2024-2025

Кесиптик комитеттин жыйыны



2025-жыл 13-март күнү ОшМУнун кесиптик бирлигинин жалпы жыйыны болду. Жыйында төрага Борбордук кесиптик бирликтин жаңы курамы, өткөрүлгөн иш чаралар боюнча маалымат берди. Университетте жүрүп жаткан антикоррупциялык иш аракеттерде окутуучулардын укугун коргоо үчүн кесиптик бирликтин төрагаларына эмгек тартиби жана тартиптик жазалар боюнча КРнын жаңы эмгек кодексин билүү керектиги белгиленди.




2025-жыл 13-февралда ОшМУнун кесиптик комитетинин жыйыны болду. Жыйында ОшМУнун структураларынын кесиптик комитетинин төрагалары 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча отчет беришти.
Жыйындын соңунда төрагаларга Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодекси берилди.




2025-жылдын 6-январында Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин XXXV отчеттук кайра шайлоо конференциясы ийгиликтүү өткөрүлдү.

Конференцияга университеттин жалпы 178 мүчөсү катышып, кесиптик бирлик комитетинин төрагалык кызматына эки талапкер ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгы менен Абсамат Саттаров кайрадан ишеничке ээ болуп, кесиптик бирлик комитетинин жаңы төрагасы болуп шайланды.
ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин жалпы курамын жана төраганы куттуктайбыз!