Билим берүү тармагындагы интернационализация жана глобалдаштыруу боюнча ОшМУнун окутуучуларынын Кыргызстан, Индия жана Өзбекстан ортосундагы үч тараптуу эл аралык долбоору тууралуу маалымат. Жогорку билим берүү системасында академиялык кызматташууну чыңдоо жана интернационализацияны өнүктүрүү максатында Ош мамлекеттик университетинин, филология жана маданият аралык коммуникация институтунун, англис тилинин фонетика жана грамматика кафедрасынын окутуучулары Тургунбаева Б.Ж., Абдурахманова Х.Т. , Назарова М.К., Ташполот к.Аида Индия жана Өзбекстандагы өнөктөштөрү менен биргеликте үч тараптуу эл аралык долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – интеграцияланган билим берүү программаларын иштеп чыгуу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу аркылуу билим берүүнү глобалдуу деңгээлде өнүктүрүү. Кызматташуунун негизги багыттары: Окутуучулар үчүн биргелешкен семинарлар, мастер-класстар жана тренингдер; Эл аралык педагогика жана салыштырма билим берүү боюнча модулдарды иштеп чыгуу; Өнөктөш университеттер арасында онлайн жана салттуу академиялык алмашууларды уюштуруу; Борбордук жана Түштүк Азиядагы билим берүү процесстерине жана академиялык маданиятка глобалдашуу таасиринин изилдениши. Бул долбоор Кыргызстан, Индия жана Өзбекстандын ортосундагы академиялык диалогду күчөтүп, билим берүү мейкиндигин кеңейтүүгө жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болууда. Эл аралык демилге үч өлкөнүн билим берүү мекемелери жана кызыкдар тараптары тарабынан колдоого алынып, туруктуу жана өз ара пайдалуу академиялык өнөктөштүктүн маанилүү кадамы катары белгиленди.
Ош, 2025-жыл, 27-май – Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Кесиптик жана
үзгүлтүксүз билим берүү мектеби (КУББМ), Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)
менен өнөктөштүктө «ОшМУнун мугалимдери үчүн уюштурулган англис тилин
үйрөнүү» долбоорун ийгиликтүү аяктап, сертификаттар тапшырылды.
Англис тилин окутууда талыкпас эмгек жана зор салымы үчүн кафедранын
окутуучусу Каратаева Г.М. ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.
Ош, 27 мая 2025 года – Школа профессионального и непрерывного образования
(ШПНО) Университета Центральной Азии (УЦА) в партнерстве с Ошским
государственным университетом (ОшГУ) успешно завершила проект «Изучение
английского языка для преподавателей ОшГУ» и вручила сертификаты.
За неустанный труд и значительный вклад в преподавание английского языка
преподаватель кафедры Каратаева Г.М. была награждена благодарственным
письмом.
Osh, May 27, 2025 – The School of Professional and Continuing Education
(SPCE) of the University of Central Asia (UCA), in partnership with Osh
State University (OSU), successfully completed the project “English Language
Learning for OSU Teachers” and awarded certificates.
For her tireless work and significant contribution to teaching English, the
department lecturer G.M. Karataeva was honored with a letter of
appreciation.
Кафедра АКШнын элчилиги, World Language Learning уюмунун жана ОшМУнун колдоосу менен англис тилинин окутуучуларынын жана студенттердин тилдик деңгээлдерин В2га жогорулатуу боюнча 2 жылдык 150 адамга эсептелген 200мин долларлык проектти камсыз кылып, азыркы учурда акыркы баскычтагы иштер аткарылууда.
2024-жылдын 16-18 декабрында Линва инновациялык билим берүү фонду
"Адаптация жана лидерлик стратегиялары" боюнча анлис тилини программалоону
ишке ашыруу курсунун долбоорунун катышуучулары үчүн жыйынтыктоочу тренинг
өткөрдү.
Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тилинин
фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Тургунбаева
Бактыгуль Жээнмырзаевна жана улук окутуучу Н.Т.Усенова тренингге активдүү
катышып, сертификаттар менен сыйланышты.
16-18 декабря 2024 года Фонд Инновационного Образования Линва провел
заключительный тренинг для участников проекта Курса внедрения
программирования английского языка (EPIC) по Стратегиям адаптации и
лидерства.
Преподаватели кафедры фонетики и грамматики английского языка, института
ФиМК к.ф.н., доцент Тургунбаева Бактыгуль Жээнмырзаевна и старший
преподаватель Усенова Н.Т. были награждены сертификатами за активное участие
в тренинге.
On December 16-18,2024, the Lingua Foundation for innovative Education held
the final training for the participants of the English Programming
Implementation Course (EPIC) project on Adaptation and Leadership
Strategies.
Associate Professor of the Chair of English Phonetics and Grammar Baktygul
Turgunbaeva and senior instructor Usenova N.T. were awarded certificates
for active participation.
14.11.2024.Кафедрада пландаштырылган проекттерди ишке ашыруу максатында кафедранын ПО курамы менен талкуу болуп өттү.Талкуунун жыйынтыгында төрт проекттин аткарылуусу жооптууларга жүктөлдү.
12.12.2025. ОшМУнун ФжМАКинин Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Филология кафедрасы менен биргеликте туруктуу өнүгүүнүн максаттарын филология жана англис тилин окутуу процессине интеграциялоо максатында «Межкультурная коммуникация в цифровую эпоху: лингвистические и культурные барьеры» деген темада студенттер арасында 2025–2029-жылдарга карата долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу келишимге кол койду.
Долбоордун экинчи этабы учурда ийгиликтүү ишке ашырылып, студенттер изилдөө иштерин жүргүзүү үстүндө активдүү эмгектенип жатышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын 2026-жылдын апрель айында ОшМУда өтө турган эл аралык конференцияда чыгаруу мерчемделген.
12.12.2025. кафедра фонетики и грамматики английского языка ИФиМК Ошского государственного университета совместно с кафедрой филологии Международного университета «Ала-Тоо» подписали двустороннее соглашение о реализации проекта на 2025–2029 годы на тему «Межкультурная коммуникация в цифровую эпоху: лингвистические и культурные барьеры» , направленного на интеграцию целей устойчивого развития в преподавание филологии и английского языка.
В настоящее время успешно реализуется второй этап проекта, и студенты активно работают над проведением исследовательских работ. Подведение итогов исследований запланировано на апрель 2026 года в рамках международной конференции, которая пройдет на базе ОшГУ.
12.12.2025. the Department of English Phonetics and Grammar of the Institute of Philology and Intercultural Communications of Osh State University, in collaboration with the Department of Philology of Ala-Too International University, has signed a bilateral agreement to implement a project for 2025–2029 titled “Intercultural Communication in the Digital Era: Linguistic and Cultural Barriers.” The project aims to integrate the Sustainable Development Goals into the teaching of Philology and English.
The second phase of the project is currently being successfully implemented, and students are actively engaged in conducting research activities. The results of the research are scheduled to be presented in April 2026 at an international conference to be held at Osh State University.
Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун алдындагы “Полиглот” окуу борборунун базасында англис тили жана грамматика кафедрасынын демилгеси менен жаңы долбоор ишке киргизилди. Долбоордун негизги максаттары – коммерциялык багыттагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, инвестиция тартуу жана кийинки академиялык окуу жылына программадагы окутуучуларды англис тили боюнча даярдоо болуп саналат. Долбоорго катышуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана окутуу процессин заманбап талаптарга шайкеш жүргүзүү максатында кафедра өз күчү менен катышуучуларды актуалдуу жана замандын талабына жооп берген окуу китептери менен камсыздоого жетишти.











