Ы. Ташполотов

ТУШТУК ЭКСПО-2025

2025-жылдын 5-октябрында С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "ТУШТУК ЭКСПО-2025" IX Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси өз ишин баштады. Бул жарманкеге ишкерлер менен катар жогорку окуу жайлардан Ош мамлекеттик жана Б.Сыдыков атындагы Эл аралык кыргыз-өзбек университеттеринин окумуштууларлары илимий продукциялары менен катышышты. ОшМУнун "Математика, физика,техника жана информациялык технологиялар" институтунун, эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов, аспиранты Сулайман уулу Заирбек менен жарманкеге "Суудан суутекти алуу технологиясын өндүрүшкө кийируу" боюнча илимий технологиясын кызыккандарга кеңири маалымат беришип келишти. аймактык илимий практикалык конференцияга катышып , баяндама жасап келишти .


Эл аралык конференцияда

2023-жылдын 28-30-сентябрында ЭТФ кафедрасынын профессору Ы. Ташполотов жана кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев Өзбек Республикасындагы Фергана политехникалык институту уюштурган Эл аралык VI-илимий конференцияга катышып, пленардык жыйында баяндамаларды жасап келишти.


Илимий иш сапар!

ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б. Арапов жетектеген делегация: профессор Ы. Ташполотов, доценттер Э. Садыков, М.Ч. Осконбаев, доцент м.а. Т. Матисаков жана аспирант А. Орозбаевалар Өзбекстандын Фергана областынын Фергана политехникалык институтуна IV Эл аралык илимий конференцияга барып, илимий доклад жасап кайтышты.