абдуллох , стал победителем международного конкурса «Лучший студент СНГ»! Конкурс, организованный Национальным инновационным научно-исследовательским центром «Bilim-orkenieti» совместно с Республиканским инновационным центром «Жана Казакстан», высоко оценил вклад Абдуллоха в развитие молодежной политики стран СНГ. Он был награжден дипломом I степени, памятным знаком, удостоверением и кубком. Мы искренне поздравляем Абдуллоха с этим выдающимся достижением! Желаем Абдуллоху новых успехов и свершений на его профессиональном пути! «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу конкурс өттү 05.04.2023. Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосунда «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу музыкалык-эстрадалык сынак уюштурулду. Ага медицина, эл аралык медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият, педагогика жана психология, орус филологиясы ж.б. факультеттерден 16 конкурсант катышты. Алар индия, өзбек, азербайджан, уйгур, орус улутундагы студенттер болушту. Бул сынакка этникалык кыргыздар тартылган жок. Конкурстун жыйынтыгында эл аралык медицина факультетинин 3-курсунун студенти Каду Пратам Нитин (Kadu Pratham Nitin) “Гран-при” башкы сыйлыгын, 4-курсунун студенти Шубхам Рамрао Чаудхари (Shubham Ramrao Chaudhari) 1-орунду, 3-курсунун студенти Динеш Кумар (Dinesh Kumar) 2-орунду, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 2-курсунун студенти Аббос Абдурасулов “Жеңүүчү” номинациясын, медицина факультетинин студенттери Султонова Гулчирой, Ахмедова Ойкиз 3-орунду алып, статуэткалар жана дипломдор менен сыйланышты. Ал эми калган таланттарга активдүү катышкандыгы үчүн ардак грамоталар тапшырылды. Иш-чарага окуу жайдын профсоюз комитети демөөрчү болуп берди. Учурдан пайдаланып, анын төрагасы, доц. А.Э. Сатаровго терең ыраазычылык билдиребиз. Обондуу сынакка университеттин студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору, доц. Жылдыз Артыкова, Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал, белгилүү обончу-аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Темир Назаров, Россия каналынын “Привет Андрей” программасынын катышуучусу, таланттуу ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Жанибек уулу Данияр, окуу жайдын Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун директору Дамирбек Ыразаков, Ош шаардык маданият башкармалыгынын башкы адиси Перизат Исабековалар калыстык кылышып, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Кыргыз элинин тилин, улуттук маданиятын, искусствосун даңазалоого багытталган музыкалык маанайшат таймаш чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан демилгеленип, алгачкы ирет өткөрүлдү. Ал улуттар ортосундагы ынтымакты, достук мамилени бекемдөө максатында төмөнкү милдеттерди алдына койду: - чет өлкөлүк студенттердин арасынан таланттууларын тандап алуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүүгө түрткү берүү; - таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана алардын өнөрүн элге жайылтуу; - чет өлкөлүк студенттердин арасында маданий эс алууну уюштуруу; - cтудент жаштардын музыкалык- эстетикалык табитин өнүктүрүү ж.б. ОшМУ чет өлкөлүктөргө сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү менен гана чектелбестен, аларды университеттин коомдук турмушуна активдүү аралаштырып, конок студенттер үчүн ар кандай маданий-массалык, илимий, интеллектуалдык, спорттук ж.б. иш-чаралар уюштурууну колго алган. Жогорудагы таймаш – ошолордун бири. 2023 -жыл ОшМУда "Сергек жашоо жана ден соолук" жылына карата факультеттер аралык 1-курс студенттеринин спартакиадасында, медицина факультети 2 чи оорунду элешти. 23-сентябрь «Кыргыз Республикасынын улуттук тил» күнүнө карата медицина факультетинин Акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган “Өз үйүңдө өгөйлөнгөн эне тил” аттуу дебатка. 2 курстун студенттеринен 4 команда катышып. Диплом менен жана активдүү катышкандыгы үчүн Сыйлоо баракчасы менен сыйланды. 1. Орун "Краштар" командасы 2.Орун "Соз казынасы" 3. Орун ”Ой жарышы” 4.Орун "КЕРЭЭЗ " 9-октябрь күнү ОшМУнун медицина факультетинде жаштарды ынтымакта, достукта жашоого үндөө максатында «Ыйык мекен – ынтымак кучагында» аттуу теманын алкагында акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган, студенттердин арасында көп улуттан куралган беш команданын катышуусунда акыл-таймаш интеллектуалдык оюну болуп өттү. Акыл-таймашта эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен эки команда жана медицина факультетинен үч команда билим сынашты. Оюндун шарты боюнча, ар улуттан турган төрт оюнчудан куралган командалар кызыктуу таймаш алып барышты. Оюнчулар чыныгы командалык ишин, ынтымак, оюнга шыктануу, бири-биринин пикирин угуу жана урматтоо жөндөмү эмне экенин көрсөтүштү. Иш-чаранын негизги максаты студенттерди достукка, толеранттуулукка жана маданияттуулукка үндөө болгон. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчу команда аныкталып, орундар төмонкучө бөлүндү; (медфак) 1-орун – «Лидеры» командасы (медфак) 2-орун – «Целители» командасы (ВШМОП) 3-орун – «F4» командасы . Активтуу катышкан студенттер деканат тарабынан грамоталар, ыраазычылык каттар жана адабий китептер менен сыйланышкан. Жюри катары чакырылган медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти ф-м.и.к М.М. Садыровага, ички оорулар кафедрасынын башчысы м.и.к, доцент Э.Н.Бекешовага жана уюштурган акыйкатчы аппаратына ыраазылык билдиребиз. 2025-жылдын 20-февралында студенттик жашоонун эң маанилүү учурларынын бири болгон “ОшМУ мырзасы 2025” конкурсу болуп өтту. Толкунданууга, чыгармачылыкка жана атаандаштык рухуна толгон бул иш-чара окуу жайдын эң таланттуу, харизмалуу жана максаттуу жаштарын аныктоого багытталган. Медицина факультетинин “дарылоо иши” адистигинин 2-курсунун студенти Идинов Адахан «ОшМУ мырзасы 2025» сынагына факультеттин атынан катышып, жаркын аткаруу, харизма жана туруктуу эмгеги менен 3-орунга жана “Инстаграм мырзасы 2025” номинациясына ээ болду. Сынак бир нече этап менен өтүп, катышуучулар өздөрүнүн визуалдык жагымдуулугун гана эмес, акылын, талантын, чеберчилигин жана эрудициясын көрсөтүштү. Идинов Адаханды татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана окууларына ийгилик каалайбыз. 2022-жылдын 23-декабрында медицина факультетинин студенттери үчүн жаны жыл майрамына карата "Декандык балл" болуп өттү. Жыл жыйынтыгында окууда, илимде жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерибиз ОшМУнун профсоюз комитетинин, ОшМУнун жаштар кеңешинин жана медицина факультетинин грамоталары менен сыйланышты. Ал эми эл аралык олимпиадада эң мыкты жетишкендикдерди багындырган Курманбек уулу Эмирге декандын атынан 5000 сом стипендия берилди. Уюштуруучуларга жаштар кеңешине ыраазычылык билдиребиз.Жанырган жылыбыз студенттерибизге көптөгөн ийгиликтерди алып келген жылдардан болсун. “Атуулдук стипендияга” Медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин студенти Алиева Ирода жана фармация адистигинин студенти Камчыбекова Динара ээ болушту. Студенттик Нобель сыйлыгын багындырган мыкты студенттерибизди куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз ОшМУда Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган факультеттер аралык “STUD Talant” аттуу таланттуу студенттердин ыр сынагынында медицина факультетинин фармация адистигинин студенти Улан уулу Атабек “Айылга кат” чыгармасы менен 2-орунду жеңип алды, Атабекке ийгиликтерди каалайбыз. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата медицина факультетинин кыздар арасында "Медфак периси-2024" сулуулар сынагы өткөрүлдү. Сынактын негизги максаты: Студент- жаштарга эстетикалык тарбия берүү; Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу жана эстетикалык табитин арттыруу; Сулуулукту, аруулукту, наздуулукту, акылдуулукту, таланттуулукту даңазалоо; Сулуулар сынактын 5 түрдүү шарттарын аткарышып, өздөрүнүн сулуулугун, билимин, жөндөмдүүлүгүн, талантын, интеллектуалдык потенциалын, тапкычтыгын, ийкемдүүлүгүн көрсөтө алышты. Сынактын жыйынтыгында "Медфак периси-2024" номинациясына ээ болгон дарылоо иши адистигинин студенти Самидинова Гульнурага ОшМУ нун профсоюз комитети тарабынан Ыссык-көлгө путевка, катышуучу кыздардын баарына Арсланбапка эс алууга жолдомо берилди. Деканат тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сынакка катышкан тилеги ак халатындай ак болгон кыздарыбызга терең ыраазычылык билдирүү менен окууларына ийгилик каалайбыз. Сынакты калыс баалап берген калыстар тобуна, демөөрчүлөргө, уюштуруу иштери үчүн аялдар кеңешине, жаштар комитетите терээң ыраазылык билдиребиз. 2024-жылдын 8-июнь күнү медицина факультетинин 2018-2024 жылдар аралыгында окуган бүтүрүүчүлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. ОшМУнун ректору профессор К.Г.Кожобеков өз сөзүндө бутүрүучүлөргө ак жол каалоо менен бирге артыкчылык диплом менен аяктап жаткан жана атуулдук стипендияттарды ыраазычылык кат менен сыйлады. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы доцент А.Э. Саттаров жана медицина факультетинин деканы профессор И.Т.Ыдырысов окууда, илимде жана маданий иштерге активдүү катышкан бүтүрүүчүлөрдү ардак грамоталар менен сыйлашты. Медицина факультетинин профессордук окутуучулук курамынын атынан педиатрия 1 кафедрасынын башчысы доцент КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Аттокурова, акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы доцент, КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Исраилова, фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы кафедрасынын башчысы доцент З.С.Боронова, травматология, соттук медицина жана нур диагностика курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Т.Т.Сейтбеков, ички оорулар жана үй- бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Ф.Т.Рысматова, табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын башчысы доцент Г.Г.Омурзакова, адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Б.К.Кенешбаевдер бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалоо менен бирге, келечекте мыкты дарыгер болуусуна тилектештигин билдиришти. Ата-энелердин атынан Г.К.Бекмурзаева жана бүтүрүүчүлөрдүн атынан С.У.Тагдыршаев, К.Д.Камчыбековалар сөз сүйлөшүп жалпы ОШМУнун жамаатына ыраазычылыктарын айтышты. Кечени 1-курстун студент кыздарынын ыр-бийлери коштоду. АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ! САПАРЫҢ БАЙСАЛДУУ БОЛСУН! Бишкек шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык чемпионатта Медицина факультетинин Лк 7-24 тайпасынын студенти Чынара Акматалиева алтын медалга ээ болду. Ал 64 килограмм салмакта күч сынашкан Бүгүн, 24-декабрда ОшМУнун он студенти «Атуулдук стипендия» алды. Аларды сыйлоо үчүн «Идея, аракет, натыйжа” аталышында иш-чара уюштурулуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты. Медицина факультетинин «МПД» адистигинин студенти Разакова Алтынай «Атуулдук стипендия» менен сыйланды, ошондой эле профессионалдык бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эки жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү «Дарылоо иши» адистигинин студенти Акматалиева Чинара жана эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээлеп келген студенттерибиз ректордун ыраазычылык каты менен сыйланышты. Студенттерибизге кен келечек, окууларына ийгилик каалап кетебиз. Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо, алыш бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка катышкан ОшМУнун медицина факультетинин фармация адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенти Динара Камчыбекова 70 кг салмакта алыш бел боо күрөшү боюнча I орунду ээледи. Динара 72 кг салмакта спорттук самбо боюнча да I орунду багындырып,диплом жана медалдар менен сыйланды. Дзюдо, самбо жана алыш күрөшү боюнча спорттун чебери Динара Камчыбекова алдыда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, Азия жана дүйнөлүк мелдештерге даярдык көрүүдө. 2023-жылдын 23-декабрында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 75 студенттине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи өттү. Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгилик жана жетишкендиктерди каалап, 60 миң сом өлчөмүндө президенттик стипендияларды тапшырды.Президенттик стипендияга ОшМУнун 5 студенти ээ болду. Алардын ичинде медицина факультетинин дарылоо адистигинин 5-курсунун студенти Нурбек кызы Айпери да бар.