Академиялык мобилдүүлүк
2024-2025-окуу жылынын 24-февралынан 24-мартына чейин Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Зергербаева Данакер Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетине (Низами) 1 айлык окуу мөөнөтүнө барып келди.


2024-2025-окуу жылынын 18-ноябрынан 21-декабрына чейин Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери: Бекмурат кызы Гүлноза, Мадишева Нурзат, Айбек кызы Тазагүл Ташкент мамлекеттик университетине 1 айлык окуу мөөнөтүнө барып келишти.


2024-жылдын 14-ноябрь күнү мобилдүүлүк боюнча студенттер менен аңгемелешүү болуп өттү. Анда Низами атындагы Ташкент мамлекеттик университетинде 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын "Физика" профилинин 3-курсунун студенти Сайфуло кызы Уулжан 2024-жылдын 1-октябрынан 31-октябрына чейинки убакытта мобилдүүлүктө болуп, студенттерге университет тууралуу маалымат берди.