Эл аралык байланыштар бөлүмү (ЭаББ) — Ош мамлекеттик университетинин тышкы жана ички алакаларын тескеген түзүм. Ал 1996-жылы октябрь айында ачылып, бүгүнкү күнгө чейин университеттин дипломатиялык саясатын жүргүзүп келет.
Чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, программалар, фонддор, өкүлчүлүктөр менен мамиле түзүү жана кызматташтык горизонтун кеңейтүү — анын негизги милдети.
Окуу жайыбыз Эразмус+, Мевлана, DAAD, ШКУУ, ITEC, “Ош декларациясы” жана башка академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде көптөгөн өнөктөштөр менен иш алып барат. Учурда 30дан ашык өлкөдөн 2500дөн ашуун чет элдик студенттер билим алышууда.

ОшМУнун STEM инновациялык колледжи академиялык мобилдүүлүктүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Башка ЖОЖдордогу студенттерди академиялык мобилдүүлүккө тартуу үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек:
- 1) Окуу жайга кат жиберүү –
Бул жерде көрүңүз
- 2) Мобилдүүлүк билдирүү –
Бул жерден көрүңүз
Мындан тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат:
- Анкета
- Транскрипт
- Окуу тууралуу келишим
- Гарант-кат
- Паспорттун көчүрмөсү
- 3х4 размериндеги сүрөт
Көбүрөөк маалымат:
Дареги: Ош ш., Ленин көч., 331. Кыргыз-Европа факультети, 2-кабат, Эл аралык мамилелер бөлүмү, кеңсе №203.
Контакттар: +996 (3222) 2-09-97, 0559 03-03-87, 0500 45-71-19, 0772 45-71-19 (WhatsApp)
Электрондук почта: sem.87.90@mail.ru