2025-2026

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

2026-жылдын 18-мартында Информациялык - коммуникациялык дисциплиналар циклынын 230701 “Колдонмо информатика (ПИ)” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (АСОИУ)” адистиктеринин студентеринин ата-энелери менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаттары: • НКББПны талкулоо; • ОшМУнун жана STEM инновациялык колледжинин миссиясы менен тааныштыруу, жайылтуу; • Университет, колледждин социалдык тармактары менен тааныштыруу жана жайылтуу; • Myedu информациялык порталы менен тааныштыруу; • Студенттердин билими, жүрүм-туруму ж.б. талкулоо. Ата-энелер менен жолугушууга Баткен, Кадамжай, Чон-Алай, Алай, Ноокат, Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунан келишти. Жалпысынан жүз элүүдөй ата-эне катышты. Жолугушууда жогоруда коюлган максаттар талкууланып, сунуштар айтылды, анкеталар таркатылды. Жолугушуунун соңунда суроо-жооп уюштурулуп, мыкты студенттердин Ата-энелерине “Ыраазычылык каттар” берилди.



Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде 17-октябрында ата энелер менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуу алкагында коптогон маселелер талкууланып, университетибиздин жана аталган колледжибиздин миссиялары ата энелерге таанышуу болду.