Гапарова Чынаркан Абдураимовна
“Морфологиялык анализ аркылуу текстти түшүнүү” темасында мастер-класс өттү

2025-жылдын 28-март күнү Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасьнын доценти, филология илимдеринин кандидаты Чынаркан Гапарова азыркы кыргыз тили: морфология дисциплинасынын алкагында «Морфологиялык анализ аркылуу текстти түшүнүү» деген темада мастер-класс өткөрдү.

Мастер-класска башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилинин 2-курс унун студенттери активдүү катышып, кыргыз тилинин морфологиялык түзүлүшүн талдоо аркылуу текстти терең жана аң-сезимдүү түшүнүүнүн ыкмаларын өздөштүрүштү. Сабакта морфологиялык бирдиктерди таанып-билүү, алардин текстеги маанилик жана грамматикалык ролун аныктоо, ошондой эле практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган тапшырмалар колдонулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Гапарова морфология илиминин негизги түшүнүктөрүн заманбап лингвистикалык көз карашта талдап берип, теория менен практическинын айкалышын камсыздаган ар түрдүү усулдук ыкмаларды пайдаланды. Студенттер топтук иштерге, текстик анализдерге, креативдүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларга катышып, сабакка жигердүү тартылышты.

Мастер-класс студенттердин лингвистикалык компетенциисын жогорулатуу менен алардын аналитик жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө чоң салым кошту.

/>








_____________________________________________________________________________________________________________________________

2025-жылдын 13-май күнү БББТАТМ кафедрасынын доценттери М.Мадумарова, Ч.Гапаровалар ДЛ-1(22) тайпасы менен
“Тыбыштык кабыл алууну өнүктүрүү” деген темада мастер-класс өткөрүштү.



_____________________________________________________________________________________________________________________________

ФЕРГАНА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПЕДАГОГИКА, ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИНИН БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ
БЕРҮҮНҮН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ КАФЕДРАСЫНА МОБИЛДҮҮЛҮК