Насирдин Исанов эгемендүү Кыргыз Республикасынын тунгуч Премьер-министри
ОшМУ НТИИ

Ош мамлекеттик университетинин Н. Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект институту

Н.Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект илим-изилдөо институту ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы чечиминин негизинде ректордун буйругу менен түзүлгөн. Институт илим-изилдөө, билим берүү, долбоорлоо жана өндүрүштүк-коммерциялык ишмердикти нанотехнология жана жасалма интеллект тармактарында жүргүзгөн университеттин структуралык бөлүмү болуп саналат. Институттун максаты илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн жана колдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын(КР) экономикасынын реалдуу секторун илимий-техникалык камсыздоо, реалдуу сектордун кызыкчылыгында илимий долбоорлорду иштеп чыгуу жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо эсептелет. Коюлган максатты ишке ашыруу максатында Институт төмөнкү милдеттерди аткарат: -колдонмо жана издөөчүлүк илимий изилдөөлөр жаатында КР экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүнү илимий камсыздоо; -экологиялык коопсуздуктун аспекттерин эске алуу менен практикалык максаттарга жетүү жана конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн нанотехнология жана жасалма интеллект жаатындагы жаңы билимдерди колдонууга багытталган изилдөөлөр; - илим, билим берүү жана өндүрүштүк иштин биримдигин жана өз ара байланышын камсыз кылуу; - Өлкөнүн улуттук экономикасынын артыкчылыктуу милдеттерин чечүү үчүн институттун (университеттин) илимий потенциалын натыйжалуу пайдалануу; - Республиканын рыногуна жана дүйнөлүк рынокко багытталган илимий продукцияны жана атаандаштыкка жөндөмдүү технологияларды түзүү максатында нанотехнологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү; -нанотехнологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы илимди бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн негизи катары изилдөөчүлөрдүн жана иштеп чыгуучулардын интеллектуалдык менчигин жана автордук укуктарын коргоо үчүн шарттарды түзүү; -илим жана билим берүүнүн дүйнөлүк системасына кирүү жана илимий продукцияны биргелешип иштеп чыгуу максатында чет өлкөлөрдүн окуу жайлары, илимий борборлору жана фирмалары менен эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү; - жаңы технологияларды, заманбап түзүлүштөрдү жана приборлорду киргизүү менен ведомстволук жана региондук концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана механизмдерди иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү.