Профориентация сапары.
2026-жылдын 14-май күнү ЭТФ кафедрасынын улук окутуучусу А.А. Орозбаева ЖФ жана ФОУ кафедрасынын жамааты менен биргеликте Ош областынын Ноокат районунуна караштуу айрым мектептерине, тактап айтканда, Жаңы Ноокат айылындагы М.Улугбек атындагы, Арал айылындагы "Арал" орто мектеби, Ноокат шаарындагы Аль- Хоразмий атындагы жана А.Абдуллаев атындагы жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына кесипке багыттоо иш-чарасынын алкагында маалымат берип келишти. Мектеп жамааты жана окуучулары тарабынан ыраазычылык сөздөрү айтылып, жеткирилген маалыматтар алар үчүн бир топ жемиштүү болгондугу баса белгиленди.








Нооруз - 2026.
МФТИТ институту тарабынан "Нооруз 2026" майрамын утурлай атайын фестиваль уюштурулду. Ал фестивалда ЭТФ кафедрасына "Манас" эпосунан үзүндү айтуу түшкөн. ЭТФ кафедрасынын жамааты : профессор Ысламидин Ташполотов, доцент Эркинбай Садыков жана кафедра башчы Маралбек Чотоевич Осконбаев менен кафедранын окуу мастери Урмат кызы Жылдыз жана лаборанттар: Сайфула кызы Уулжан, Жолдошова Эльвира кыргыз формаларын кийишип, атайын видео материалдын коштоосунда эпосту эң сонун аткарышты. Фестивалдын жыйынтыгында кафедранын жамааты дирекциясынын ыраазычылык каты менен сыйланышты. Фестивал 17 - февраль күнү саат: 13:00- 15:00гө чейин башкы корпустун ЧАЗында болуп өттү.



Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж. Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда конок лекцияда.
Иш чаранын жүрүшүндө математика физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ч.Осконбаев «Манас» эпосун даңазалап Манас эпосунан үзүндү айтып, комуздун коштоосунда кыргыздын залкар күүлөрүнөн чертип берди.











































