ОшМУда – ИЛИМ ЖАНА ПРАКТИКА: ИЧКИ ГРАНТТЫК ДОЛБООРЛОР КӨРГӨЗМӨСҮ
30-октябрда Ош мамлекеттик университетинде ички гранттык долбоорлорго арналган илимий көргөзмө өттү. Бул иш-чара илим менен практиканын өз ара байланышына, жаңы идеялардын жана чыгармачылыктын өнүгүшүнө багытталган маанилүү платформа болду. Студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун сунуштап, билим берүү жана коомдук өнүгүүгө кошкон салымдарын көрсөтүштү. Көргөзмөдө илимий изилдөөлөрдүн ар түрдүү багыттары камтылып, катышуучулар тарабынан кызыктуу ойлор жана өзгөчө чечимдер сунушталды.
×











