Активдүү студенттер
Студенттик олимпиада       

2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багыныдырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.






Студенттер арасында өткөрүлгөн "Кыргызстандын мыкты студенти - 2023" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү, Ош мамлекеттик университетинин Физика-техника факультетиниин студенттери Апсаматова Тумариза жана Кубатбек кызы Уулкан дипломдор менен сыйланышты.