На международной конференции

Ядролук институтка илимий иш сапар! ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев Өзбек республикасынын илимдер академиясынын ядролук институтунда "Ядролук энергиянын заманбап көйгөйлөрү жана ядролук технология" деген аталыштагы XI эл аралык конференцияга катышып, баяндама жасап келди. Конференцияга Италиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Россиядан жана Түркиядан окумуштуулар келип катышты. Конференция 2025- ж. 14-16- октябрда өтүп, 18 баяндама пленардык отурумда жана 4- секцияда баяндамалар жасалды.




2024-жылдын 15- ноябрь күнү БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызылкыя гуманитардык - педагогикалык институту тарабынан уюштурулган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун уюштурулгандыгынын 25 жылдыгына жана Баткен мамлекеттик университетинин Кызылкыя гуманитардык- педагогикалык институтунун негиздөөчүсү , Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана жаңы технологиялар илим изилдөө институнун директору, физика -математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин 70 жылдыгына арналган "Санариптешүү мезгилиндеги физика илиминин актуалдуу маселелери жана окутуу технологиялары" аттуу эл аралык илимий практикалык конференцияга ф.-м.и.к., ЭТФ кафедрасынын доценти Б.А.Каденова "Реализация межпредметных связей физики и математики при изучении распространения потенциала действия в нервной клетке использванием математической модели " деген темада баяндама жасап, конференцияга катышып келди.




2024- жылдын 23-24- август күндөрү Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак. Бекбоевге арналган "Бекбоевдик VII окуулар : Ааламдашуу шартындагы билим берүүдө жасалма интеллект, санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү " аттуу эл аралык илимий конференцияга ф.-м.и.к., ЭТФ кафедрасынын доценти Б.А. Каденова "Жегич - галоиддик кристаллдардагы баштапкы нурланууда пайда болгон дефекттердин касиеттери жөнүндө негизги идеялар" деген темада баяндама жасап, конференцияга катышып келди.




Бишкек - 2025-ж., 10-февралда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 15 жылдыгына арналган «Искендер Исамидиновдун окуулары: Санариптик трансформация шарттарында педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция он-лайн түрүндөгү конференцияда 6 секция өзүнүн ишин алып барды, “ТЕХНОЛОГИИ ОБУЧЕНИЯ ЕСТЕСТВЕННО-МАТЕМАТИЧЕСКИМ ДИСЦИПЛИНАМ В УСЛОВИЯХ ЦИФРОВИЗАЦИИ ОБРАЗОВАНИЯ” аталыштагы 4- секцияда доценттер Каденова Б.А., Садырова М.М. “Интеграция дисциплин физики и физиологии при изучении глаза как оптической системы” деген темада баяндама жасалып, жыйынтыгында Ж.Баласагын атындагы КУУнин Вестник журналына чыгарууга басмага кабыл алынды жана сертификат берилди.



Эл аралык илимий-практикалык конференцияда

Өзбек Республикасынын Хорезм областындагы Ургенч шаарында болуп өткөн Эл аралык илимий-практикалык конференция жөнүндө маалымат 2024-жылдын 18-19- декабрь күндөрү Өзбек Республикасынын Хорезм областындагы Ургенч шаарындагы Ургенч технологиялык университетинин базасында “Региондо туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттары” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга Европанын Италия, Испания, Чехия мамлекеттеринен, Турция, Азербайжан жана Кыргыз Республикаларынан окумуштуулар катышты. Конференцияга келип түшкөн илимий макалалар 3 томдук жыйнак түрүндө жарык көрдү. Конференциянын негизги бөлүгү Хива шаарында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынан барган окумуштуулардын арасынан пленардык отурумда куттуктоо сөздү, Ош технологиялык университетинин профессору Жаныбеков Максат баяндаса, пленардык докладды Ош мамлекеттик университетинин профессору Ысламидин Ташполотов жасады. Калган окумуштуулар илимий докладдарын секциялык отурумдарда жасашты. Кыргызстандан барган окумуштуулар университеттин студенттери, магистранттары, окутуучулары ректораттын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү жана алар университеттин өндүрүштүк базасы менен да кеңири таанышып чыгышты. Конференциянын жыйынтыктоочу күнүндө Кыргызстандык окумуштууларга Ургенч технологиялык университетинин ардактуу профессору наамдарын ыйгарышты.


 Эл аралык илимий конференцияда. 2025-жылдын 23- май күнү Өзбек Республикасынын Фергана мамлекеттик университети өткөргөн "Конденсацияланган заттардын өнүгүү тенденциясы"- деген аталыштагы 5 эл аралык илимий конференцияга, ЭТФ кафедра башчысы, ф.-м.и.к.,доцент М.Ч.Осконбаев барып катышып, илимий баяндама жасап келди.  
    


 Илимий конференцияда иш сапар. ЭТФ кафедрасынын башчысы ф.-и-к., доцент М. Ч. Осконбаев 7-8- июнда Б. Сыдыков атындагы эл аралык университетинин Ала-Бука айылындагы колледждин уюштуруучусу педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Рыспаева Салийма Абылованын 70 жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий- практикалык конференцияга катышып, илимий баяндама жасап, профессорлор Советбек Байгазиев, Сулайман Рысбаев, профессор Тынчтыкбек Чоро тегин, профессор Сайипжамал Сакиева, профессор Чынара Кулуевалар менен билим берүүнүн, окутуунун мектептин жана ЖОЖдун көйгөйлөрү боюнча пикир алмашып, 54 миң эли бар Ала -Бука айылына шаар статусун, колледжге педагогикалык жогорку окуу жай статусун жана ошол педагогикалык окуу жайга профессор Салийма Абылованын атын ыйгаруу сунушталды.  
    


          Ферганадагы Эл аралык достук онлайн конференциясы
      Ушул жылдын (2020-ж) 13-,14-, ноябрь айында Өзбекстан республикасынын Фергана областында жайгашкан Фергана политехникалык институттунда “Оптическим и фотоэлектрическим явлениям в полупроводниковых микро- и наноструктурах” аталышындагы V Эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк окумуштуулар онлайн катышышып, өз илимий тажрыйбаларын бөлүшүү максатында докладтарды жасашты. Бул аталган конференцияга ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Байыш Арапов Эл аралык конференциянын пленардык отурумунда доклад жасап илимий жыйынтыктарын баяндады. Андан сырткары, кафедранын мүчөлөрүнөн доцент М.Ч. Осконбаев, аспиранттар А.Садыкбекова, А.Орозбаева катышышып сециялык отурумда докладтарын жасап, сертификаттарды алышты. 
    


Эл аралык конференцияда

2023-жылдын 28-30-сентябрында ЭТФ кафедрасынын профессору Ы. Ташполотов жана кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев Өзбек Республикасындагы Фергана политехникалык институту уюштурган Эл аралык VI-илимий конференцияга катышып, пленардык жыйында баяндамаларды жасап келишти.


АнГУда эл аралык конференция

“Энергиянын альтернативдүү булактары жана алардын келечеги. Жарым өткөргүчтүк опто жана наноэлектроника”- деген аталыштагы эл аралык конференция Андижан мамлекеттикуниверситетинде өттү. ЭТФ кафедрасынaн профессору Ы. Ташполотов, кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, улук окутуучу А. Орозбаева жана ЭТФ кафедрасынын аспирантты Т. Ибраимов илимий конференцияга катышып, профессор Ы. Ташполотов жана доцент М.Ч.Осконбаев пленардык отурумда илимий баяндама жасашты. Профессор Ы.Ташполотов программалык комитетке , ал эми доцент М.Ч. Осконбаев уюштуруу комитетинде мүчө болуп программага киргизишти. Илимий конференция 12-13- октябрда (2023-ж) АнГУда өттү.