230701 "Колдонмо информатика (тармактар боюнча)" жана 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистиктеринин НКББПсын студенттер менен талкулоо




ПИЭ жана АСОИУ адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттери практика учурунда







Меморандум о сотрудничестве







Поездка в Узбекистан
Поездка в Узбекистан, г. Андижан. Данное мероприятие было проведено 29 сентября 2023 года, в целях улучшения качества образования и развития международных связей, что благоприятно отразится на дальнейших сотрудничествах ВУЗов: мобильность для студентов, обмен опыта для многоуважаемых преподавателей.



2022-жылдын 8-инюнунда “Колдонмо информатика (тармактар боюнча)” жана АСОИУ адистиктери үчүн жаңы стандарт иштелип чыккандыгына байланыштуу НКББПна өзгөртүү киргизүү максатында студенттер менен адистиктердин НКББПры талкууланды.








Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер фестивалы
Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер фестивалы болуп өттү. Фестивалга студенттер, окуучулар, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр катышты.



Программистер күнүнө арналган иш чара
Техникалык адистиктер бөлүмүндө 13-сентябрь программистер күнүнө карата “Бүгүнкү билим-эртенки технология” деген аталыштагы иш чара болуп өттү. Иш чарада окутуучулар, студенттер жана колледждин бүтүрүүчүлөрү катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө студенттер арасында “Эмне үчүн IT адистигин тандадым” деген аталышта видео конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
“Технологиялардын өсүшү менен биз дагы жаңы чектөөлөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз.”



Индустриалдык-педагогикалык колледжинин New stars командасынын жетишкендиги
Индустриалдык-педагогикалык колледжинин New stars курама командасы ОшМУнун факультеттери жана колледждер арасында өткөрүлгөн "Тамашоу 2022" конкурсунда 1-орунду ээлеп, ректордун кубогуна жана 15000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.



НКББПны талкуулоо
2023-жылдын 2-февралында Информациялык технологиялар бөлүмүнүн АСОИУ, ПИЭ жана ТОСВТ адистиктеринин "Негизги кесиптик билим берүү программасын" (НКББП) окутуучулар арасында талкуулоо болуп өттү.
Тегерек столго Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы А. Э. Саттаров, информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын башчысы К. К. Шакиров, кесиптик жана гуманитардык сабактардан берген окутуучулар катышты.
2022–2023-окуу жылына карата иштелип чыккан НКББП менен ар бир адистиктин программа жетекчилери катышуучуларды тааныштырды. Жыйынтыгында окутуучулар өз пикир-сунуштарын билдирип, иш-чара протоколдоштурулду.





Спорттогу ийгилик – Хайдарова Айткан
STEM инновациялык колледжинин АСс-9-3-21 тайпасынын студенти Хайдарова Айткан Курсанбековна 2023-жылдын 3–6-январь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн кыздар арасындагы Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча ачык биринчилигинде 200 метр аралыкта II-орунду ээледи.
Ал буга чейин да Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча бир канча фестивалдарынын активдүү катышуучусу болгон. 2022-жылдын июнь айында Т. Колпаковдун байгесине арналган эл аралык ачык биринчиликте да II-орунду камсыздаган.
STEM инновациялык колледжинин жалпы эмгек жамаатынын атынан Хайдарова Айткан Курсанбековнага ден соолук, окуусунда ийгиликтерди жана спорттогу жаңы бийиктиктерди багынтуусун каалайбыз!




1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү
1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ – иммунитеттин жетишсиздигин жаратып, СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 миллиондон ашат.
Бул күнгө карата STEM инновациялык колледжинин ПИЭс9-4-22(р) тайпасынын студенттери ОшМУнун башкы корпусунда “ОшМУнун студенттери сергек жашоо үчүн” бир айлыгынын алкагында уюштурулган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту. Ошондой эле ВИЧ/СПИДдин алдын алуу, коргонуу жолдору боюнча маалымат алышты.
Учурда медицинада ВИЧ инфекциясы үч негизги жол менен жугаары белгилүү: кан аркылуу, жыныстык жол менен жана энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу жугузгандар көбөйүүдө. Алардын көпчүлүгү 20–39 жаштагы жарандар. Бирок ВИЧ менен жашаган адам менен бир бөлмөдө жашоо, идиш-аяк бөлүшүү, бассейнге түшүү, саламдашуу жана кучакташуу таптакыр кооптуу эмес.





1-декабрь – Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү
Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ – иммунитет жетишсиздигин жаратып, СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 миллиондон ашат.
Студенттердин катышуусу
Бул күнгө карата STEM колледжинин ПИЭс9-4-22(р) тайпасынын студенттери ОшМУнун башкы корпусунда “ОшМУнун студенттери сергек жашоо үчүн” аттуу бир айлыктын алкагында уюштурулган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту. Ошондой эле, ВИЧ/СПИДдин алдын алуу жана коргонуу жолдору боюнча маалыматтарга ээ болушту.
Маанилүү маалыматтар
Учурда медицинада ВИЧ инфекциясынын үч негизги жол менен жугаары белгилүү:
- Кан аркылуу
- Жыныстык жол менен
- Энеден балага
Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу жуктургандардын саны өсүүдө. Алардын көпчүлүгүн 20–39 жаш курагындагы жарандар түзөт.
ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо, бирдей идиш-аяк колдонуу, чогуу бассейнге түшүү, саламдашуу, кучакташуу – таптакыр коркунучтуу эмес.
Майрамыңыздар кут болсун! Ааламдагы бардык жакшылыктарды каалайбыз!
Дайыма бар болуңуздар, ишиңиздерге ийгилик!











