| Дареги | г. Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 331 |
| Телефон | |
| Факс | |
| Веб-сайт | http://osmk.oshsu.kg/ |
| qualityeducation@oshsu.kg |

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун 2023-жылдын 30-декабрындагы №7394-ФХД/23 буйругуна ылайык, окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү түзүлүп, аны п.и.к. доцент Былыкова Махабат Максатовна жетектейт. Бөлүмдүн курамына бөлүм башчысы, башкы адис, методист-координаторлор, оператор жана инспектор кирет.
Бөлүмдүн негизги максаты – окуу процессин жана анын сапатын жакшыртуу, профессордук-окутуучулук курамдын ишин методикалык жактан колдоо жана координациялоо аркылуу дүйнөлүк билим берүү тенденцияларына жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку билимдүү адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу. Бул иш ОшМУнун миссиясына жана стратегиялык максаттарына шайкеш жүргүзүлөт.
Бөлүм өзүнө жүктөлгөн милдеттерге, функцияларга жана ыйгарым укуктарга ылайык университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара кызматташат. Бөлүмдө методикалык кеңеш иштейт, анын курамына институттардын, факультеттердин, колледждердин жана лицейлердин методикалык кеңештери кирет.
Бөлүм өз ишинде төмөнкү документтерди жетекчиликке алат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актылары;
- Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы жана ага тиешелүү ченемдик актылар;
- Ош мамлекеттик университетинин Уставы;
- Университеттин тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу локалдык жоболору, ректордун буйруктары жана тескемелери, Окумуштуулар кеңешинин жана административдик кеңештин чечимдери;
- Бөлүм кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктаган кызматтык нускамалар, университет менен кызматкерлердин ортосунда түзүлгөн эмгек келишимдери.
Негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Окуу-методикалык ишмердүүлүктү пландаштыруу, координациялоо жана көзөмөлдөө;
- Бардык билим берүү деңгээлдеринде (мектеп, колледж, бакалавриат, магистратура, аспирантура, докторантура) билим сапатын мониторинг кылуу жана талдоо;
- Окуу ыкмаларынын натыйжалуулугун баалоого катышуу жана жаңыдан кабыл алынган окутуучуларга методикалык колдоо көрсөтүү;
- Тесттерди жана окуу документтерин талдоо жана экспертиза жүргүзүү, алардын сапатын көзөмөлдөө;
- Студенттердин окуудан канааттануу деңгээлин аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жана суражылоолорду өткөрүү;
- Билим сапатын башкарууга байланыштуу локалдык нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
- Студенттердин билим деңгээлин мониторинг кылуу;
- Окутуунун натыйжаларын жакшыртуу максатында окутуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган конкурстарды жана иш-чараларды уюштуруу.
Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү (Буйрук)
2025-2026 – окуу жылы
| № | ФАА | Структуралар | Багыттар |
| 1 | Былыкова Махабат Максатовна | Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү | Бөлүм башчы |
| 2. | Розыкова Мавлюда Баратовна | Башкы адис | |
| 3. | Эгембердиева Нуржамал Аманбековна | Башкы адис | |
| 4. | Нурмаматова Мейликан Тагайбековна | Методист-координатор | |
| 5. | Шаимкулова Өмүркан Раимбердиевна | Методист-координатор | |
| 6. | Сайпидинова Бүсанам Абдикайымовна | Методист-координатор | |
| 7. | Жаңыбай кызы Сүйдүмкан | Инспектор | |
| 8. | Камалова Айнура Ырысбаевна | Оператор | |
| Институттар | |||
| 1. | Жумаев Нурбек Жапаралиевич | Филология жана маданият аралык коммуникация институту | Кыргыз филологиясы |
| 2. | Райымова Гульзада Суйуновна | Орус филологиясы | |
| 3. | Эрмекбаева Нуржамал Жалиловна | Маданияттар аралык коммуникация | |
| 4. | Таабалдиева Атыргүл Кичиковна | Педагогика, искусство жана журналистика институту | Педагогика жана психология |
| 5. | Мамазаиров Мирлан Латипович | Искусство, журналистика | |
| 6. | Токтомамбетова Кыял Кубанычбековна | Тарых-юридика институту | Тарых |
| Юриспруденция | |||
| 7. | Ярматов Маматкадыр Осмонович | Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту | Табият таануу |
| 8. | Турдумаматова Гулбара Кутпидиновна | Дене тарбия | |
| 9. | Абдирайимова Назигай Абдинабиевна | Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту | Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар |
| 10. | Узакбаева Айнура Садыковна | Экономика, бизнес жана менеджмент институту | Экономика, бизнес жана менеджмент |
| 11. | Абылкасым уулу Канат | Чыгыш таануу институту | Чыгыш таануу |
| Факультеттер | |||
| 12. | Турсунбаева Айнура Турдубековна | Медициналык факультети | Медицина |
| 13. | Базиева Алия Мансуровна | Эл аралык медицина факультети | Эл аралык медицина |
| 14. | Адылбек кызы Айсулуу | Теология факультети | Теология |
| 15. | Абдыкаарова Турдукан Момуновна | Кыргыз-кытай факультети | Кыргыз-кытай |
| Жогорку мектеп | |||
| 16. | Парпиева Айсулуу Абдижалаловна | Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби | Эл аралык билим берүү программалары |
| Колледждер | |||
| 17. | Арзиева Азиза Бакытовна | Медициналык колледж | Медициналык |
| 18. | Жаанбаева Зулайка Нажимовна | Өзгөн медициналык колледж | Медициналык |
| 19. | Раимбердиева Жаннат Курманбековна | Финансы-юридикалык колледж | Финансы-юридикалык |
| 20. | Шаимкулова Өмүркан Раимбердиевна | Инновациялык-педагогикалык колледж | Инновациялык-педагогикалык |
| 21. | Жумабаева Алтын Таштановна | Эл аралык билим берүү программаларынын колледжи | Эл аралык билим берүү программалары |
| 22. | Маликова Наргиза Пайзилдаевна | STEM инновациялык колледж | STEM |
Фотогалерея











