Кафедралардын илимий жумалыктары

ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда Илим жумалыгынын алкагында башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

2025-жылдын 21-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан студенттердин жана магистранттардын катышуусунда илимий-практикалык конференция уюштурулду. Иш-чара жыл сайын салт катары өтүүчү Илим жумалыгынын алкагында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Конференцияда билим берүү тармагындагы заманбап маселелер, көп тилдүүлүктүн ролу, башталгыч класстарда окутуунун инновациялык ыкмалары, адабияттын тарбиялык мааниси сыяктуу актуалдуу темалар кеңири талкууланды. Илимий иш-чаранын негизги максаты – жаш изилдөөчүлөргө өз илимий көз карашын билдирүүгө, практикалык тажрыйбаларын бөлүшүүгө жана педагогикалык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө түрткү берүү болду. Жалпы 15 илимий баяндама түшкөн. Илимий баяндамалар менен төмөнкү студенттер жана магистранттар чыгып сүйлөштү:

  • Абдылбакыева Курмажан (НО-1-23 тайпасы). Көп тилдүү билим берүүнүн абалы жана келечеги . Жетекчиси: ф.и.к., доцент Гапарова Ч.А.
  • Муталиб кызы Сезимай (НО-1-23 тайпасы). Жаргондордун табияты Жана коомдогу орду . Жетекчиси: ф.и.к., доцент Гапарова Ч.А.
  • Шералиева Айзада . МНО(м)-1-23 . Башталгыч класста ырдын үстүндө иштөөнүн өзгөчөлүктөрү. Жетекчиси: ф.и.к., доцент Бекмуратов З.Т.
  • Калбаев Айсулуу (МНО(м)-1-23). <эм> Адабий окуу сабагинда сабактын өзгөчө формальные. . Жетекчиси: ф.и.к., доцент Тойчуев Т.
  • Маматаким кызы Орозгүл (МНО(м)-1-23). Психологические особенности процесса письма у младших школьников . Жетекчиси: ф.и.к., доцент Бекмуратов З.Т.
  • Гулжигит кызы Алтынай (МНО(м)-3-23). Стандарттуу эмес сабактардын өзгөчөлүктөрү . Жетекчиси: окутуучу Мадумарова М.К.
  • Абдиева Нуржамал Калбаевна (МНО(м)-3-23). Башталгыч класстарда окуу көндүмдөрүн баалоо моделири . Жетекчиси: п.и.к., доцент Мадумарова М.К.
  • Куранбек кызы Гульнура (МНО(м)-2-23) Адабий окуу сабагинда чыгармалар аркилуу балдарды мекенчилдикке тарбиялоо . Жетекчиси:окутуучу Алимбекова Г.
  • Токурова Гулзат Кылычбековна (МНО(м)-3-23). Балдарды тарбиялоодо макал-лакаптардын ролу . Жетекчиси: окутуучу Мамазияева Ж.

Конференцияда сунушталган илимий баяндамалар терең талдоо менен коштолуп, заманбапикалык процесс үчүн маанилүү ойлорду, жаңы көз карашарды Жана практикалык сунуштарды камтыды. Ар бир катышуучу өз темасын илимий негизде ачып, баяндамалар жигердүү талкуулар менен котолду.

Мыкты баяндамалар төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйланды:

Я даражадагы диплом – Абдылбакыева Курмажан ( Көп тилдүү билим берүүнүн абалы жана келечеги ). Жетекчиси: ф.и.к., доц. Гапарова Ч.А.

II диплом даражадаги – Пазылова Элзат ( Жаргондордун табияты жана коомдогу орду ). Жетекчиси: ф.и.к., доц. Гапарова Ч.А.

III диплом даражадаги – Абдиева Нуржамал Калбаевна ( Башталгыч класстарда окуу көндүмдөрүн баалоо модели ). Жетекчиси: п.и.к., доц. Мадумарова М.

Мындан сырткары, или наши конференции активистов катышкан студент магистранттарга атаын сертификаттар тапшырылды. Илимий иш-чара жыйынтыгында чакан концертная программа көрсөтүлүп, или м менен чыгармачылыктын айкалышы студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, жогорку деңгээлдеги таасир калтырды.

БББТАТМ кафедрасынин илимий иштер боюнча жооптуу М.Мадумарова.