НАУЧНЫЕ КОНФЕРЕНЦИИ, СЕМИНАРЫ
2025-жылдын 2-октябрында Асанов Азизбек Кыпчакович профессор Ешиев Абдыракман Молдалиевичтин жетекчилиги алдында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өзүнүн кандидаттык диссертациясын жогорку деңгээлде ийгиликтүү коргоду. Бул окуя – илим жолундагы чоң эмгектин, үзүрлүү изденүүнүн жана тынымсыз аракеттин жемиши болуп, анын кесиптик чеберчилигин, терең билимге жана илимий изилдөөгө болгон берилгендигин даңазалайт. Асанов Азизбек Кыпчаковичтин бул жетишкендиги — илимге кошулган салымы катары бааланып, жаш окумуштуулар үчүн үлгү болуп саналат.