Повышение квалификаций

1.

Ырысбаев Э.Ы. 2024-25 учебный годс 2024- жылдын 5-8 сентябрь айында “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучусу Ырысбаев Э.Ы Турция мамлекетинин, Стамбул шаарындагы, Едитепе Университетинде илимий иш сапар боюнча конференцияга катышып, илимий доклад окуду.

2.

Ырысбаев Э.Ы. 2024-25 учебный год (научно-исследовательский семинар)27.09.2024-ж “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасы тарабынан 2024-25 окуу жылдагы алгачкы илимий-усулдук семинары өткөрүлдү.

Семинарда кафедранын окутуучусу Эрзамат Ырысбаев илимий темада баяндама окуду. Семинар суроо - жооп жана талкуулар менен аяктады!

3.

2024-жылдын 18- ноябрдан 22-ноябрга чейин ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультетинде Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги менен ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультети уюштурган "Academic Publishing Mastery" аттуу Жогорку окуу жайлар аралык 5 күндүк семинарга Жалал-Абаддан, Баткенден жана Оштогу жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен биргеликте Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучулары Н.Ташматова, И.Мырзабаев жана Э.Ырысбаевдер катышты. 5 күндүк семинарда окутуучулар SKOPUS базасындагы маалыматтар менен таанышуу, макалаларды жайгаштыруу, сандык сапаттык анализдерди жасоо, SPPS программада иштөө тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту. Семинардын катышуучуларына Борбордук Азиядагы Америка Университетинин phD Миргүл Низаева жана Ала -Тоо эл аралык университетинин phD Урматбек Тыналиевдер келип сабак өтүштү.

4.

✅22.02.2025ж : Кафедранын окутуучусу Ырысбаев Э.Ы, фр - 1(22)тайпасына, “Стресс при экстремальных состояниях. Стресс и ответ острой фазы. Эмоциональный стресс” деген темада ачык сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер стресс жана анын организмге тийгизген таасири боюнча терең билим алышты. Сабакта интерактивдүү методдор колдонулуп, студенттер активдүү катышып, суроолорго жооп беришти. Ачык сабак кызыктуу жана пайдалуу өттү!.

5.

✅04.04.25 ж Наманган мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы б.и.д., профессор Абдуллаев Гофуржан Рахимжанович жетектеп келген чоң делегация менен факультеттин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т катышкан жолугушууда көптөгөн маселелер боюнча илимий жана практикалык пикир алышуулар болду. Бул жолугушуунун негизги максаты – академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү жана окутуу процессинин сапатын жогорулатуу багытында пикирлер менен бөлүшүү болду.

Тажрыйба алмашуу программасынын инициатору “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын башчысы б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т жана кафедранын окутуучулары тарабынан "Актуальные вопросы высшего медицинского образования: роль биохимии и патофизиологии" аттуу темада эл аралык семинар уюштурулуп, анда тармактын алдыңкы адистери тарабынан берилген лекциялар жана илимий баяндамалар окулду.

Семинарда актуалдуу илимий докладдар талкууланып, тажрыйба алмашуу аркылуу келечектеги биргелешкен илимий долбоорлордун негизинде кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Иш-чара ийгиликтүү аяктап, катышуучулар өз ара пикирлери менен бөлүшүп, университеттер ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жаңы багыттарды түзүүгө умтулуу тууралуу позитивдүү көз караштарды билдиришти.

6.

✅14.05.2025 прошла III Международная олимпиада по фундаментальным и морфологическим дисциплинам в КГМА им. И.К Ахунбаева городе Бишкек. Из ОшГУ приняли 9 студентов, 7 из которых получили призовые места, а также двое студентов получили номинации. Жолонбаева Анжелика студентка 3 курса, подготовленная преподавателем кафедры общей, клинической биохимии и патофизиологии Ырысбаевым Э.Ы., была награждена дипломом 3 степени по дисциплине патологическая физиология. Поздравляем с достойным результатом! Желаем дальнейших успехов и научных достижений!!!

7.

✅ 20.05.2025 г на Медицинском факультете Ошского государственного университета состоялся визит уважаемых гостей из Кавказского университета — Prof. Dr. Онура Атакиши и Мехмета Эзера. В рамках встречи гости посетили кафедру «Общей, клинической биохимии и патологической физиологии», где ознакомились с деятельностью кафедры и обсудили перспективы сотрудничества с деканом факультета д.м.н, профессором И.Т. Ыдырысовым, заведующей кафедрой, профессором Т.Т. Жумабаевой и к.б.н, доцентом Ж.Т. Молдалиевым.

Многолетняя дружба, зародившаяся на почве научного интереса, сегодня переросла в крепкое партнёрство, основанное на взаимном уважении, доверии и общих ценностях. Наши гости стали для нас не просто коллегами, а по-настоящему близкими людьми — частью нашей академической семьи. Мы уверены, что впереди нас ждёт ещё больше плодотворных встреч, совместных проектов и значимых успехов!!!

8.

✅13-май күнү ОшМУнун башкы корпусунун чон жыйындар залында медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасы тарабынан уюштурулган Илим жумалыгына карата "Мыкты биохимик- III" КВН- олимпиадасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Дарылоо иши, педиатрия, фармация жана стоматология адистиктеринин студенттери активдүү катышты. Калыстар тобунун чечими менен Гран-при Диплому, акчалай сыйлыкты дарылоо иши адистигинин 2-курсунун 2-агымынан куралган "Биофиксики" командасы,

I даражадагы Диплом, акчалай сыйлыкты дарылоо иши адистигинин 2-курсунун 1-агымынан куралган "Снос токсинов" командасы пр-15, пр-17, пр-21 тайпасынын студенттери, II даражадагы Дипломду, акчалай сыйлыкты

Фармация витасмайл командасы, III даражадагы Дипломду, акчалай сыйлыкты Педиатрия реактивки командасы багындырышты. Мындан тышкары уюштуруучу жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын профессордук- окутуучулук курамына медицина факультетинин деканы, м.и.д., профессор И.Т. Ыдырысов жана ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы б.и.к., доцент А.Э.Саттаров тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылды.

9.

✅2025-жылдын 1-март күнү “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрдү.

10.

24.10.24 “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология“ кафедрасында кафедралык денгээлде “Студент жана илимий техникалык прогрес аттуу аймактык конференция өткөрүлдү.Студенттер активдүү катышып, алдынкы оорунду алган студенттерге, факультеттик деңгээлде өтүүчү конференцияга жолдонмо берилди.

2024-2025 6-7 сентябрь 2024 ж “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучусу Кадырали кызы Бегимай квалификациясын жогорулатуу максатында “РЕВМАТОЛОГТОРДУН VII- ЕВРАЗИЯЛЫК КОНГРЕССИНЕ” катышты. Кадырали кызы Бегимай 2024-25 учебный год (Иссык-Куль)

Топчубаева Э.Т. 2024-25 учебный год 2024 ж “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучусу Топчубаева Э.Т, И.К Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын 85 жылдыгына карата уюштурулган илимий маарекеге катышты.

Ырысбаев Э.Ы. 2024-25 учебный годс 2024- жылдын 5-8 сентябрь айында “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучусу Ырысбаев Э.Ы Турция мамлекетинин, Стамбул шаарындагы, Едитепе Университетинде илимий иш сапар боюнча конференцияга катышып, илимий доклад окуду.

Абдыкарова А.С. 2024-25 учебный год 2024-жылдын 17-18-19 сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана С.Б. Даниярова атындагы КГМИПиПКнын демилгеси менен окутуучуларга өткөрүлгөн тренинг семинарга квалификациясын жогорулатуу максатында кафедранын окутуучусу Абдыкарова А.С катышты.

Ырысбаев Э.Ы. 2024-25 учебный год (научно-исследовательский семинар)27.09.2024-ж “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасы тарабынан 2024-25 окуу жылдагы алгачкы илимий-усулдук семинары өткөрүлдү. Семинарда кафедранын окутуучусу Эрзамат Ырысбаев илимий темада баяндама окуду. Семинар суроо - жооп жана талкуулар менен аяктады!

Жумабаева Т.Т. 2024-25 учебный год (научно-исследовательский семинар)2024- жылдын 14-15 октябрь күндөрү Самарканд шаарында “АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ: ГЛОБАЛДЫК ЖАНА УЛУТТУК ПРОБЛЕМА”

Ташматова Н.К. 2024-25 учебный год (научно-исследовательский семинар)2024- жылдын 14-15 октябрь күндөрү Самарканд шаарында “АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ: ГЛОБАЛДЫК ЖАНА УЛУТТУК ПРОБЛЕМА”

Жаркынбаева Р.А. 2024-25 учебный год (научно-исследовательский семинар)2024- жылдын 14-15 октябрь күндөрү Самарканд шаарында “АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ: ГЛОБАЛДЫК ЖАНА УЛУТТУК ПРОБЛЕМА”

Мырзабаев И.Т. 2024-25 учебный год (научно-исследовательский семинар)2024- жылдын 14-15 октябрь күндөрү Самарканд шаарында “АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ: ГЛОБАЛДЫК ЖАНА УЛУТТУК ПРОБЛЕМА”

Молдалиев Ж.Т. 2024-25 учебный год 2024- жылдын 12-октябрында Оксфорд университетинин профессору Трой Стернберг “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын доценти Ж.Т. Молдалиев менен биргеликте жаш илипоздорго арналган китеп “Илимий макала жаратуу жана аны эл аралык чөйрөгө жеткирүү”(научно-исследовательский семинар)

2024- жылдын 22-октябрында ОшМУда “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду: кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы форум уюштурулду. Форумга мамлекеттик кызматта из калтырган лидерлер, маданиятта эмгеги сиңген, илимде ийгилик жараткан айымдар, баатыр энелер жана активист жаштар катышты. «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын башчысы Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна эжекебиз «Кылымдын залкары» аттуу наамы менен сыйланды! Ардактуу наамыңыз кут болсун! Ден соолукта болунуз, ийгиликтерди жаратып жүрө бериңиз!!!

24.10.24 “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология“ кафедрасында кафедралык денгээлде “Студент жана илимий техникалык прогрес аттуу аймактык конференция өткөрүлдү.Студенттер активдүү катышып, алдынкы оорунду алган студенттерге, факультеттик деңгээлде өтүүчү конференцияга жолдонмо берилди.

2024- жылдын 24 - октябрында ОшМУ да «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын башчысы Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна студенттер үчүн туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча илимий - практикалык семинар өттү жана катышуучуларга туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда ар бир жарандын орду бар экенин айтты. Бул максаттарды ишке ашырып, жашоодогу жеңилдиктерди түзсө болорун белгиледи. Мындан сырткары студенттердин суроолоруна жооп берди.

2024 -жылдын 30- октябрында Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүү: илим, билим , коом” ЭЛ АРАЛЫК ОКУМУШТУУЛАР КОНГРЕСИНЕ «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын башчысы проф. Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна катышып келди.

6.11.24ж Илим жумалыгынын алкагында студенттердин «СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС XI» аттуу илимий конференциясы болуп өттү. Бул конференцияга кафедрадан 3 илимий доклад угулду. Конференцияга төмөнкү студенттер катышты: 1. Тема: “Калкан сымал безинин сезгенүүсү”, студент: Кеңешова Зарина Улугбековна, лк-21-22,илимий жетекчиси: б.и.д., профессор Таасилкан Токтомаматовна 2. Тема: “Биохимическая роль гемоглабина”, студент: Раманова Бермет Маратовна, лк-21-22, илимий жетекчиси: б.и.д., профессор Таасилкан Токтомаматовна. 3 Тема: “Неправильное питание как ведущий фактор развития гастрита у студентов медицинских учреждений”, студент : Сейтекова Айсель, лк-З-22, илимий жетекчиси: окутуучу Жолдошова С.А. Студенттер активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты. Уюштуруучуларга , илимий жетекчилерге жана студенттерге терең ыраазылык билдиребиз. Медицина факультетинин студенттерине жана агай-эжекелерге дагы көп илимий ийгиликтерди каалайбыз!!!

2024-жылдын 18- ноябрдан 22-ноябрга чейин ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультетинде Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги менен ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультети уюштурган "Academic Publishing Mastery" аттуу Жогорку окуу жайлар аралык 5 күндүк семинарга Жалал-Абаддан, Баткенден жана Оштогу жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен биргеликте Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучулары Н.Ташматова, И.Мырзабаев жана Э.Ырысбаевдер катышты. 5 күндүк семинарда окутуучулар SKOPUS базасындагы маалыматтар менен таанышуу, макалаларды жайгаштыруу, сандык сапаттык анализдерди жасоо, SPPS программада иштөө тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту. Семинардын катышуучуларына Борбордук Азиядагы Америка Университетинин phD Миргүл Низаева жана Ала -Тоо эл аралык университетинин phD Урматбек Тыналиевдер келип сабак өтүштү.

2024-жылдын 26-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде Илим күнүнө карата өткөрүлгөн 2023-2024-окуу жылдын жыйынтыгы менен “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын профессору Калматов Роман Калматович эл агартуунун мыктысы төш белгиси менен сыйланды. Жаркынбаева Роза Абдимаматовна Scopus индекстелген илимий журналга жарык көргөн макаласы үчүн сыйлык менен ал эми кафедранын окутуучусу Топчубаева Элида Таировна кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, илимий изилдөө иштеринде жетишкен ийгилиги үчүн ДИПЛОМ менен сыйланды!!!

04.12.2024-ж “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасы тарабынан кезектеги график боюнча өткөрүлүүчү илимий-усулдук семинар жана кафедрага бекитилген аспиранттардын отчетун угуу, талкуулоо жана ар түрдүү маселелер каралды. Семинарда кафедранын окутуучусу б.и.к., - Ташматова Нурила Кубатовна окуу-усулдук боюнча “Заманбап билим берүүнүн усулдары” деген темада кызыктуу баяндама окууду, баяндамада ар бир сабакты натыйжалуу жүргүзүүнүн жаңы методдору, уюштуруу формалары,ыкмалары каралды. Семинардан кийин , кафедранын аспиранты Галаутдинов Р.Фтун жылдык отчету угулду.

2024- жылдын 13- декабрь күнү медицина факультетинин “Жалпы,биохимия жана патофизиология” кафедрасынын профессордук- окутуучулук курамы Өзбекистандын Фергана мамлекеттик университетининде «Изменение климата,проблемы и перспективы рационального использования природных ресурсов» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Окутуучулар доклад окуп, сертификат алышты. Катышуучулар: профессор Жумабаева Т.Т , б.и.к. Ташматова Н.К, Жаркынбаева Р.А, Топчубаева Э.Т, Абдуллаева М.А., Мырзабаев И.М. Онлайн катышуучулар : Абдыкарова А.С., Жолдошева С. А.

18.12.2024 ж Медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасында жаңы окуу- илимий лаборатория ачылды, лабороториянын ачылуу аземине Ошмунун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, эл аралык медицина факультетинин деканы Калматов Роман Калматович , медицина факультетинин деканы Ыдырысов Исматилла Токтосунович жана факультеттин административдик кенешинин мүчөлөрү катышты. Заманбап лаборатория университеттин ички каражат жана долбоорунун эсебинен каржыланган, жабдуулар чет өлкөдөн алынып келинген. Заманбап лабораториянын ачылышы менен кафедранын илимий -потенциялын жана студенттердин илимий - изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга чон шарт түзүлөт. Лабороториянын ачылышы студенттердин теориялык билимин, практикада бекемдөө менен билим сапатын жогорулатууга студенттерди, жаш илимпоздорду жана аспиранттарды илим изилдөө иштерине шыктандырууга багытталган.

✅ 2024-жылдын 8-10-январында ОшМУда өткөн илимий-усулдук семинарда «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна “Искусственный интеллект для учителей: интеграция технологий в образовательный процесс, аттуу 72 сааттык курска катышып, заманбап билим берүү технологиялары боюнча билимин өркүндөттү. Бул семинар заманбап технологияларды билим берүү процессине натыйжалуу интеграциялоого багытталып, искусственный интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн окутуунун жаңы методикасы катары колдонуу маселелерин камтыды. Билимге карай үзгүлтүксүз изденүү – сапаттуу келечектин ачкычы!

✅ 2024-жылдын 6-11-январь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын биология илимдеринин кандидаты, доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулган “Жеке сайтты түзүү аркылуу илимий маалыматтарды электрондоштуруу” аттуу 72 сааттык семинар-тренингге катышып, аны ийгиликтүү аяктады. ✔️Бул окутуу заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу илимий эмгектерди кеңири аудиторияга жеткирүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган. ✔️Семинардын алкагында илимий маалыматтарды электрондоштуруу, санарип платформаларды натыйжалуу пайдалануу жана жеке илимий сайтты түзүү боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилди. ✔️Өзүнүн билимин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы аракеттерин эске алуу менен, Молдалиев Жоомарт Тумакович атайын сертификат жана ыраазычылык баракча менен сыйланды.

✅ 2025- жылдын 20-февраль күнү кафедранын окутуучусу Абдуллаева Мунара Абдивалиевна дарылоо адистигинин 17-тайпасына «Перифериялык кан айлануунун жана микроциркуляциянын бузулушу» темасында ачык сабак өттү. Сабакта студенттердин активдүү катышуусу менен кызыктуу жана мазмундуу болду. Сабактын жүрүшүндө окутуучу төмөнкү негизги аспектилерге көңүл бурду: ✅ Перифериялык кан айлануунун мааниси жана анын бузулуу механизмдери ✅ Ишемия, веноздук гиперемия, тромбоз, эмболия жана микроциркуляциянын бузулуусу ✅ Оорулардын патологиясы, клиникалык көрүнүштөрү жана диагностика ыкмалары ✅ Дарылоо жана алдын алуу жолдору Ошондой эле заманбап окутуу ыкмалары колдонулду: ролдук оюндар, «Мээ чабуулу» жана «Лидер – жетектөөчү» методу колдонулду . Андан сырткары, эки студент ошол эле учурда кроссворд түзүштү. Студенттер сабакка активдүү катышып, тематикалык суроолорго жооп беришти, клиникалык учурларды талкуулашты жана логикалык оюндар аркылуу өз билимдерин бекемдешти.

✅2025-жылдын 24-февраль күнү окутуучу, б.и.к., Н.К. Ташматова дарылоо иши адистигинин 2-курсунун Пр-22-23 тайпасына жалпы жана клиникалык биохимия предметинен «Метаболизм липидов. Обмен кетоновых тел» темасында ачык сабак өттү. Сабактын иштелмесинде окутуунун заманбап ыкмалары катары ЖИ усулдарынын элементтери чагылдырылган. Сабактын планы теманын мазмунун толук камтыйт.Сабактын ар бир структурасы бири-бири менен байланышып, удаалаштуулугу сакталган. Мында сабактын иштелмесинен көрүнүп тургандай бир нече каражаттарды системалуу колдонууга багытталгандыгы байкалат. Мисалы: MS Power Point слайд, Биоимпеданс аппараты, “Сүйлөмдөрдү толуктоо” тапшырмалары, Kahootта кайтарым байланыш, MS Excel программасында баалоо жүргүзүү менен сабактын өтүү процесси коюлган. Анализдер берилди. Сабак максатына жетти.

✅22.02.2025ж : Кафедранын окутуучусу Ырысбаев Э.Ы, фр - 1(22)тайпасына, “Стресс при экстремальных состояниях. Стресс и ответ острой фазы. Эмоциональный стресс” деген темада ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер стресс жана анын организмге тийгизген таасири боюнча терең билим алышты. Сабакта интерактивдүү методдор колдонулуп, студенттер активдүү катышып, суроолорго жооп беришти. Ачык сабак кызыктуу жана пайдалуу өттү!.

✅2025-жылдын 1-март күнү “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрдү.

✅Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын окутуучусу Абдыкарова А.С 3 пр -1 тайпасына “Нерв системасынын патологиясы” темасында ачык сабак өткөрдү. Окутуучу сабак башталганда нерв системасынын структурасы жана анын бузулушу тууралуу түшүнүктүү түшүндүрмөлөрдү берди. Абдыкарова А.С сабакты өтүп жатканда теориялык маалыматты практикалык мисалдар менен бекемдеди. Ал нерв системасынын патологиялык өзгөрүүлөрүнүн адамдын денесине кандай таасир этерин көрсөтүп, көптөгөн клиникалык учурларды келтирди. Студенттер абдан кызыгып, тирүү мисалдар менен сабакты өтүштү. Ошондой эле, нерв системасынын бузулууларын аныктоо үчүн колдонулуучу методдорду жана диагностика ыкмаларын да кеңири түшүндүрүп берди. Сабактын аягында, окутуучу студенттердин суроолоруна жооп берип, ар биринин түшүнбөгөн жерлерин түшүндүрүп, терең талкууларды уюштурду. Жалпы алганда, бул ачык сабак студенттер үчүн кызыктуу өтүп, алар нерв системасынын патологиясы тууралуу терең билим алышты.

✅Поздравляем преподавателя кафедры “Общей , клинической биохимии и патофизиологии” Э.Т. Топчубаеву и ее научного руководителя д.м.н., профессора Р.К. Калматову с присуждением ученой степени – к.м.н!!! Этот значимый этап – результат вашего упорного труда, преданности науке и стремления к новым знаниям. Ваш вклад заслуживает глубокого уважения, а ваш профессионализм и целеустремленность вдохновляют коллег и студентов. Пусть этот успех станет началом новых научных открытий, дальнейшего профессионального роста и признания! Желаем вам крепкого здоровья, неиссякаемой энергии и новых достижений на научном и педагогическом пути!!!

✅04.04.25 ж Наманган мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы б.и.д., профессор Абдуллаев Гофуржан Рахимжанович жетектеп келген чоң делегация менен факультеттин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т катышкан жолугушууда көптөгөн маселелер боюнча илимий жана практикалык пикир алышуулар болду. Бул жолугушуунун негизги максаты – академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү жана окутуу процессинин сапатын жогорулатуу багытында пикирлер менен бөлүшүү болду. Тажрыйба алмашуу программасынын инициатору “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын башчысы б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т жана кафедранын окутуучулары тарабынан "Актуальные вопросы высшего медицинского образования: роль биохимии и патофизиологии" аттуу темада эл аралык семинар уюштурулуп, анда тармактын алдыңкы адистери тарабынан берилген лекциялар жана илимий баяндамалар окулду. Семинарда актуалдуу илимий докладдар талкууланып, тажрыйба алмашуу аркылуу келечектеги биргелешкен илимий долбоорлордун негизинде кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды. Иш-чара ийгиликтүү аяктап, катышуучулар өз ара пикирлери менен бөлүшүп, университеттер ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жаңы багыттарды түзүүгө умтулуу тууралуу позитивдүү көз караштарды билдиришти.