Эркинбек уулу Сыймык

Өмүр баян

Мен, Эркинбек уулу Сыймык 2000-жылдын 25-Октябрында Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөм. Атам Мамытов Эркинбек дыйканчылык менен алектенет, апам Жолдубаева Нургүл үй кожойкеси. 2007-жылы №4 Ак-Терек орто мектебине 1-класстын босогосун аттаганмын. Ал мектебимде ийгиликтүү окуп, бир топ жетишкендиктерге жетишкем. 1-классымда президент болуп дайындалып, класстар аралык иш-чараларды уюштурганмын. 2011-2012-окуу жылында Абдулла Тангатаров атындагы №14 интернат-гимназиясына өтүп, окуумду ал жакта уланттым. 2018-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап, Бишкек шаарында жайгашкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультетинин ветеринария бөлүмүнө өткөм. Окуу учурунда коомдук иштерге жана конференцияларга активдүү катыштым. 2022-жылдын 22-декабрында КТМУнун Ветеринария факультети тарабынан уюштурулган Ветеринар студенттердин 2-Улуттук симпозиумда “Койлордун аборту” темасынын алкагында баяндама жасап катыштым. Калыстардын чечими менен баяндамам мыкты денгээлде даяргалдыктан 1-орунду алгам. Жана ошондой эле 2023-жылы факультетимдин президенти болуп дайындалдым. Факультетимдин ар тараптан өсүп өнүгүүсүнө жанада таанылышына бир топ салымымды коштум. Университеттер аралык байланыштар камсыздоо жана да курстар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттук мелдештерди уюштурдум. 2024-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультетинин ветеринария бөлүмүн ийгиликтүү аяктадым.

2024-жылдын сентябрь айында Ош мамлекеттик университетинин ТТДТТАТИнун Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасына ассистент-стажер кызмат ордуна жумушка кирдим. 2025-жылдын январь айында тийиштүү сынактардан өтүп, ассистент-стажер кызматынан окутуучулук кызматка которулдум. Үй-бүлүдө эң улуусумун, менден кийин эки карындашым жана эки иним бар.