международный семинар в Ташкенте
2025 жылдын 6-13 ноябрь айында Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдуганы Абдурасулов Ташкент шаарында болуп Мал чарба жана канаттуулар илим изилдөө институтунда Кореянын КОПИЯ борборунун колдоосунда өткөн “Уйлардын эмбриондорун которуунун технологиясы” деген темадагы Эл аралык семинарга катышып, Кыргызстандын мал чарбасынын жетишкендиктери боюнча презентация жасады.
Иш сапардын алкагында Самарканд мамлекеттик ветеринардык медицина, мал чарбасы жана биотехнология университетинин Ташкенттеги филиалында болуп студенттерге конок лекция окуду.
Ташкент мамлекеттик агрардык университетинин 95 жылдык маарекесине катышып, презентация жасап, мал чарбасы, аарычылык боюнча биргеликте аткарууга илимий долбоорлордун пландарын талкуулашты.
Ошондой эле ТОП-500 кирген Улуттук изилдөө университетинин “Ташкент ирригация инженери жана айыл чарбасын механизациялоо институтунда” (Национальный исследовательский университет «Ташкентский институт инженеров ирригации и механизации сельского хозяйства») болуп Эл-аралык бөлүмүнүн башчысы менен Келишим түзүүгө келишимдин долбоорун жана QS рейтинги боюнча эксперттердин өз ара колдоосун талкуулашты.

" style="max-width: 2000px" >