Иш-чаралар
Ондон ашуун окутуучу робототехника жана жасалма интеллект багытында билимин жогорулатууда
Жаңылыктын сүрөтү
ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 15 окутуучусу робототехника жана жасалма интеллект багыты боюнча билимдерин жогорулатууда.
23-июнда илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Элзарбек Эшаров жана институттун директору Бектур Азимов окуу процессинин жүрүшү менен таанышып келди.
Окутуу ОшМУнун Next Generation Hubында өтүүдө. Аны Кытайдын алдыңкы Hyubo Robotics компаниясынын инженерлери жана Цзамусы университетинин тажрыйбалуу профессорлору жүргүзүүдө. Курстан ийгиликтүү өткөн окутуучулар Hyubo Robotics компаниясынын роботтору жайгашкан дүйнөнүн каалаган бурчунда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андан сырткары башка өлкөлөрдө өткөрүлүүчү квалификациялык курстарда мастер-окутуучу катары тажрыйба бөлүшүүгө жол ачылат.


ОшМУ Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу меморандумун жаңылады
Жаңылыктын сүрөтү
Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болушту.
Иш-сапардын алкагында делегация ОшМУнун "Келечек муундун ХАБы" борборунда жайгашкан “Борбор Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо”, “Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык” борборлорунда болду. Анда алардын ишмердүүлүгү, илимий изилдөө багытында жасалып жаткан иштер менен таанышты. Окуу жайдын маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасын да жеринен көрүп, мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышты.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери менен болгон жолугушууда унверситетте санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, биргелешкен иш-аракеттер, кызматташуулар боюнча пикир алышты. Жыйындын алкагында билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар, академиялык мобилдүүлүк багыттарында эки тараптуу кызматташуу меморандуму жаңыланды.
“Бул иш-сапар ОшМУ менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам болду. Эки окуу жай өлкөдөгү Өзгөчө статус алган университеттердин катарын толуктайт. Бүгүн биз Кыргыз улуттук университетинен келген делегацияга ушул Өзгөчө статустун алкагында ОшМУда жасалып жаткан реформалык иштер тууралуу толук маалыматтарды бердик. Аларда жасалып жаткан иштер менен да тааныштык. Биргелешкен кызматташуулар аркылуу Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуучу кадрларды даярдоого бир топ пландарды түздүк. Андан сырткары 12 жылдык билим берүү багытында да биргелешкен иш-аракеттерди жасалат”, -деди Кожобеков.


ОшМУ робототехника багытында адистерди даярдоону баштады
Жаңылыктын сүрөтү
ОшМУ, Кытайдын Цзямуси институту жана Huibo Robotics команиясынын ортосунда 3 тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Кол коюу аземи 22-августта ОшМУда өттү. Жолугушууга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тиешелүү структура жетекчилери, Huibo Robotics команиясынын вице-президенти Цуй Сяохуэй баштаган өкүлдөр жана Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь баштаган өкүлдөр катышты.
Ректор Кудайберди Кожобеков аталган комания менен биргеликте 31-майда “Келечек муундун ХАБы” борбору ачылгандыгын, бүгүн ошол иштердин экинчи этабы катары мехатроника жана робототехника адистиги боюнча бакалавр адистиктерин даярдоо башталып жаткандыгын айтты. Бул адистиктин учурдагы актуалдуулугу эске алынып мамлекет тарабынан быйыл 50 гранттык орун берилген.
Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь: “Биздин окуу жайдын ОшМУ менен кызматташып жаткандыгын сыймыктануу менен кабыл алабыз. Алдыда сиздердин окуу жай менен бир топ долбоорлорду биргеликте ишке ашырабыз. ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту менен биргеликте окуу пландарын талкуулап, чогуу иш алып барабыз. Андан сырткары тажрыйба алмашууга окутуучуларды жиберүү, алмашып окутуу иштерин жүргүзөбүз. Кийинчерээк эки окуу жайда шайкеш келген факультеттер менен да иштешип академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашырсак деген сунуштар бар”,- деп билдирди.
Жолугушуунун соңунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Коноктор күндүн экинчи бөлүгүндө “Келечек муундун ХАБы” борбору менен таанышты. “Келечек муундун ХАБы” борбору жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан лабораториялык база болуп саналат.
Кытайлык адистер ОшМУнун окутуучуларын робототехника боюнча окутуудан өткөрдү
Жаңылыктын сүрөтү
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 15 окутуучусу Кытайдан келген адистердин окутуусунан өтүштү. Эки инженер Сучжо шаарында жайгашкан HUIBO компаниясынан келген. Ал эми үчөө Цзямусы техникалык институтунун окутуучулары.
Окутуу 27-октябрдан 8-ноябрга чейин ОшМУнун “Келечек муундун ХАБы” (Next Generation Hab) борборунда болду. Жыйынтыгында институттун окутуучулары программалоо жана робототехника боюнча курсту аяктап, эл аралык сертификатка ээ болушту.
Эми алар Мехатроника жана робототехника адистигинин студенттерине жана атайын робототехника курстарынан сабак бере алышат. Ошондой эле HUIBO компаниясынын роботтору жайгашкан завод-фабрикаларда жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
ОшМУда "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борбору ачылды
Жаңылыктын сүрөтү
3-февралда ОшМУда "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борбору ачылды. Салтанатка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, чет өлкөлөрдөн жана өлкө аймагынан келген окумуштуулар катышты.
Аталган жай спутниктик борбор катары Кыргызстанда алгач ирет ачылып жатат. Ал университеттин "Келечек муундун ХАБы" борборунун базасында орун алган. Борбор спутниктин негизинде маалыматтарды чогултуп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Учурда атайын заманбап жабдуулар менен толукталган. Мында эл аралык долбоорлор менен иштеп, инвестицияларды тартса болот. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарт бар.
Борбор келечекте Кыргызстанда ушул багытта адистерди даярдоо максатында ишке ашууда. "Ал аркылуу илимий кызматкерлер, окумуштуулар, PhD докторанттар жердин жөнөкөй кыртышынан тартып, бийик тоолуу аймактар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бул изилдөөлөрдү жүргүзүүдө маалыматтар базасы менен иштөө актуалдуу болуп саналат. Борбор аркылуу илим изилдөөчүлөр спутниктен алынган маалыматтар базасын колдонуп, климаттык өзгөрүүлөрдү изилдеген илимий изилдөөлөрдү жүргүзө алышат", -деди Кудайберди Кожобеков. Долбоордун алкагында бир нече эл аралык базаларга кирүүгө уруксат алынган. Учурда Америка, Жапония, Кытай, Корея жана Европа өлкөлөрүнүн 25тен ашуун белгилүү спутник агенттиктери менен кызматташуу жүрүүдө. Ошондой эле аталган жай дүйнөлүк борборлор менен чогуу илимий иш-чараларды алып барат.
АКШнын элчиси ОшМУдагы спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо борборунда болду
Жаңылыктын сүрөтү
Бүгүн, 6-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Ош мамлекеттик университетине келди. Ал окуу жайдын "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борборунда болду. Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жетекчилер, окумуштуулар, илимий кызматкерлер катышты.
Профессор Ысламидин Ташполотов “Өндүрүштүк калдыктардан критикалык элементтерди бөлүп алуу технологиясы” боюнча баяндама жасады. Бул багытта борбордун илимий мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жолдору талкууланды. Ал эми профессор Эркин Мирмахмудов “Фергана өрөөнүндөгү аймактарда геодезия жана рельефти санариптик моделдөөдө маалыматтарын колдонуу” тууралуу илимий маалымат берди.
Бул жолугушуу АКШ менен Кыргызстан ортосундагы илимий-техникалык кызматташууну бекемдөө, Борбор Азия чөлкөмүндөгү актуалдуу маселелерди биргеликте изилдеп, келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында уюштурулду. Жолугушуунун соңунда элчи университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындай илимий борборлор Борбор Азия аймагындагы санариптик өнүгүүгө чоң салым кошо аларын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга америкалык компаниялар да кызыктар экендигин белгиледи.Иш сапардын алкагында "Келечек муундун ХАБы" борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
"Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" борбору университеттин "Келечек муундун ХАБы" борборунун базасында орун алган. Анда спутниктин негизинде маалыматтар чогултулуп, илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Учурда Америка, Жапония, Кытай, Корея жана Европа өлкөлөрүнүн 25тен ашуун белгилүү спутник агенттиктери менен кызматташуу жүрүүдө. Ошондой эле аталган жай дүйнөлүк борборлор менен чогуу илимий иш-чараларды алып барат.
Памуккале университетинин ректору Махмуд Гүнгөр ОшМУ менен таанышты
Жаңылыктын сүрөтү
Түркиядагы Памуккале университети Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен байланыштарды бекемдеп, кызматташуунун жаңы горизонтторун ачууга кызыктар. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Махмуд Гүнгөр бүгүн, 11-октябрда ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда билдирди.
Тараптар билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү күчөтүү, академиялык байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алышты. Кудайберди Кожобеков ОшМУ боюнча презентация жасап маалымат берди. Андан соң Махмуд Гүнгөр баштаган делегация университеттин «Next Generation Hub» борбору, медициналык клиникасы жана Теология факультети менен таанышты.
Махмуд Гүнгөр баштаган делегация окуу жайда өтүп жаткан Үчүнчү эл аралык Сарахси симпозиумуна катышууда.Бүгүнкү күндө ОшМУ Түркиянын 25 университети менен тыгыз иштешет.
Форумдун катышуучулары ОшМУ менен таанышты
Жаңылыктын сүрөтү
«Мындан аркы илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ОшМУнун «Ломоносов» борбору дем берет».Мындай пикирин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын илим жана жогорку билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Сипягин «Евразиялык тармактык университет» консорциумунун III форумунун катышуучулары аталган борбор менен таанышуу учурунда билдирди.
Коноктор мындан тышкары университеттин Бизнес паркына жана Медициналык клиникасына да барышты. Алар заманбап медициналык жабдууларды, операциялык блокторду жана лабораторияларды көрүштү. Клиникадагы хирургия, трансплантология жана кардиология багыттарындагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө күбө болушту.
Делегациянын көңүлүн өзгөчө Эл аралык медициналык факультетте Индия жана башка өлкөлөрдөн келип билим алып жаткан миңдеген студенттер бурду.
Кытайлык окумуштуулар ОшМУда илимий долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар
Жаңылыктын сүрөтү
Кытайдын Шихэзи университетинин окумуштуулары Мао Сю жана Ву Чао ОшМУда айыл чарба техникаларын автоматташтыруу, роботтоштуруу, бул багытта жасалма интеллекти колдонуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар.
Мындан улам алар бүгүн, 6-ноябрда университетке атайын иш сапары менен келишти. Коноктор алгач окуу жайдын «Next Generation Hub» борбору менен таанышты. Анда ОшМУнун окутуучуларына жаңы технологиядагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндама жасап, изилдөөлөрү менен бөлүштү.
Ошондой эле университеттин окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев менен тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров менен жолукту. Тараптар илимий байланышты түзүү, биргелешкен изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле «Next Generation Hub» борборунун өнөктөшү болгон Кытайдын Huibo Robotics компаниясы менен үч тараптуу долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөштү.
Коноктор окуу жайдын Кыргыз-кытай факульетине барышат. Андан соң Өзгөн районундагы күрүч өндүрүү технологиясы менен таанышышат.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев робототехника жана жасалма интеллект борбору менен таанышты
Жаңылыктын сүрөтү
Калаа башчысы робототехника багытындагы инновацияларды да байкап, робот жасаган кофени ичип көрдү. Бул алдыңкы технологияларга болгон кызыгуусун жана инновациялык иштерге берген жогорку баасын көрсөтөт. Мэрдин мындай иш сапарлары шаардагы технологиялык өнүгүүнү арттырууга жана жогорку билим берүү жаатындагы иш алып баруу иштерин күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
ОшМУда алдыңкы технологиялар боюнча иштеп жаткан бир катар инновациялык борборлор менен да таанышып чыкты. Алар жаңыдан пайдаланууга берилген "Борбордук Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо" жана "Борбордук Азия критикалык минералдар инновациялык" борборлору. Бул борборлор спутниктик технологияларды колдонуу аркылуу аймактагы жер ресурстарын, экологиялык кырдаалды жана башка чөйрөлөрдү мониторинг кылууга багытталган.
Робототехника жана Жасалма Интеллекттин Актуалдуулугу боюнча студенттерге онлайн-конференция өтүлдү
Жаңылыктын сүрөтү
Бүгүн ОшМУнун студенттерине Лондондо эмгектенген машиналык окуу инженери, биздин мекендешибиз Аскар Сулайманов "Робототехника жана жасалма интеллекттин актуалдуулугу" темасында онлайн-конференция өткөрдү.
Конференциянын жүрүшүндө: Жасалма интеллект жана робототехниканын бүгүнкү күндөгү ролу Келечектеги мүмкүнчүлүктөр жана карьералык перспективалар Бул тармакта ийгиликтүү болуу үчүн керектүү билимдер жана көндүмдөр тууралуу баалуу маалыматтар берилди.
Студенттер кызыктуу суроолорду берип, эксперттен түз жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул иш-чара келечектеги инженерлерди шыктандырып, жаңы идеялардын жаралышына өбөлгө түздү.Робототехника жана жасалма интеллект тармагына кызыккан жаштарды дагы көптөгөн кызыктуу иш-чаралар күтүп турат.
Кытай Эл Республикасынан келген кесиптештер менен кош дипломдуулук боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
Жаңылыктын сүрөтү
Бүгүн Ош мамлекеттик университети Нанкин технологиялык институтунан (Кытай) келген конокторду тосуп алды! Жасалма интеллект тармагында иш алып барган кытайлык кесиптештерибиз биздин хабга келип, студенттер, изилдөө долбоорлору жана биздин иштеп чыккан технологиялар менен таанышышты.Келечекте жемиштүү кызматташтык жана биргелешкен долбоорлор болот деп ишенебиз.
NEXT GENERATION HUB АДИСТИГИ HUIBO ROBOTICS КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ LI WEN МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
Жаңылыктын сүрөтү