Семинары
Жыйынтыктоочу конференция

Окутуучулар үчүн методикалык семинар

2026-жылдын 9-апрелинде STEM инновациялык колледжинде окутуучулар үчүн маанилүү методикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чара колледждин Окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н. Маликова тарабынан уюштурулуп, окутуучулардын суроо- жооптору менен коштолду.

Семинардын негизги максаты – окутуучулардын жылдык рейтингин жүргүзүү боюнча жобо менен кеңири тааныштыруу жана аны иш жүзүндө туура колдонуу жолдорун түшүндүрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга рейтингдик система тууралуу толук маалымат берилип, ар бир көрсөткүчтү туура жана так жайгаштыруу боюнча методикалык кеңештер сунушталды.

Мындан тышкары, семинар заманбап билим берүү технологияларын сабак процессинде колдонууга да багытталды. Бул багытта ИКД циклынын окутуучулары Абдумалик К. Н. жана Маматкалы К. Б. өздөрүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, интерактивдүү ыкмаларды, санариптик куралдарды натыйжалуу пайдалануу боюнча практикалык мисалдарды көрсөтүштү.

Семинар жандуу талкуулар менен коштолду. Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, билим берүү сапатын арттырууга жана инновациялык ыкмаларды кеңири жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.


STEM инновациялык колледжи

Окутуучулардын семинардагы катышуусу

STEM инновациялык колледжинин окутуучулары бугун 31.10.2015 ОшМУнун ОСжМКБ тарабынан уюштурулган «Алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу» атуу семинарына катышышты. Семинардын тренерлери «ОшМУнун заманбап окутуучусу», «ОшМУнун мыкты СОАИ чебери», «Мыкты педагогикалык дебюд» конкурстарынын женуучулорунун тажрыйбаларын практикалоо менен жургузулду. Окутуучулар семинарга активдуу катышып, аягында суроо- жооп менен коштолду. Уюштуруучуларга терен ыраазычылык билдиребиз…

Картинка 1 Картинка 2 Картинка 3 Картинка 4 Картинка 5 Картинка 6 Картинка 7


Семинар

Практика жетекчи Маманов Мухаметали агай. Практика жетекчи Маманов Мухаметали агай. Практика жетекчи Маманов Мухаметали агай. Практика жетекчи Маманов Мухаметали агай.

STEM инновациялык колледжинин методикалык кеңешинин башчысы Н.Маликова жана ар бир бөлүмдүн усулчулары менен биргеликте жаш окутуучулурага усулдук колдоо көрсөтүү жана тажрыйбалуу окутуучуларга жаңылыктарды жеткирүү максатында усулдук семинар болуп өттү. Семинарга коллдеждин окутуучулары дээрлик катышып суроо жооптор менен коштолду.


"Семинар"

Практика жетекчи Маманов Мухаметали агай. Практика жетекчи Маманов Мухаметали агай. Практика жетекчи Маманов Мухаметали агай.

03.12.2024-жылы STEM инновациялык колледжинде окутуучулурдын квалификациясын жогорулатуу максатында "Окутуудагы жаңы инновациялык технологиялар" аталышындагы семинар болуп өттү. Семинардын башында Информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусу, колледждин ОМК төрайымы Н.П.Маликова жаңы мектепке салынган окутуу программсы(силлабус) боюнча озгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, окутуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди. Андан соң ИКД циклынын окутуучулары Абдумалик кызы Нуржан жана Жумабек кызы Гулбурак LeirningApps, Wardwall аталышындагы онлайн платформаларды сабакта колдонуу боюнча оздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү


Директордун окуу иштери боюнча орун басары Сулайман уулу Заирбек жана колледждин методикалык кеңешинин төрайымы Н. Маликова “ОшМУда студенттердин билимин баалоонун модулдук баллдык- рейтингдик системасы жөнүндө” жаны жобону тааныштырып окутуучуларга маалымат берилди. 24.03.2025