Международные связи






Эки жактуу илимий байланыш. 2025-жылдын 19- сентябрь күнү ОшМУнун МФТИТ институнун ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-и.к., доцент М.Ч. Осконбаев PhD докторант, магистр, бакалавр – физик студенттер менен Өзбек республикасындагы Андижан мамлекеттик университетинин профессордук – окутуучулук курамы менен жолугушуп, “Физика” багыты боюнча окумуштуулар менен баарлашып, илимий лабораториялары менен таанышып чыгышты. Академик, ф.-м.и.д., профессор Сражидин Зайнабидинов жана профессор, ф.-м.и.д. Раимжон Алиев менен PhD докторанттарды биргелешип даярдоо багытында ишти улантуу жагы макулдашылды. Андан кийин Фергана техникалык университетине барып, ф.-м.и.д., профессор Насиржон Хайдарович Юлдашовдун семинарында доцент, М.Ч. Осконбаев баяндама жасады. Түштүк илимдер академиясынын лаборатория башчысы, т.-и.к., доцент Абдрахман уулу Кутманалы жана анын аспиранты Абылова Нургүл дагы илимий иш сапарда чогуу жүрүп, 17- октябрда академияда өтүүчү илимий конференцияга чакыруу кагазын таркатып келди.


2024-жылдын 25-май куну ОшМУга Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинен профессор А. И. Раджабов жетектеген 5 окутуучулук- прфессордук курам келди. Алар менен ЭТФ кафедрасынын доценти Б.А. Каденова "Биофизика" жана "Радиобиология" предметтеринен окуу - методикалык, лекциялык материалдарды жана окуу лабораторияларын тузуу маселелери боюнча кызматташуу сунушталды.