Эл аралык тажрыйба алмашуу
МФТиИТ окутуучулары дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илимий стажировкалардан өтүп, эл аралык долбоорлорго катышып, институттун илимий жана академиялык потенциалын жогорулатууга чоң салым кошуп келишет. Төмөндө акыркы жылдардагы маанилүү эл аралык иш сапарлар келтирилген.
Белгилүү илимпоздор
- К.А. Алымкулов — УИАнын мүчө-корреспондент
- Г.М. Матиева — эл аралык илимий долбоорлордун жетекчиси
Европа
- Профессор А.М. Сайипбекова — европалык долбоорлорго катышуу
Түркия
- Доцент К.Г. Кожобеков — стажировка
- Доцент Г.С. Ободоева — Карс университетинде тажрыйба алмашуу
Россия
- Н. Аркабаев — Томск ТУ стажировка
- А. Кудуев — Томск ТУ стажировка
АКШ
- Ж.А. Артыкова — Нью-Йорк шаарында илимий сапар
Студенттердин эл аралык мобилдүүлүгү
МФТиИТ студенттери чет өлкөлөрдөгү өнөктөш университеттерде академиялык алмашуу, стажировка жана билим алуу программаларына активдүү катышышат. Ошол эле учурда институтта Түркия, Россия, Өзбекстан, Тажикистан өңдүү өлкөлөрдөн студенттер келип билим алышат, бул көп улуттуу академиялык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.
| Багыт | Университет | Өлкө |
|---|---|---|
| Чет өлкөгө чыккан студенттер | Аксарай мамлекеттик университети | Түркия |
| МФТиИТке келген студенттер | Өзбекстан мамлекеттик университеттери | Өзбекстан |
| Россиянын университеттери | Россия | |
| Тажикистан университеттери | Тажикистан | |
| Аксарай, Карс, Невшехир университеттери | Түркия |
Эл аралык илимий кызматташуу
МФТиИТ институту илимий-изилдөө иштеринде республиканын жана чет өлкөлөрдүн бир катар алдыңкы университеттери жана илимий борборлору менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүп келет. Бул кызматташтык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, окутуучулардын жана аспиранттардын илимий потенциалын жогорулатууга, ошондой эле академиялык байланышты күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
| № | Окуу жай / илимий борбор | Өлкө |
|---|---|---|
| 1 | РФ Илимдер академиясынын математика институту | Россия |
| 2 | КР Улуттук илимдер академиясынын математика институту | Кыргызстан |
| 3 | Өзбекстан ИАнын математика жана IT технология институту | Өзбекстан |
| 4 | Новосибирск мамлекеттик университети (НГУ) | Россия |
| 5 | Томск мамлекеттик университети | Россия |
| 6 | Томск техникалык университети (ТПУ) | Россия |
| 7 | Караганда техникалык университети | Казакстан |
| 8 | Санкт-Петербург мамлекеттик университети | Россия |
| 9 | Казакстан Улуттук университети | Казакстан |
| 10 | Кыргыз Улуттук университети (КУУ) | Кыргызстан |
| 11 | И. Арабаев атындагы КМУ | Кыргызстан |
| 12 | КРСУ атындагы университети | Кыргызстан |
| 13 | КТУ атындагы университет | Кыргызстан |
| 14 | Фергана мамлекеттик университети | Өзбекстан |
| 15 | Ташкент мамлекеттик университети | Өзбекстан |
| 16 | Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети | Өзбекстан |
| 17 | Тажикистан мамлекеттик университеттери | Тажикистан |
| 18 | Невшехир университети | Түркия |
| 19 | Кафкас университети (Карс) | Түркия |
| 20 | Аксарай университети | Түркия |
| 21 | Гарвард университети | АКШ |
| 22 | Портленд университети | АКШ |
Негизги багыттар
МФТиИТ институтунун эл аралык кызматташтыгы бир топ маанилүү стратегиялык багыттарды камтыйт. Бул багыттар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграцияланууга жана студенттер менен окутуучулардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзөт.
— Академиялык мобилдүүлүк – студенттердин жана окутуучулардын чет өлкөлөрдө билим алып,
тажрыйба топтоосу үчүн алмашуу программаларын ишке ашыруу.
— Эл аралык өнөктөштүк – алдыңкы университеттер жана илимий борборлор менен
биргелешкен долбоорлорду, илимий байланыштарды жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү.
— Илимий долбоорлор – Erasmus+, Mevlana, Orhun жана башка программалардын алкагындагы
эл аралык гранттык долбоорлорго катышуу.
— Биргелешкен илимий изилдөөлөр – чет өлкөлүк окумуштуулар менен кызматташып,
илимий макалаларды, изилдөөлөрдү жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу.
— Эл аралык конференциялар жана форумдар – окутуучулар менен аспиранттардын
дүйнөлүк илимий жыйындарга катышуусун уюштуруу.
— Билим берүү программаларын интернационалдаштыруу – окуу пландарын эл аралык
стандарттарга ылайык жаңылоо, англис тилиндеги курстарды кеңейтүү.
— Чет өлкөлүк студенттерди тартуу – жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн
студенттерди кабыл алуу, көп улуттуу академиялык чөйрө түзүү.
Бул багыттар институттун эл аралык аброюн жогорулатууга, студенттердин дүйнөлүк билимге жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана окутуучулардын илимий потенциалын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Киришүү
Эл аралык кызматташтык – Институттун стратегиялык өнүгүүсүндөгү эң маанилүү багыттардын бири. Математика, физика, техника жана информациалык технологиялар институту дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине активдүү интеграцияланып, алдыңкы чет өлкөлүк жана регионалдык университеттер менен туруктуу өнөктөштүк мамилелерди кеңейтип келет.
Институттун эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – студенттерге жана окутуучуларга сапаттуу эл аралык билим берүү программаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, илимий потенциалды жогорулатуу жана глобалдык академиялык мейкиндик менен үзгүлтүксүз алака түзүү.
МФТиИТ студенттик жана окутуучулук мобилдүүлүк программаларын активдүү ишке ашырат, илимий стажировкаларды, биргелешкен изилдөөлөрдү, эл аралык семинарларды жана конференцияларды уюштурат. Ошондой эле институт Erasmus+, Mevlana, Orhun сыяктуу эл аралык программалардын алкагында өнөктөштүк долбоорлорду ишке ашырууда.
Институттун эл аралык кызматташтык стратегиясы төмөнкү багыттарды камтыйт:
— билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык аккредитацияга багыт алуу;
— өнөктөш университеттер менен академиялык жана илимий байланыштарды кеңейтүү;
— эл аралык билим берүү программаларын диверсификациялоо;
— студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгүн колдоо;
— биргелешкен илимий долбоорлорду, публикацияларды жана инновацияларды өнүктүрүү;
— глобалдык академиялык коомчулук менен тыгыз интеграциялануу.
Институттун заманбап инфраструктурасы, эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иш алып баруусу, академиялык жана илимий потенциалды жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз аракеттери — атаандаштыкка жөндөмдүү, дүйнөлүк талаптарга жооп берген адистерди даярдоого бекем негиз түзөт.
Факультеттин илимий жамааты, аспиранттары єздєрїнїн илимий иштерин аткарууда республиканын жана чет єлкєнїн тємєндєгї окуу жайлары менен тыгыз байланышта болуп келе жатышат: РФ ИАнын математика институту, КР ИАнын математика институту, Єзбек Республикасынын ИАнын математика жана IT технология институту, Новосибирск, Томск университеттеринин математика жана механика факультеттери, Томск техникалык университети, Караганда техникалык университети, Ташкент мамлекеттик университети, Урал техникалык университети, Кыргыз Улуттук Университети, Фергана мамлекеттик университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети, Казакстан Улуттук университети, БАТМУ, КЄУ, ММУ, ТашМУ, ОшТУ, Гарвард университети, Портленд университети, НГУ ж.б.
Факультеттин профессорлору: Кыргыз Республикасынын УИАнын мїчє-корреспонденти, ф.-м.и.д. К.А.Алымкулов, “Алгебра жана геометрия” кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д. Г.М.Матиева жетекчилик кылган 2 багыттагы илимий-изилдєє иштери КРнын Билим берїї жана илим министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен каржыланып ийгиликтїї иштеп келїїдє. Проекттин алкагында агай-эжекелер, аспиранттар жана студенттер Корея, Россия, Казакстанда ж.б. чет мамлекеттерде илимий конференцияларга катышуу максатында илимий сапарларда болуп келишти.
2012-2015 ТEMPUS EDUCAнын “Модернизация и развитие образовательных программ по педагогике и образовательному менеджменту в странах Центральной Азии” аталыштагы проект боюнча Сапат департаментинин директору, профессор, п.и.к. М.А.Алтыбаева, “МИОТжББМ” кафедрасынын башчысы, доцент А.Дж.Аттокурова, доцент А.О.Келдибекова, окутуучу Э.Авазова иштешти. Натыйжасында математика адистеги їчїн жаўы окуу пландары, НББП тїзїлдї жана «Агартуу Академиясы» лабораториясы ачылды.
“Информатика” кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д. А.М.Сайипбекова “EAST Horizont” аттуу проект менен 2015-2017ж.ж. иш алып барып жатат. Проекттин негизинде Греция, Португалия, Грузия, Белоруссия, Азербайджанга илимий иштери менен барып келди.
Мевлана программасы боюнча Тїркия мамлекети менен студенттердин жана окутуучулардын мобилдїїлїгї ишке ашырылып жатат. ОшМУнун жана Туркиянын университеттеринин арасындагы келишимдин негизинде тажрыйба алмашуу максатында 2014-2015 окуу жылында Туркиянын Невшехир шаарындагы Невшехир университетинде ОИДдин директору, “Программалоо” кафедрасынын доценти Кожобеков К.Г., Карс шаарындагы Кафкас университетинде 2015-2016 окуу жылында “Информатика” кафедрасынын башчысы, доцент Ободоева Г.С. окутуучуларыбыз тажрыйба алмашуу максатында иштеп келишти. Ал эми экономикадагы колдонмо информатика адистигинде окуган студент Токторова Наргиза 2015-2016 окуу жылынын 1-жарым жылдыгында Аксарай шаарындагы Аксарай университетинде ийгиликтїї окуп келди.
Ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУ, КТУ, КГУСТА, КРСУ менен студенттердин мобилдїїлїгї боюнча келишимдер тїзїлїп, иштеп жатат. “Информатика” кафедрасынын доценти Ж.А.Артыкова Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында иш сапар менен болуп келген. Томск техникалык университетинин жарыяланган сынакта гранттарды утуп алып программалоо кафедрасынын ага окутуучусу Н.Аркабаев, ИТАС кафедрасынын окутуучусу А. Кудуев 6 ай стажировкада болуп келишти.
Жакынкы чет мамлекеттердин, тагыраак айтканда Россия, Єзбекистан, Тажикистан, ошондой эле Тїркиянын жарандары факультетибизде билим алышууда.











