2024- жылдын 23-24- август күндөрү Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак. Бекбоевге арналган "Бекбоевдик VII окуулар : Ааламдашуу шартындагы билим берүүдө жасалма интеллект, санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү " аттуу эл аралык илимий конференцияга ф.-м.и.к., ЭТФ кафедрасынын дойенти Б.А. Каденова "Жегич - галоиддик кристаллдардагы баштапкы нурланууда пайда болгон дефекттердин касиеттери жөнүндө негизги идеялар" деген темада баяндама жасап, конференцияга катышып келди.





