История

Борбордун кыскача тарыхы:

NEXT GENERATION HUB - 2024-жылдын 31-майында Ош мамлекеттик университетинин алдында өз алдынча структура катары алгачкы ишин баштады. ОшМУнун негизги инновациялык борборлорунун бири болуп, жогорку технологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Борбордук Азиядагы робототехниканы үйрөнүү боюнча жападан жалгыз филиал болуп саналат.

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине катара окуу жайда "Келечек муундун ХАБы" ("Next Generation HUB") борбору ачылды. Борбордун ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытай Эл Республикасынын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат. Бул борбор Кыргызстан үчүн гана эмес коңшу өлкөлөрдөгү робототехника тармагынын өнүгүүсүнө салым кошорун төрага Акылбек Жапаров белгиледи.

ОшМУнун тарабынан бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар алып келинди. Жалпы лабораториялык борборго 7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Борборду 2024-жылдан баштап окутуучу Умаров Тилек Муталибович жетектеп келүүдө.

“Бул борбор биринчиден студенттердин билим алуусу үчүн окуу лаборатория болсо, экинчиден окуу-өндүрүштүк борборго айланат. Робототехникага кызыккан балдарыбызды кичинесинен тартып ушул жерде курстарга катыштырып, тажрыйба топтотуп, андан кийин бакалавр баскычында билим алуусуна шарт түзгөн тажрыйбаны жасайлы деп жатабыз. "Келечек муундун ХАБы" бүгүнкү күндө дүйнөнүн талабына туура келген заманбап борбор болуп калат деп ишенем”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.

2024-жылдын апрель айында Кытайдын Сучжоу шаарында Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Борбор жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан, педагогдор, эксперттер, инженерлер, бизнесмендер жолугушкан, студенттер үчүн заманбап билим чөйрөсү болот. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.