Абдырахманова Бурулай Суюиблевна
Өмүр баян Мен Абдырахманова Бурулай Суюнбаевна 1987-жылдын 29-августунда Жалал Абад облусунун Барпы айылында төрөлгөм. 1993-жылы Ош шаарына караштуу Алмалык айылындагы №25 Алмалык орто мектебинин 1-классына окууга кирип, ушул эле мектепте 11 жыл билим алып, 2004-жылы орто билимге ээ болуп, мектепти аяктагам. 2004-жылы жогорку билим алуу үчүн Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетинин биология адистигине окууга өтүп, 2009-жылы биология мугалими кваллификациясына ээ болуп ийгиликтүү аяктадым. Алгачкы жумуш ордум 2009-жылы ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин Айыл чарба кафедрасына лаборанттык кызмат ордуна 1 ставка менен, ал эми 2013-жылы Зоология жана жалпы экология кафедрасына 1 ставка лаборанттык кызмат ордунда, 2021-2022 жылдары айыл чарба кафедрасында 1 ставка лаборанттык кызмат ордунда, 2022-2023-жылдары ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасында 0,8 ставкада окутуучулук кызмат ордунда иштедим. 2024-жылдан тартып ОшМУнун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасында окутуучулук кызмат ордунда иштɵɵдɵмүн. Абдырахманова Б.С.