бакчадагы балдарга сөз, сүйлөм жөнүндө түшүнүк берүү жолдору" деген темада мектепке чейинки билим берүү
багытындагы 3-курс студенттери үчүн мастер-класс өткөрдү. Анда бала бакчада иш алып барууда сөз жана сүйлөм
боюнча
түшүнүктөрдү балдарга кандай жолдор менен жөнөкөй, түшүнүктүү жана натыйжалуу жеткирүү боюнча теориялык
жана практикалык маанилүү маалыматтар берилди. М.Мадумарова методикалык жагынан терең даярдык көрүп, жандуу мисалдар, дидактикалык оюндар, визуалдык материалдар аркылуу сабактын мазмунун студенттерге жеткиликтүү кылып
түшүндүрдү. Айрыкча, баланын тилдик жактан өнүгүүсүнө көмөктөшчү ыкмалар, коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандыруу
жолдору жана ар бир балага жекече мамиле кылуунун мааниси боюнча берилген кеңештер студенттердин кызыгуусун
арттырды.