2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багыныдырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.



Предметтик олимпиадага жооптуулар:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү" боюнча буйругуна ылайык 2023-жылдын 27-28-февралында Ош областтык мектептер аралык олимпиадага калыстар тобунун курамына кафедранын окутуучулары: Эгемназарова А.Ж., Макамбаева Ж.А., Молдоярова Ж.Б. жана Бекжан кызы Гүлайым барып катышышты
Предметтик олимпиадага жооптуулар:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү" боюнча буйругуна ылайык калыстар тобунун курамына кафедранын төмөнкү окутуучулары барып катышышты: